Комиссия жетекчиси, депутат Азимбек Бекназаров алгач өлкөдө жашоо турмуштун бардык чөйрөсүндөгү абал оор, татаал бойдон калып жатканын белгилеп, ага себеп болгон жагдайларга токтолду. Ошондой эле депутат бүткүл цивилизациялык дүйнөдө мамлекеттин негизги мыйзамы- конституцияны эч ким талашып-тартышпастыгын, бизде болсо сонку 17 жылда баш мыйзам конституциялык соттун колдоосу менен президенттин пайдасын көздөп, улам жокко чыгарылып жатканын, аны бурмалоону биринчи президент Аскар Акаев конституциялык соттун колдоосу менен 1994-жылы эле баштаганын айтты. Депутат ошондой эле конституциялык сот бир катар мыйзамсыз чечимдерди кабыл алганын далилдүү мисалдар менен келтирип, алардын эң соңкусу быйыл 14-сентябрдагы чечими экенин белгиледи:
- Конституциялык сот 2006-жылдын 30-декабрындагы конституциянын негизинде иштеп жатып, 2007-жылдын 14-сентябрында Жогорку Кеңештин депутаттары К.Карабеков менен М.Эшимкановдун сунуштамасы боюнча чечим чыгарып, күчүн жоготкон 2003-жылдын Конституциясынын 82-статьясын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өзүн жокко чыгарып салды. Конституциялык соттун чечими эгерде ал күчүндө турган конституцияга ылайык чыгарылса гана мыйзамдуу деп эсептелет.
Депутат андан ары дүйнөлүк коомчулуктун конституциялык жана жогорку сотторунун иш тажрыйбасында сот конституциянын жана мыйзамдын ченемдерине ылайык келбеген, жөн эле адам логикасына жатпаган мындай чечим кабыл алган учур болуп көрбөгөндүгүнө токтолду.
Комиссия башчысы ошондой эле конституциялык соттун ишинин натыйжасында иш жүзүндө кыргызстанда төңкөрүш болгонун айтып, комиссия тыянагын жарыялады. Тыянак 7 бөлүмдөн туруп анда конституциялык сот 1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдардагы мыйзамсыз референдумдардын жыйынтыгы боюнча корутунду берүү менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ашыра пайдаланганы,1998-жылдын 13-июлундагы чечими менен баш мыйзамды одоно бузуп, мурдагы президент Аскар Акаевге президенттик үчүнчү мөөнөткө өз талапкерлигин коюу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдаштырганы, 2003-жылдын 28-февралындагы чечими менен 1998-жылдын 10-апрелинде «Кыргыз-кытай мамлекеттик чегарасы жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун караган учурда мыйзам кабыл алуунун конституциялык жол-жоболору бузулгандыгы тууралу Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын сунуштамасын канааттандыруудан баш тартканы жана мунун натыйжасында Кыргызстанга эбегейсиз зыян алып келгени белгиленген. Ошондой эле комиссия консот төрайымы Чолпон Баекова былтыркы ноябрь жана декабрь конституциясынын жаңы редакциясын кабыл алууга жана аны ачык колдоого активдүү катышкандыгынан улам, конституциялык соттун төрайымы да жоопкерчилик тартат деп эсептеп, конституциялык соттун 2007-жылдын 14-сентябрындагы чечими укукка сыйбаган деп эсептелсин деп айтылат. Мындан сырткары конституциялык сот толук курамына ээ боло элек мезгилде эле бюджеттен толук каржыланып тургандыгына байланыштуу 1993-жылдан берки анын финансалык-чарбалык ишин текшерүү КР эсептөө палатасына тапшыруу сунушталган.
Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынына чакырылганына карабай келген жок. -“Биз төрайымды чакырганбыз, бирок эмнеге келбегени белгисиз, себептерин айткан жок ” , - деди төрага Марат Султанов Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнөн соң.
Комиссия тыянагынан соң Жогорку Кеңеш токтом кабыл алып, анда депутаттык комиссиянын маалыматын эске алуу белгиленип, өлкө президентине Жогорку Кеңеш быйыл 18-сентябрда кабыл алган "Референдуму тууралуу" мыйзамга кол коюуну тездетүү жана мына ушул мыйзамдын талаптарына ылайык келтирүү максатында 2007-жылдын 21-октябрына дайындалган жалпы элдик референдумду өткөрүүнү кечирек мөөнөткө жылдыруу сунушталды.
Ушул эле күнү конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова президентке кат жолдогону маалым болду. Анда ал Жогорку Кеңештин бүгүнкү токтомун конституциялык түзүлүштүн негиздерине доо келтирген кадам катары баалаган.
«Жогорку Кенеш өз токтому менен конституциялык соттун чечимине баа берип, анын курамына ишеним көрсөтпөөнү билдирди. Ошондой эле конституциялык соттун ишмердүүлүгү боюнча маселени карап, соттордун өз алдынчалыгын ырастаган мыйзамдарды бузду. Бул мыйзам чыгаруу бийлигине кирбеген башка бийликтин ишине ыксыз кийлигишүү катары бааланат. Мындай аракет демократиялык реформаларды жүргүзүп жаткан Кыргызстандын конституциялык түзүлүшүнө доо кетирет»- деп айтылат катта.
Чолпон Баекова катынын соңунда мамлекет башчысынан учурда Конституциялык сот менен Жогорку Кеңештин ортосунда түзүлгөн кырдаалды эске алып, чара көрүүнү өтүнгөн.