Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:30

БАЙКООЧУ КЕҢЕШТИН ИШИ КАЧАН ЖӨНДӨЛӨТ?


Улуттук телерадио корпорацияны реформалоо, коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу Кеңеш ишин баштабай жатып ыдырап кеткени белгилүү. Ага Байкоочу Кеңештин 8 мүчөсү өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тартышы себеп болгон. Ушундан улам кворум болбой, Байкоочу Кеңеш чечим кабыл ала албай калган. Бирок анын калган мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, Байкоочу Кеңештин иши токтобогондугун билдиришти. Ошондой эле алар өлкө башчысына өзү сунуштаган төрт мүчөнүн ордуна башка адамдарды Байкоочу Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткаруучу кылып дайындоо өтүнүчү менен кайрылаарын айтышты.

Улуттук телерадио корпорацияны реформалоо, коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу Кеңеш ишин баштабай жатып ыдырап кеткени белгилүү. Ага Байкоочу Кеңештин 8 мүчөсү өз ыктыяры менен мүчөлүктөн баш тартышы себеп болгон. Ушундан улам кворум болбой, Байкоочу Кеңеш чечим кабыл ала албай калган.

Бирок анын калган мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшүп, Байкоочу Кеңештин иши токтобогондугун билдиришти. Ошондой эле алар өлкө башчысына өзү сунуштаган төрт мүчөнүн ордуна башка адамдарды Байкоочу Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткаруучу кылып дайындоо өтүнүчү менен кайрылаарын айтышты.

Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү бул кеңеш ишин токтотту дегендей туура эмес маалыматтар чыгып кеткенин, кворум жок чечим кабыл ала албаса да ал ишин улантып жатканын коомчулукка жарыя айтып койуу максатында журналистердин алдына чыгып жатканын айтышты.

- Биз тууралуу ар түрдүү сөздөр айтылып кетти, иштей албай жатат, компетенциясы туура келбей экен, профессионалдар эмес дегендей. Бирок биз азыр иштеп жатабыз, мына уставдын долбоорун талкуулап баштадык, мындан тышкары УТРКнын редакциялык саясатын талкуулоого киришип жатабыз,- деген Байкоочу кеңештин бир мүчөсү Исмаилжан Шайбеков калган 8 мүчөнүн өз ыктыяры менен баш тартышына көшөгө артындагы оюндар себеп болгонун жашырган жок.

Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле өз ыктыяры менен кеткен мүчөлөрдү ойлонуп көрүп, кайра келүүгө чакырышты. Бирок мындай мүчөлүктөн өз ыктыяры менен баш тарткандардын бири Бакыт Орунбеков бул чечиминен кайтпасыгын айтып, анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Саясий оюндар аралашкан ар кандай көрүнүштөр болгондуктан улам арыз жазым, иштей албай турганымды билдиргем. Мүчөлөрдүн арасында ишке кайдыгер караган мүчөлөр көп болуп жатпайбы…

Байкоочу Кеңештин 15 мүчөсүнүн бешөө жарандык коомдон, бешөө жогорку кенеш, дагы бешөө президент тарабынан сунушталганы белгилүү. Бакыт Орунбековдун баамында, көшөгө артындагы оюндар ошол үч тараптан тең болуп, акыры ушундай кризисике алып келген:

- Үч тарап ар кимиси өзүнө тартып, өз кызыкчылыгы үчүн күрөшүп туруп алышты. Чогулушка мүчөлөрдү келтиртбей коюу, келгендерин бюллетень салдыртпай койгонго чейин таасир кылгандар болду да…

Байкоочу Кеңештин калган 7 мүчөсү президент тарабынан сунушталып, бирок кетип калган төрт мүчөнүн ордуна кайра башка кишилерди кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу өтүнүч менен кайрылып жатышканын билдиришти.

Бирок Медиа өкүл институтунун аткаруучу директору Илим Карыпбеков бул өтүнүч ишке ашаарына көзү жетпейт. Анын пикиринде, УТРК боюнча мыйзамда бул нерсе көрсөтүлгөн эмес, президент аларды дайындаган чакта да талаштуу болуп калышы мүмкүн. Экинчиден андай дайындоого президент жана анын админстрациясы азыр кызыкдар эмес. Илим Карыпбеков ошондон улам президентке кайрылгандан көрө кетип калган мүчөлөр менен сүйлөшүп, аларды кайра алып келүү аракетин көрсө туура болмок дейт:

- Кетип калган туура эмес экенин айтып аларды кайра келтирүү аракетин кылса реалдуураак болмок. Эми коомдук телекөрсөтүүнүн тегерегинде эки жарым жылдан бери канча күч жумшалды. Ошонун баарына, элдин үмүтүнө кетип калган мүчөлөр түкүргөндөй мамиле жасап, бөгөт коюп салышты да. Эми менимче президентке минтип кайрылуу кайсы бир деңгээлде популисттик болуп калса керек.

Байкоочу Кеңеште кворум болуш үчүн жалпы мүчөлөрдүн үчтөн экиси, же дагы үч мүчө болушу керек. Эгер кеткен мүчөлөрдүн жок дегенде үчөөсү кайра кайтып келбесе же президент алардын жогорудагыдай өтүнүчүн канааттандырбаса анда байкоочу кеңеш жаны парламент келип, кеткен мүчөлөрдүн ордуна башкаларды шайламайын эч кандай чечим кабыл ала албайт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG