Улуттук телерадио корпорацияны реформалоо, коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу Кеңеш ишин баштабай жатып ыдырап кеткени белгилүү. Ага Байкоочу Кеңештин 8 мүчөсү өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тартышы себеп болгон. Ушундан улам кворум болбой, Байкоочу Кеңеш чечим кабыл ала албай калган. Бирок анын калган мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, Байкоочу Кеңештин иши токтобогондугун билдиришти. Ошондой эле алар өлкө башчысына өзү сунуштаган төрт мүчөнүн ордуна башка адамдарды Байкоочу Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткаруучу кылып дайындоо өтүнүчү менен кайрылаарын айтышты.
Мурдагы премьер-министр, «Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов бүгүн массалык маалымат каражаттарына билдирүү менен чыгып сүйлөдү. Ал шайлоо кодексине партиялар аймактардан 0,5 пайыз добуш алышы керек деген чек киргизилиши конституцияга каршы келээрин белгилеп, учурда өлкөдө Конституциялык сот жана мыйзам чыгаруу бутагы иштебей тургандыгын, мындай шартта шайлоонун демократиялык өтүшү чоң күмөн туудурарын баса белгиледи. Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү Феликс Куловдун мындай пикирлерине макул эмес.
Кыргызстанда бул күндөрү сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилүүдө. «Эл душманы» жарлыгы тагылган кыргыз элинин ошол кездеги чыгаан уулдары, тунгуч агартуучулары 1938-жылы дал ушул күндөрү атылып, алардын сөөгү Бишкектин өйдө жагындагы Чоңташ айылына жакын жердеги бир чуңкурга чогуу көмүлгөн. Андан элүү үч жылдан соң табылган маркумдардын сөөгү 1991-жылы кайра жерге берилип, бул жай «Атабейит» деп аталган. Бүгүн ошол «Атабейит» комплексинде сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү расмиси өттү.
Бишкекте бүгүн Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына байланышкан чукул жыйын өттү. «Жарандар коррупцияга каршы», «Кылым шамы» укук коргоо борборлору жана «Журналист» коомдук бирикмеси баштаган уюмдар уюштурган бул жыйында учурда өлкөдө сөз эркиндиги кооптуу абалда экени айтылды. Ошондой эле журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшү буга далил экени белгиленип, анын өлүмүнө байланышкан тергөө иштерин калыс жүргүзүү талабы коюлду.
Өткөн жумада Бишкекте Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек араларын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияларынын жолугушуусу өттү. Үч тараптуу бул сүйлөшүүдө негизинен үч өлкө чек арасынын тогошкон чекитин аныктоо маселеси каралды. Мындай сүйлөшүү үч өлкө ортосунда алгач ирет өтүүдө.
Учурда Кыргызстанда 16-декбарга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоого даярдык күч. Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ шайлоого баруу ниетин билдирген 50 партиянын акыркыларынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттап бүтүп, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 26-ноябрда башталаарын жарыялады. Бул арада айрым байкоочулар алдыдагы шайлоо калыс жана адилет өтөөрүнөн эмитен эле күмөн санай башташты.
Ушул айдын жыйырма бирине белгиленген референдум кыргыз коомчулугунда бир топ талаш-тартыштарды пайда кылууда. Жогорку Кеңеш кечээ кабыл алган токтомунда президентке референдумду артка жылдырууну сунуштады. Бирок, ошол эле учурда көпчүлүк саясатчылар буга макул эмес. Айрым талдоочулар болсо бул референдум мыйзамсыздыгын, анын жыйынтыгы дагы бир канча жылга созулчу талаш-тартышка алып келээрин айтышууда.
Жогорку Кеңеште бүгүн Конституциялык Соттун ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагы угулду. Анда комиссия төрагасы Азимбек Бекназаров соңку 17 жылда өлкө Конституциясы Конституциялык Соттун колдоосу менен президенттин пайдасын көздөп, улам жокко чыгарылып жатканына токтолуп, өлкөдөгү саясий укуктук баш аламандыкта Конституциялык Соттун салымы чоң экенин белгиледи. Ушул эле күнү Конституциялык Сот төрайымы Чолпон Баекова президентке кат жолдоп, Жогорку Кеңештин бүгүнкү токтомун конституциялык түзүлүштүн негиздерине доо келтирген кадам катары баалады.
Жогорку Кеңеш бүгүн быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул долбоорго ылайык, нан азыктарынын баасын турукташтыруу үчүн бюджетке кошумча 750 миллион сом киргизилет. Мыйзам долбоору боюнча парламентке каржы министринин орун басары Канат Асанкулов маалымат берди. Бирок депутаттардын көпчүлүгү анын жоопторуна канааттанбаганын айтышып, министрлик бул акчаны иштетүүнүн жолдорун иштеп чыкпаганы үчүн сынга алышты.
Конституциялык сот 14-cентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Мелис Эшимканов менен Кабай Карабековдун былтыркы ноябрь жана декбарь конституцияларын кабыл алуунун мыйзамдуулугу боюнча арызын карап, кечке жуук чечимин чыгарды. Эки депутат баш мыйзамдын бул редакциялары мыйзамсыз кабыл алынганын айтышып, жокко чыгаруу талабын коюшкан эле. Натыйжада конституциялык сот эки депутаттын арызын канааттандырды. Ошентип Кыргызстан эми автоматтык түрдө март ыңкылабына чейин, 2003-жылы кабыл алынган баш мыйзамга кайтып келди.
