Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:44

КУШБАК ТЕЗЕКБАЕВДИН КАМАЛЫШЫНДА САЯСИЙ СЕБЕП БАРБЫ?


Беш кылмыш иши боюнча айып тагылып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган Ош облусунун губеранторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаевдин баш коргоо чарасы өзгөрүүсүз бойдон калды. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз бүгүн Бишкек шаар сотунда каралып, Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды. Айрым саясатчылар болсо губернатор орун басарынын камалышын саясий себептер менен байланыштырууда.

Ош облусунун губернаторунун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев өткөн айда кылмыш-жаза кодексиндеги эки берене боюнча айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Бишкектеги тергөө абагына отургузулган. Ага коюлуп жаткан айыптар боюнча анын адвокаты Чолпон Темирбаева буларга токтолду:

- «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «хулиганчылык» беренелери боюнча айып тагылууда. Азырынча ушул эки берене коюлган, бирок бүгүн беш кылмыш иши козголгон деп айтып атат.

Чечмелеп айтканда, Кушбак Тезекбаевге бул айыптар былтыр февралда Ош облусуна Орусиядан келген гуманитардык жардамды туура эмес бөлүштүргөн жана быйыл 11-апрелде Каракулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысын опузалап, акарат айткан деген негизде тагылууда. Кушбак Тезекбаев камакка алынган соң анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды Биринчи май раыондук соту канааттандырган эмес. Эми бул чечимди Бишкек шаар соту да күчүндө калтырып, бирок аны коопсуздук кызматынын тергөө абагынан ШИИБинин биринчи тергөө абагына которду.

Кушбак Тезекбаев 2005-жылдагы март ыңкылабынын активдүү катышуучуларынын бири. Ал ыңкылап алдында,19-мартта Ошто өткөн элдик жыйында азыркы президент Курманбек Бакиевдин катышуусунда элдик кеңештин төрага орун басарлыгына шайланып, өлкөдө бийлик алмашкан соң президент жардыгы менен губернатордун биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Учурунда аны менен ыңкылапка чогуу катышкан жана бирге иштешкен Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков Тезекбаевге коюлуп жаткан айыптардын саясий себептери бар деп эсептейт:

- Арыздар бар экен, мейли иш козгосун. Бирок камап койгону, баш коргоо чарасын өзгөртпөй жатышы туура эмес деп ойлойм. Себеби жумуштан кете элек, губернатордун биринчи орун басары. Менимче, бул өлкөнүн саясий түзүмүнө, кадыр-баркына доо кетирет. Бул иштин саясий себептери болуш керек, бул иштин артында президент Бакиевдин бир туугандары турат деген пикирлер да бар эл арасында. Ыңкылаптын арты менен бийликке келип аткандар ойлонсо болот эле.

Айрым байкоочулардын пикиринде болсо, ыңкылаптын шарданы менен бийликке ээлеген кызматына татыксыз, тажрыйбасы жок ар кандай адамдар аралашып кеткен. Адам укуктары боюнча президент карамагындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун болсо бул иштин саясий себептери бар дегенге кошулбайт.

- Чынында ыңкылаптан арты менен ар кандай адамдар бийлик чөйрөсүнө келген учурлар болду. Ошонун баары, кимдин-ким экени мына эми билинип жатат. Бакиевдин саясаты башынан эле ушинтип кокустан келип калгандарга каршы болгон. Мыйзамдуулук болуш керек да эми, татынакай иштеш керек болчу, гуманитардык жардамды бөлүштүрүүнүн да эреже-тартиби бар да. Бул иштин артында президенттин бир туугандары турат дегенге мен кошулбайм. Саясий себеп жок, кылмыш ишине байланышкан гана иш деп ойлойм.

Кушбак Тезекбаев губернатордун биринчи орун басары болгонго чейин, тагыраагы март ыңкылабына дейре мектепте дене тарбия мугалими, Карасуудагы мал базардын, андан кийин дыйкан чарбанын башчысы болуп иштеген.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG