Айрым саясатчылар бул окуядан соң кубаттуу делген өлкөлөр Борбор Азияга өзгөчө көңүл буруп, геосаясий өнүгүүнүн жаңы багыты айкындалганын айтышууда. Ошол каргашалуу 11-сентябрдан көп өтпөй Кыргызстанда да АКШнын авиабазасы жайгашканы белгилүү. Мурдагы тышкы иштер министри, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов бул авиабаза Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга зор салым кошуп жатканын, Ооганстандагы азыркы абал дале кыйын болгону менен бирок өз кызыкчылыгын көздөгөн түрдүү майда топтордун баш аламан саясаты жүргөн 2001-жылга чейинки абал менен салыштырууга болбостугун белгилейт. Аликбек Жекшенкулов ошондой эле террорчулукка каршы коалициянын бул аймакта активдүү иштеп жатышы Кыргызстандын коопсуздугуна да жакшы таасир тийгизип жатканын айтат:
- 11-сентябрдан кийин жалпы дүйнөдө, анын ичинде Борбор Азияда да көп өзгөрүүлөр болду, коопсуздук бекемделип, терроризмге каршы конкреттүү иш чаралар жүрүп жатат. Кыргызстандын коопсуздугуна, айрыкча чек ара маселесин алганда антитеррордук коалициянын бул аймакта активдүү иштеп жатканы жакшы таасир тийгизүүдө.
Саясат таанучу Токтогул Какчекеев болсо 11-сентябрдагы окуя бүткүл дүйнөнү терроризмге каршы чара көрүүгө мажбурлады дейт:
- 11-сентябрдан кийин терроризмдин жаңы эрасы ачылды десек болот. Бул окуя террордун күчүн, кубатын, мүмкүнчүлүгүн көрсөттү. Ошентип бул окуя бүткүл дүйнөнү терроризмге каршы күрөшүүгө мажбурлап отурат.
Токтогул Какчекеев ошондой эле бул окуядан кийинки өзгөрүүлөр боюнча азыр эки ажырымдагы көз караштар пайда болгонуна, ага ислам өлкөлөрүн басмырлаган мамилелер себеп болуп жатканына токтолот:
- Бир тараптуу, бир беткей иштер жүрүп жаткандыктан 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кийин дүйнөдөгү геосаясаттын негизги тармактары бөлүнүп кетти десек болот. Терроризмге каршы азыр батыш өзүнчө, чыгыш өзүнчө күрөшүп, терроризмди бетке жамынуу менен керек болсо экспансиялык саясатты жүргүзүп, керек болсо исламдын даража-тарыхын басмырлоо аракети болуп жатат десек жаңылбайбыз.
Кыргызстан Ислам университетинин ректору, Абдишүкүр Нарматов болсо террочулукка каршы күрөшүү шылтоосу менен АКШнын бомба чабуулдарын жасашын жаңылыш саясат катары баалайт:
- АКШ ошончо кубаты, мүмкүнчүлүгү акчасы, аскери менен кылмышкер, террорист деп эсептеген Усама бин Ладенди тутуп жазалаган жок да, Ооганстанды, карапайым элди бомбалады. Дүйнөлүк мыйзамда да, шариятта да, ошол эле христиан дининде да ар бир күнөөкөр өз ишине өзү жооп бериш керек. Бирок ошол кезде карапайым элди бомбалашы бул Американын чоң жаңылыштыгы.
АКШдагы ири террордук чабуулдан кийин дүйнө өлкөлөрү террорчулукка каршы күрөш жарыялаган. Бирок ошого карабай террор запкысын дале бир катар өлкөлөр тартып келет. Маселен, узаган аптанын соңку күндөрүндө да Алжирде 50 чакты адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдар болуп, анын жоопкерчилигин «аль-Каиданын» түндүк Африкадагы канаты өзүнө алды.