Аксы окуясын иликтеген парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Дооронбек Садырбаев бүгүн комиссиянын тыянагына кол коюлганын билдирди. Депутат бүгүнкү маалымат жыйынында комиссиянын иши боюнча 14-сентябрь күнкү парламент жыйынында кеңири билдирүү жасаарын дагы бир жолу жар салды. Дооронбек Садырбаев ошондой эле азыркыдай шартта Аксы окуясына Кыргызстанда эч качан чекит коюлбасын, бул иш эл аралык сотто каралса гана аягына чыгаарын билдирди.
3 миңдей адамдын өмүрүн алган 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы ири террордук чабуулга эртең алты жыл толот. Адамзаттын үшүн алган бул окуядан кийин дүйнө жүзүндө террорчулукка каршы катаал күрөш башталган. Талдоочулар бул каргашалуу күн дүйнө жүзүнө олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келгенин белгилешүүдө. Анын таасири Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок. Дүйнө коомчулугунда азыр бул окуядан кийинки өзгөрүүлөр боюнча түрдүү пикирлер айтылууда. Мындай пикирлер кыргыз коомчулугунда да жок эмес.
7-сентябрда Коопсуздук Кенешинин жыйыны өтүп, анда чек ара коопсуздугу жана өлкөдөгү диний кырдаал талкууланды. Чек ара коопсуздугуна байланышкан маселеде кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек араларынын ушул күнгө дейре тактала электигинен көптөгөн талаштуу маселелер чыгып жатканы, чек ара аймактарында абал талкууга алынды. Жыйында өлкө президенти бул маселелерди кошуналар менен сүйлөшүү аркылуу гана чечүү зарылдыгын белгилеп, бул боюнча жергиликтүү бийликтерге жана тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.
Адам укуктары боюнча президент алдындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун «Адилет» укуктук клиникасынан эми мурда сын айткан маалымат каражаттары аркылуу кечирим сурашы керек. Бишкектин Свердлов райондук сотундагы кечээки соттук териштирүүдө тараптар ушундай чечимге келишти. Турсунбек Акун июль айында өткөн бейөкмөт уюмдардын форумунда «Адилет» сыяктуу айрым уюмдар тыштан алган каражатын саясий иш чараларга жумшады деген мааниде билдирүү жасаган эле. Аталган уюмдун башчысы Чолпон Жакупова бул билдирүү уюмдун аброюна шек келтирди деп сотко кайрылган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-апрель окуясына катышты деп айыпталып жаткан Эркин Акназаровду төрт жарым жылга, ал эми Жолдошбек Абдиевди төрт жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын адвокаттары бул өкүмгө макул эместигин, шаардык сотко аппеляциялык арыз жолдоноорун билдиришүүдө.
Бишкекте бүгүн Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү менен Камеко корпорациясынын ортосундагы сүйлөшүүнүн кезектеги отуруму башталды. Аталган кен боюнча келишимди кайра карап чыгуу максатындагы бул сүйлөшүүлөр ушул жылдын башынан бери жүрүүдө. Буга чейинки отурумда кыргыз тарап канадалыктарга 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну сунуштаган. Бул жолку отурумда бул маселе боюнча сүйлөшүү уланмакчы.
Казакстанда бүгүн кезексиз парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бүгүнкү шайлоодо парламенттин төмөнкү палатасына 107 депутаттын 98и пропорционалдык система менен шайланышы керек. Өлкөдө мындай партиялык тизме менен шайлоо алгач ирте өтүп, ага 7 саясий партия катышууда. Көпчүлүк байкоочулар президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур отан” партиясы бүгүнкү шайлоодо Мажилистин төмөнкү палатасындагы көпчүлүк добушка ээ болоорун божомолдошууда.
Бишкекте 16-августта өтчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине даярдык күч. Анын алдында коопсуздук чаралары да күчөтүлүп, эмки дүйшөмбүдөн тарта милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүүдө. Ошондой эле борбор калаага кирүүгө чектөөлөр коюлуп, шаардын борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турмакчы. Бүгүн да Бишкекте саамитке карата ички иштер министрлигинин негизги машыгуусу өтүп, ал учурда шаардын борбордук көчөлөрү жабылып турду. Жолдордун минтип жабылып калышы шаар тургундарын кыжаалат кылууда.
Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитине бир жумадай убакыт калды. Учурда саммитке даярдык иштери негизинен аяктап, жыйынга кайсы өлкөлөрдүн президенттери келээри аныкталды. Бул уюмдун Бишкек саммитинин күн тартибине кайсы маселелер кирет, анда кандай документтерге кол коюлат?
Беш кылмыш иши боюнча айып тагылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Ош облусунун губеранторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз бойдон калды. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бүгүн Бишкек шаар сотунда каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Айрым саясатчылар болсо губернатор орун басарынын камалышын саясий себептер менен байланыштырууда.
Дагы жүктөңүз