Соңку жылдары волейбол ойногон кыз-келиндердин катары калыңдоодо. Топко, ишке, үйгө да убакыт тапкан айымдар волейболду жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары эсептешет. Алардын көбү спорттун бул түрүнө турмуштан ордун таап, токтолуп калган кезде кайтып келишкен.
Борбор Азия
ишемби 3 Август 2019
Каракалпакстандын баш калаасы Нүкүс шаарындагы Савицкий музейине директорлукка Москвадагы Рерих музейинин директору Тигран Мкртичев тандалды. Өзбекстанда “Чөлдөгү Лувр” деген ат менен таанылган Нүкүс мамлекеттик искусство музейи соңку жылдары талаштын чордонунда болуп, анын жаңы жетекчиси быйыл 4-июлда расмий жарыяланды.