Соттук териштирүүдө Турсунбек Акун «Адилет» укук коргоо уюмунун жетекчиси Чолпон Жакуповадан буга дейре да кечирим сураганын айтты. Бирок ага аталган уюмдун өкүлү Хурниса Махаддинова макул эместигин, ал айтканын мыйзамга ылайык төгүндөөсүн талап кылды. Соттук териштирүүдөн соң Адилет уюмунун өкүлү бул боюнча бизге буларды билдирди:
- Буга чейин да кечирим суроолор болгон. Бирок биз муну кабыл албайбыз, экинчиден ал мыйзамсыз. Жарандык кодекстин 18-беренесинде төгүндөө мурдагы билдирүү кеткен телеканалдардан ошондой форматта берилиши керектиги так жазылган.
Турсунбек Акун өзү болсо мурда чын эле туура эмес сүйлөп алганын моюндап, кечирим суроого даяр экенин билдирди:
- Жакупова пикет-митингдерге катышып,чет өлкөлөрдөн алган каражатты саясий иштерге колдонот деп 5-каналдан айтып алыптырмын. Мен антип айтайын деп ойлогон эмес элем. Менде андай маалымат, далил да жок. Бирок «Бакиев кетсин!» деп митингде уюштуруучу болуп жүргөндө ошол акчаларды колдонуп жатса керек деген ой туулат, бейөкмөт уюмдарга сөз тийет. Мен ошону айтайын дегем. Эми бул туура эмес айтылган сөз үчүн кечирим сурайын деп атам.
Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү да Турсунбек Акундун бул билдирүүсүн сынга алышканы менен анын кечирим сурашын туура көрүүдө. «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын мурдагы башчысы Эдил Байсалов Чолпон Жакупова сотко кайрылып туура кылган жана мындай негизсиз доомат айтуудан эми Турсунбек Акун эле эмес башка саясатчылар да сабак алууга тийиш деп эсептейт:
- Турсунбек Акунду баарыбыз эле сыйлайбыз, бирок ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө дейт. Чет өлкөнүн акчасын саясий иштерге колдонуп атасыңар дегени катуу, болбогон бир доомат болду. Факты болсо, далилдей алса айтыш керек.
Ошол эле учурда коомчулукта мындай сөздүн чыгышына себеп болгон чоң-чоң саясий акциялар, митинг-пикеттерди каржылоо ачык-айкын болушу керек деген пикирлер да жок эмес. Маселен, укук коргоочу Азиза Абдрасулова узак мөөнөттөгү акцияларга элди чогултууга, аларды тамак-аш менен камсыз кылууга эле чоң каражат кетээри белгилүү экенин айтып, эгер ошол каржылоо ачык жүрсө Турсунбек Акун айткандай айыптоолор болбойт эле дейт.
Ошентип кечээки соттук териштирүүдө Турсунбек Акун «Адилет» укук коргоо уюму боюнча мурда айткандары негизсиз экенин моюндап, кечирим суроого даяр экенин билдирди. Ушундан улам сот иши жылдырылып, Турсунбек Акунга 20-сентябрга чейин мурдагы билдирүүсүн эки телеканал аркылуу төгүндөөгө убакыт берилди.