Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:49

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ИШ АЯГЫНА ЧЫКПАЙБЫ?


Аксы окуясын иликтеген парламенттик комиссиянын төрагасы, депутат Дооронбек Садырбаев бүгүн комиссиянын тыянагына кол коюлганын билдирди. Депутат бүгүнкү маалымат жыйынында комиссиянын иши боюнча 14-сентябрь күнкү парламент жыйынында кеңири билдирүү жасаарын дагы бир жолу жар салды. Дооронбек Садырбаев ошондой эле азыркыдай шартта Аксы окуясына Кыргызстанда эч качан чекит коюлбасын, бул иш эл аралык сотто каралса гана аягына чыгаарын билдирди.

Дооронбек Садырбаев алгач парламенттик комиссиянын тыянагында мурда айрым маалымат каражаттары жазып ийгендей эч кандай деле бомба жоктугуна, бирок коомчулукта ал айтыла электе эле ар кандай сөздөр чыгып кеткенине токтолду:

- Садырбаевдин айтканын элге угузуп туруп, анан талкууга алышпайбы. Эч нерсе деп айта электе эле менин тегерегимде ушунча ушак-айың чыгарып ийишти. А түгүл өлтүрөбүз дегенге чейин барышты.

Депутаттын айтымында, комиссия ишинин тыянагына бүгүн кол коюлган. Бирок комиссиянын 10 мүчөсүнөн бир гана депутат Хаджимурат Коркмазов бул тыянакка кол койгон эмес. Дооронбек Садырбаев ошондой эле комиссиянын жана өзүнүн тегерегинде ар кандай сөздөр чыгып жатканын, атүгүл «аксылыктар болбодубу эми, кунун алышты» дегенге чейин сөздөр болуп жатканын айтып, буларды белгиледи:

- Боюнда бар келиндин курсагына милиция союлу менен чапкандын куну канча? Фашисттик Германиянын желдеттери – гестапочулар да душманынын өлүгүн да кордогон эмес экен. Кыргыздын милициялары окко учкан балдарын мазакташып, ок тийген жерине арматура салып бурап атышпайбы. Эгер анын куну жок, бул биздин турмуштагы кадырэсе окуя десе далилдеп берсин. Анан кыргызды тарыхтын токо наалатына калтыра турган, Аксы окуясына тиешелүү адамдар эмне үчүн азыр да чоң кызматтарды ээлеп отурушат. Кеп ошондо болуп атат…

Дооронбек Садырбаевдин пикиринде, Аксы окуясы боюнча козголгон иш эл аралык сотто гана адилет каралып аягына чыкпаса, Кыргызстанда ага чекит коюлбайт:

- Аксы окуясын тынчыта турган бир гана жолу бар. Бул маселени эл аралык сот карап чыгыш керек. Ал үчүн Курманбек Бакиевдин, Алмазбек Атамбаевдин жана Марат Султановдун эрки керек. Жогорку Кеңеш аркылуу мурдатан документтери даяр болуп калган Римдеги эл аралык соттун ратфиикациясын ЖКдан өткөрүп коюу керек. Эгерде европалык сот бул күнөөлү деп бирөөнү айыптаса, тууган-урукту алып-чыкмай жок…

Айрым укук коргоочулар болсо бул иштин эл аралык деңгээлде каралышын колдогону менен ага жетүү кыйындыгын жана чыккан күндө да бул кайра эле айланып келип Кыргызстандын ичинде чечилчү маселе экенин айтат.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова мындай демилгенин чыгышы бизде мамлекеттик чоң кызматкерлерден тартып катардагы карапайым адамдарга чейин мыйзамды сактабай калганын жана сотторго ишеничтин жоктугун көрсөтүүдө дейт:

- Эл аралык деңгээлге чыкпай эле бул ишти Кыргызстандын ичинде эле бүтүрсө болот. Эгер мыйзам жолу менен иштеп, мыйзамга баш ийип, мыйзамды аткаруу болсо иш Кыргызстанда эле аягына чыкмак. Эми айла жок, өз үйүбүздөгү чырды баса албасак сыртка чыкканга туура келет. Бирок үй, мамлекет биздики, өзүбүз сыйлабаган мыйзамды сырттан бирөө келип сыйлап бербейт.

Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев болсо «Азаттыкка» буга чейин берген маегинде бул ишти аягына чыгаруу аракети көрүлүп жатканын айтып, «Аксы окуясы боюнча кылмыш иштери эмне үчүн бүтпөй жатат дегенге мен толук кошулбайм. Үч кылмыш иши козголсо, бирөөсү, 17-марттагы октон учкан жарандардын өлүмүнө күнөөлүү болгондордун кылмыш иши бүтүп, Бишкектеги Аскер сотунда жатат. Бул иштердин баарына юридикалык баа берип, бүтүргөнгө аракет кылабыз»,- деп билдирген.

Башкы прокуратура Аксы окуясына байланыштуу Жалалабад облусунун ошол кездеги губернатору, азыркы депутат Султан Урманаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук сурап кайрылганда, анын депутаттык кол тийбестигин алып салуу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн эле. Бул комиссиянын тыянагы ошентип ушул жума күнкү парламент жыйынында ачыкка чыкмакчы.

2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы окуясында милициянын огунан 5 киши курман болуп, бир нече адам жаракат алган эле.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG