Жогорку Кеңеш кечээ кабыл алган токтомунда өлкө президентине парламент жакында кабыл алган "Референдум тууралуу" мыйзамга кол коюуну тездетүүнү жана мына ушул мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында 21-октябрга дайындалган жалпы элдик референдумду өткөрүүнү кечирек мөөнөткө жылдырууну сунуштады. Бирок коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү эми андай сунуштан майнап чыкпасын, референдум жарыяланган убактысында өтөөрүн белгилешүүдө. Саясат таануучу Карыбек Байбосунов да эми артка чегинүүгө болбойт деген пикирде:
- Эгерде конституциялык реформаны тезирээк жүргүзөлү, саясий жараяндарды ылдамдатып, бир калыпка келели десек референдумду улам-улам кылчактатып, артка жылдыра берген болбойт. Мамлекеттик келечектеги моделин ушул конституция аркылуу элдин үнү менен бекитип алышыбыз керек. Эгерде бул жолу артка чегинсек стабилдүүлүк бузулат.
КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев болсо референдум кыска мөөнөттө жарыяланышы талаш туудуруп жатканы менен аны өткөрүү учур талабы деп эсептейт:
- Кыска мөөнөттө эле шашылыш референдум жарыяланганы азыр өтө көп талаш-тартыш туудуруп жатат. Бирок бул мезгилдин талабы, анткени конституциялык сот менен Жогорку Кеңеш тирешип турган учурда саясий кризисти жою үчүн референдум жарыяланышы менимче туура.
Бирок, башка талдоочулар референдум саясий кризисти жойбой, анын жыйынтыгы тескерисинче кайры кырдаалды курчутушу ыктымалдыгын айтышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов да кечээ президентке кат жолдоп, референдумду артка жылдырууну жана ага коюлуп жаткан баш мыйзамдын долбооруна атаандаш долбоор даярдоону сунуштады. Депутат бул катында референдумга жол ачкан конституциялык соттун чечими мыйзамсыз экенин, бул референдумдун жыйынтыгы көп жылдык талашка негиз болуп калышы ыктымалдыгын белгилеген.
«Ата Мекен» партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев болсо референдумга сунушталган баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилгенин азыр эл анча аңдабай жатканын айтат:
- Чынында мыйзамдар бузулуп жатат. Түшүнүксүз система элге коюлууда. Президенттин бетке кармаганы эле партиялык тизме менен түзөм дегени белгилүү. Калганы президент супер-президенттик ыйгарым укуктарды алып, жоопкерчилиги жок системаны түзүү аракетинен эл кабардар эмес. Ошону азыркы оппозиция, саясатчылар элге жеткирүү керек.
Учурда айрым талдоочулар эгер референдум адилетсиз, басым кысым менен өтсө өлкөдө саясий кырдаал курчуп кетиши мумкунудугун болжошууда. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу болсо мындай божомолдорго кошулбайт.
- Менимче абал курчубайт. Себеби азыр оппозиция да шайлоого даярданууда азыр. Угушума караганда, а түгүл оппозициялык партиялардын партиялык тизмелери да даяр болуп, бул жагынан алдыда экен. Ошондуктан кырдаал курчубайт деп айтсак болот.
Ошентип алдыдагы референдум боюнча кыргыз коомчулугунда ушундай ар кыл пикирлер айтылууда. «Ата Мекен» партиясы болсо жакында тараткан билдируусундо референдум өткөндөн кийин анын жыйынтыктарын бир айдын ичинде Жогорку Кеңеш карап чыгып, мыйзамсыз деп табышы мүмкүндүгүн, ал баш мыйзамга каршы келген конституциялык эмес мыйзамдын негизинде өткөнү жаткандыктан ушундай тагдыр күтүп жатышы ыктымалдыгын эскертти.