Конституциялык сот бул ишти 14-сентябрда эртең менен карап баштап, тараптардын жүйөөлөрүн уккан соң түшкү тыныгуудан кийин чечим чыгаруу үчүн кеңешүүгө кеткен. Ошентип чечим кечки саат алтыга чукул угузулуп, аны конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова жарыялады:
- Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабеков менен Мелис Эшимкановдун сунушу канааттандырылсын. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы тууралуу 2006-жылдын 8-ноябрында жана 30-декабрында кабыл алынган мыйзамдар жокко чыгарылсын. Бул чечим акыркы жана арызданууга жатпайт. Аны мамлекеттик бардык органдар, кызмат адамдары жана Кыргызстандын жалпы жарандары аткарууга милдеттүү.
Конституциялык соттун чечимин залда отургандардын көпчүлүгү кубаттоо менен кабыл алышты. Депутат Мелис Эшимканов бизге берген маегинде мындай чечимди күтпөгөнүн, бул акыйкат чечим болгонун белгиледи:
- Конституциялык соттун мүчөлөрү тар кызыкчылыктан өйдө көтөрүлүшүп, мыйзамды сактап беришти. Мен чын эле мындай чечимди күткөн эмесмин. Анткени оппозиция, бийлик жана негизи эле конституциялык реформанын тегерегинде өйдө-төмөн сөздөр болуп жаткандыктан бизде көп шек бар болчу. Бирок сот чечимине ыраазыбыз. Эми саясий олку-солкулук болуп кетет деп чочулабаш керек. Азыр эми 2003-жылкы конституцияга кайрылып келдик убактылуу түрдө. Эми президент баш болгон бийлик бутактары, оппозиция өкүлдөрү, жалпы эле саясатчылар биргелешип тезинен оптималдуу, демократиялык мүнөздөгү акыйкат конституциябызды аныктап, референдум аркылуу баш мыйзамыбызды оңдоп-түзөп, жаңылап алышыбыз керек.
Ошентип бул чечимден соң Кыргызстан эми март ыңкылабына чейин, Аскар Акаевдин доорунда кабыл алынган 2003-жылкы конституцияга автоматтык түрдө кайтып келди. Айрым серепчилер канткен менен бул кыска убакытка созулаарын, эми сөзсү түрдө референдум аркылуу баш мыйзамдын жаңы долбоору кабыл алынууга тийиштигин айтышууда. Ошол эле учурда коомчулукта 2003-жылкы баш мыйзамга кайтууну Акаев дооруна кайтуу катары баалаган пикирлер да жок эмес. Жогорку Кенештин депутаты Кабай Карабеков болсо мындай пикирлерге макул эмес:
- Жок, андай эмес, бул убактылуу, көп болсо эки-үч айга созулушу мүмкүн. Азыр эми мыйзам негизинде жаңы конституция кабыл алууга жол ачылды. Демек менимче, эми тез арада жаңы конституцияны кабыл алыш керек.
Канткен менен коомчулукта буга чейин колдонулуп келген былтыр декабрда кабыл алынган баш мыйзамдын редакциясында өзгөртүлгөн же толукталган беренелер боюнча түшүнбөстүктөр да жок эмес. Маселен анда өлүм жазасы алынып салынган эле. Андан көп өтпөй, быйыл июнь айында өлкө президенти кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын конституциянын жаңы редакциясына ылайыкташтырууну караган мыйзамга кол коюп, өлүм жазасы өмүр бою абакка кесүү менен алмаштырылган. Сот ишине президенттин өкүлү катары катышкан президенттик админстрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуев болсо сот чечими талкууланбастыгын, ал сөзсүз түрдө аткарылууга тиййштигин билдирди. Бектур Зулпуев ошондой эле “Конституциянын жаңы редакциясын” жокко чыгаруу анын антиконституциялык экенин көрсөтпөстүгүн, ошондуктан декабрь конституциясы күчүндө турганда кабыл алынган чечимдер, дайындоолор конституциялык бойдон калаарын кошумчалады.
Юстиция министри Марат Кайыпов болсо бул маселе боюнча өлкө президенти өз оюн билдирет деген пикирде:
- Кыргыз мамлекетинин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын президент аныктайт да. Демек президент бул маселе боюнча өз оюн айтат.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо өлкө башчысы конституциялык реформа жана конституциялык соттун чечимдерине карата пикирин 19-сентябрда Кыргызстан калкына жана Жогорку Кеңешке жасачу кайрылуусунда билдирээрин белгиледи.