Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:40

КУМТӨР БОЮНЧА КЕЗЕКТЕГИ СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛДЫ


Бишкекте бүгүн Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз өкмөтү менен Камеко корпорациясынын ортосундагы сүйлөшүүнүн кезектеги отуруму башталды. Аталган кен боюнча келишимди кайра карап чыгуу максатындагы бул сүйлөшүүлөр ушул жылдын башынан бери жүрүүдө. Буга чейинки отурумда кыргыз тарап канадалыктарга 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну сунуштаган. Бул жолку отурумда бул маселе боюнча сүйлөшүү уланмакчы.

Бишкекте бүгүн бул сүйлөшүүлөрдүн кезектеги отуруму башталганын каржы министрлигинин маалымат кызматынан тастыкташты.

Буга чейинки сүйлөшүү өткөн айда өтүп, анда кыргыз тарап канадалыктарга Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимди кайра карап чыгууну сунуштаган болчу. Бул сүйлөшүүдөн соң жумушчу топтун мүчөсү, юстиция министри Марат Кайыпов «Азаттыкка» буларды билдирген эле:

- Сүйлөшүүлөрдө жакшы эле жылыш болду.Бирок биз алар берген сунушка макул болгон жокпуз. Биз өзүбүздүн сунушубузду берип койдук. Ошолорду алар иликтеп, карап чыгууга кетишти.

Марат Кайыпов ошондой эле сүйлөшүүлөр уланып жаткандыктан азырынча андагы талап-сунуштарды деталдаштырып айта албастыгын билдирген. Эксперттик топтун башка мүчөлөрү да сүйлөшүү бүтө электиктен азыр эч нерсе айта албастыгын билдиришүүдө.

Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр ушул жылдын башынан бери жүрүүдө. Алгач бул маселе боюнча мурдагы биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов баштаган топ Москва жана Стамбул шаарларында канадалыктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок Данияр Үсөнов бул кызматтан кеткен соң бул маселе боюнча каржы министри Акылбек Жапаров баштаган жумушчу топ түзүлүп, кайрадан сүйлөшүүлөр жүрө баштаган.

Айрым маалыматтарга караганда, сүйлөшүүдө кыргыз тарап мурдагы келишимди кайра карап чыгып, анын натыйжасында 500 миллион долларга жакын каражатты төпөп берүүнү сунуштап жатат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдө Кумтөрдөгү кен корунун өлчөмү боюнча да талкуу жүрүүдө.

Кумтөр алтын кени боюнча мурдагы бийликтин тушунда түзүлгөн келишимди кайра кароо маселеси өлкөдө бийлик алмашкан 2005-жылдагы март ыңкылабынан кийин козголо баштаган эле. А түгүл айрым коомдук-жана саясий ишмерлер бул келишим коррупциялык келишим болгонун, ага жол берген ошол кездеги жетекчилер кылмыш жообуна тартылышы керектигин айтып чыгышкан.

Евразия экономикалык шериктештигиндеги Кыргызстандын вице премьер-министр даражасындагы мурунку өкүлү Базарбай Мамбетов да Кумтөр боюнча мурдагы келшимди сөзсүз кайра карап чыгуу зарылдыгын белгилейт:

- Сөз жок, «Камеко» менен болгон келишимди кайра карап, кайра кол койушубуз керек. Эми 14 жыл туура эмес иш кылдык бул компания менен. Эми ушунун жыйынтыгы менен эле кандай болушу керектигин, биздин кошуналарда кандай болуп жатканын карап туруп да жыйынтык чыгарышыбыз керек да. Ушундан улам кыргыз тарап өз шарттарын коюшу керек, ушуга көнсөңөр макулбуз, болбосо жаптык деп эле айтыш керек. Себеби биз азыр Кумтөрдөн эч кандай пайда албай жатабыз.

2003-жылдын 31-декабрына чейин Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшү 70 пайызга жакын болгону белгилүү. Мына ошол келишимдин негизинде Кумтөр кени курамына кирген «Центерра голд инк» компаниясы түзүлүп, андагы Кыргызстандын үлүшү 30 пайыздын тегерегине азайса, азыр анын өлчөмү 16 пайыздын айланасында гана калган.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG