Сот өкүмүн чыгараардын алдында эки айыпталуучуга тең узакка созулган бул сот жараянындагы акыркы сөз берилди. Анда Жолдошбек Абдиев тартип бузганы үчүн кечирим сураарын айтып, жазасын женилдетип берүүнү өтүндү. Эркин Акназаров болсо күнөөсү бар же жоктугун түшүнө албай турганын айтып, эгер күнөөсү болсо кечирим берүүнү суранды. Соттук кеңешмеден соң бул ишке төрагалык кылган судья Таалайбек Абдраев өкүмдү угузду.
- Жолдошбек Абдиев менен Эркин Акназаров Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесининин 2-пункту боюнча күнөөлүү деп табылсын. Бул берене боюнча Абдиевге 4 жыл, Акназаровго 4 жыл 6 ай күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтү чектелсин.
Сот өкүмүнөн соң 20 жаштын тегерегиндеги Жолдошбек Абдиевдин апасы өзүн токтото албай бышактап, бизге буларды айтты:
- Туура эмес болуп калды, жаш баланы ушунча жыл түрмөгө кескенден эми ал оңолмок беле. Жеңилдик кылса болмок, ушунча кишиден экөөнү көрүп калгансып…
Бул эки айыпталуучуга негизинен ошол 19-апрелдеги митингчилерди таратуу маалында борбордук Алатоо аянтына жакын жердеги имараттардын алдына төшөлгөн таштарды талкалап, милицияга таш ыргыткан деген доо койулууда. Алардын адвокаттары буга чейин соттон КЖКнын 234-берененин 1-пункту же «хулиганчылык» беренеси боюнча айып тагууну өтүнгөн. Бирок сотто ал эске алынган жок. Адвокаттардын айтымында, эгер бул берене боюнча айып тагылганда аларды шарттуу түрдө кескенге жол ачылмак.
Эркин Акназаровдун адвокаты Чолпонбек Айтбаев болсо бул чечимге макул эместигин, сотттук жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жолдоноорун «Азаттыкка» билдирди:
- Биз бул өкүмгө макул эмеспиз. Апелляциялык арыз жолдойбуз сөзсүз. Алардын аракетинде кылмыш болгон учурда ал хулиганчылык деп ойлойбуз.
Экинчи айыпталуучу Жолдошбек Абдиевдин адвокаты Сабыр Өмүралиев да бул чечимге макул эмес:
- Сот өтө эле катуу жаза чектеп койду. Жолдошбектин жаш экенин, мурда соттолбогонун эске алса болмок. Эми абактагы төрт жыл жаш жигиттин тагдырын бузуп коюшу ыктымал. Эми түрмөдөн оңолуп келиши кыйын да.
Бүгүнкү сот ишине оппозициялык Бириккен фронттун өкүлдөрүнөн жана укук коргоочулардан эч ким катышкан жок. Бириккен фронттун өкүлү Эмил Алиев муну сот чечими күтүүсүз болгону менен түшүндүрдү:
- Биз алардын абалына кызыгып, адвокаттары аркылуу сурап турганбыз. Бүгүнкү сот чечими күтүүсүз болду. Бул эки жигиттин Бириккен фронтко тиешеси жок, алар жөн эле өтүп бараткан болчу. Муну алар сотко берген көрсөтмөлөрүндө да айткан.
Эмил Алиев ошондой эле сот өкүмүн эч бир себепсиз, жасалма кылмыш ишинин негизинде чыккан өкүм деп эсептейт. Анын айтымында, ал күнү массалык баш аламандык болгон эмес, эгер болсо дагы хулиганчылык болгон жана бул иш мындай берене менен каралбаш керек эле.
19-апрелдеги митингди таркатуу учурунда милицияга таш ыргытты деп айыпталган Жолдошбек Абдиев менен Эркин Акназаров май айынын башында кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына отургузулган эле.