Орусияда борбор азиялыктар иштеген «Яндекс.Еда» сервисине 1 миллион рубль айып тагылды.
Москвада «Яндекс.Еда» компаниясы мигранттарды мыйзамсыз иштеткени үчүн жоопко тартылууда.
Орусиянын ИИМнин миграция башкармалыгы компания чет өлкөлүктөрдү ишке алууда мыйзам бузганын аныктаган.
«Яндекс.Еда» Арбитраждык сотко кайрылып, бул чечимди жокко чыгарууга аракет кылган. Бирок 19-июлда сот компаниянын арызын кароодон баш тартканы маалым болду.
Эми «Яндекс.Еда» ачык акционердик коому 1 миллион рублга чейин айып төлөп же ишмердүүлүгүн үч айга чейин убактылуу токтотушу мүмкүн.
«Яндекс.Еда» сервиси Орусиянын 30 шаарында кызмат көрсөтөт. Былтыркы маалымат боюнча 8 миң ресторанды тейлеп, тамак-ашын кардарларга жеткирип турат.
Анда ортомчу агенттиктер аркылуу он миңдеген адам курьер болуп иштейт.
Азыр компания өзү сервис катары бир гана маалыматтык кызмат көрсөтө турганын, курьерлерди өнөктөштөрү ишке кабыл аларын айтып, жоопкерчиликтен баш тартууда.
Юристтер курьерлер ортомчу агенттиктер аркылуу жалданып иштеген менен алар компаниянын формасын кийип, онлайн тиркемелерин колдонуп, тапшырмасын аткарганы үчүн мыйзам чегинде бул мигранттардын компания менен эмгек мамилесин тастыктарын белгилешет.
Москвада «Яндекс.Еда» сервисинде бери дегенде 2,5 миңдей кыргызстандык иштейт.
Үч айдан бери курьер болуп жүргөн Нурсултан эмгек келишими «Яндекс.Еда» менен эмес, ортомчу агенттик менен түзүлгөнүн айтты.
"Ушул жылдын апрель айынан бери иштейм. Башында жөө басып жүргөндөн кыйналчумун, азыр көнүп калдым. Күнүнө 1,5-2,5 миң рубль алабыз. 10-12 сааттан иштейм. «Яндекс» менен келишим түзбөй эле, атайын курьердик кызмат аркылуу ишке киргем. Кыргыздар аябай көп. "WhatsАpp" аркылуу сүйлөшкөн чаттарыбыз бар".
Нурсултандын айтымында, «Яндекс.Еда» жумушчуларга эч кандай жоопкерчилик албайт.
"Юридикалык жактан «Яндекс» курьерлерге адилетсиз мамиле кыларын билбейт экенбиз, түшүнүп эле турабыз. Жумуш оңой эмес. Бирок кара жумушка караганда жакшыраак деп, айла жок иштеп жатабыз. Бизде тобокелдик көп. Жолдо курьерлерди сүзүп кетет, көчөдөн сабап, тоноп кеткен учурлар болот. Бирок, мен бир да жолу жабыркаган жумушчуга компания жардам бериптир же жоопкерчилик алыптыр дегенди уккан эмесмин. Медициналык камсыздоо, эс алууга чыгуу, ашыкча иш сааты үчүн төлөө деген түшүнүктөр жок".
16-апрелде Санкт-Петербургда «Яндекс.Еда» сервисинде курьер болуп иштеген кыргызстандык Артык Орозалиев иш маалында каза болгон. Ал ошол күнү велосипед менен он саат бою тынбай тамак ташып иштеген. Медициналык экспертиза 21 жаштагы жигиттин жүрөгү ашыкча чыңалууну көтөрө албай токтоп калганын көрсөткөн.
Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, «Яндекс.Еда», Delivery Club сыяктуу сервистерде курьер болуп иштегендер социалдык тармак аркылуу иштин оордугуна арызданып чыгышкан. Андан кийин Эмгек боюнча мамлекеттик инспекция текшерүүлөр башталганын кабарланган.
Борбор азиялык мигранттар иштеген «Яндекс.Еда» сыяктуу сервистин административдик жазага тартылышынан кийин тейлөө тармагындагы башка жумуш берүүчүлөргө да текшерүү күчөй турганын божомолдогондор бар.
«Чет өлкөлүктөргө компанияга жумушка орношуу оорлойт, ишке керектүү документтердин талабын көбөйтүп коюшу мүмкүн. Айлыкты азайтып, шартын оорлотуп, бардык жактан кысып коёюшу мүмкүн», - деди Нурсултан.
Орусияда жумуш берүүчү юридикалык тараптарга жумушчу-мигранттар үчүн жоопкерчилик быйыл январь айында күчөтүлгөн. Административдик мыйзам бузуулар Кодексинин 18-бөлүмүнө өзгөртүү киргизилип, мигрантты тиешелүү уруксаты жок жумушка алуу, аны менен эмгек келишимин түзбөө, чет өлкөлүк жумушчу тууралуу органдарга кабар бербөө сыяктуу эреже бузуулар үчүн административдик жаза катаалдашкан.
Июлда Санкт-Петербургдун ашканасында Өзбекстандын жараны кыргыз паспорту менен мыйзамсыз иштеп жатканы аныкталып, сыракана түйүнү 1 миллион рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилген.