Соңку кездерде коомчулукта алдыдагы күздө өлкөдө саясий абал кайра курчушу тууралуу айрым божомолдор айтыла баштады. Оппозициялык бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов өткөн аптада күзүндө Жогорку Кеңеш таратылып, жаңы шайлоо өтүшү мүмкүн деген божомолун айтты. Бирок башка айрым саясатчылар парламент таратылышы боюнча божомолго эч кандай негиз жоктугун айтышууда. Чын эле күзүндө өлкөдө коомдук-саясий абал кайра курчуйбу?
Президент Курманбек Бакиевдин март ынкылабынын эки жылдыгыгын алдында өлкө калкына жасаган кечээки кайрылуусу боюнча коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Оппозициялык саясатчылардын көпчүлүгү кайрылууда эч кандай жаңы нерсе айтылбай, тек гана жалпы сөз болгонун, муну менен президент өзүнө утулуш алып келгенин белгилешүүдө. Ошол эле учурда кээ бир саясатчылардын пикиринде, президенттин оппозиция менен сүйлөшүүгө барам дегени эң туура жол жана өлкө башчысы эми реформаларды жүргүзүү боюнча чечкиндүү кадамдарды тез арада башташы керек.
“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронт бүгүнкү жыйынында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү жана Конституциялык реформа жүргүзүү талабы менен 11-апрелден тарта мөөнөтсүз митинг баштоо тууралуу чечим кабыл алды. «Реформа үчүн» кыймылы кечээ Конституциялык системалык реформаларды жүргүзүү боюнча бийликке бир ай убакыт бергенин, эгерде бул талаптар аткарылбаса президентке мөөнөтүнөн мурда кызматын токтотуу талабы коюларын жарыялаган. Айрым байкоочулар мындай учурда бийлик тез арада чечкиндүү аракеттерди көрүп, оппозиция менен мунаса табуусу зарылдыгын, болбосо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал курчуп кетээрин белгилешүүдө.
Президент Курманбек Бакиев өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча саясий партиялар жана жарандык коом өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө даяр. Оппозиция уюштурган кечээки улуттук форумда 2-ноябрга белгиленген нааразылык акциясына дейре президенттин катышуусунда дагы бир жолу маселени талкуулоо сунушу бийлик өкүлдөрү тарабынан айтылган эле. Оппозиция өкүлдөрү мындай сунушту кабыл алганы менен ага кимдер катышаарын жана кандай маселе талкууланарын алдын-ала тактап алууну талап кылууда.
Парламенттик комиссия бүгүнкү жыйынында Айдар Акаев менен Муратбек Малабаевди депутаттык мандаттан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдоо тууралуу тыянак чыгарды. Бул арада Бишкектин Биринчи май райондук соту БШК чечимин жокко чыгаруу боюнча Айдар Акаевдин адвокаттарынын арызын карай баштады.
Соңку күндөрдө коомчулукта Акүйдүн жогорку кабатындагы бийлик төбөлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер, тирешүүлөр күчөгөнү тууралуу ар кыл сөздөр айтыла баштады. Айрым саясатчылар муну президент Бакиевдин командасындагы ажырым катары сыпаттап, Акаев доорунун акыркы күндөрүнө салыштырууда. Байкоочулардын дагы бир тобу аны эзелтен эле болуп келген аксарай оюндарына салыштырып, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтып жатышат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту өткөн жуманын этегинде Мамат Орозбаевди депутаттык мандаттан ажыраткан БШК чечимин жараксыз деп тапты. Бүгүн болсо анын атаандашы Санжар Кадыралиев менен БШК райондук соттун чечимине каршы Жогорку Сотко кайрылышты. Ошентип шайлоодон чыккан талаш эми кайрадан сотко келип такалды.
Оппозициялык маанайдагы саясатчылар бүгүн Бишкектеги Алатоо аянтында мөөнөтсүз нааразылык акциясы 2-ноябрда башталаарын жарыялашты. Бир катар партиялар жана саясий кыймылдар биргелешип уюштуруп жаткан бул митингде бир гана талап – Бакиев-Кулов тандеминин отставкасы талап кылынмакчы. Ошол эле учурда кээ бир саясатчылар жана байкоочулар мындай талап менен митингге чыгууга азыр зарылдык да, негиз да жоктугун айтышууда.
Бейшембиге караган түнү белгисиз төрт адам «Пирамида» телерадиокомпаниясынын телемунарасына жаңыдан коюлган жабдыктарды өрттөп жиберишкен. Аталган телекомпания мындан 40 күн мурда бул жердеги жабдыктарын уурдатып жиберип, обого чыкпай калган эле. Кечээ жаңы жабдыктар коюлуп, кечки саат бештерде обого чыга баштаган. Телекомпаниянын кызматкерлери жана айрым байкоочулар бул окуя саясий өнүттө жасалганын айтышууда.
Кыргыз мамлекеттик телекомпаниясын жетекчилигине ишеним көрсөтпөө, телеканалды коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу талабы менен өтө турган пикет белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов эки күн мурда жакын арада шайлоочулары жана жактоочулары менен мамлекеттик телекомпаниянын алдында пикет уюштураарын, ага телеканал соңку учурда бир жактуу маалымат таратууга өткөнү жана оппозициялык маанайдагы депутаттарга карата айтылган мазак пикирлер себеп болуп жатканын жарыялаган эле.
Бүгүн Жогорку Кеңеш депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшада маңзат менен кармалышын иликтеген парламенттик комиссиянын корутундусун кабыл алды. Комиссия тыянагында бул иш УКК тарабынан оппозиция лидерине атайын жасалган провокация экени айтылат. Бирок депутаттар бул маселе боюнча токтом долбооруна добуш берүүгө келгенде бир топ талашып-тартышып, акыры чечим кабыл алууну эртеңкиге калтырышты.
Бүгүн Жогорку Кеңеште парламент менен Коргоо министрлигинин ортосунда чыккан чырды иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагы угулду. Комиссия ушул жылдын 1-августунда Коргоо министрлигинин аскерлерди парламент имаратына күч менен киргизүү аракетин толугу менен мыйзамсыз деп тапкан. Министр Исмаил Исаков муну жөн гана радиомашыгуу өткөрүү белгиленгени менен түшүндүрдү. Талкуу учурунда Исмаил Исаковдун дарегине кескин сын пикирлер айтылып, министрге ишеним көрсөтпөө сунуштары айтылды.
Кыргыз парламенти өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча чечим кабыл алууну кийинки бейшембиге жылдырышты. Депутат Өмүрбек Текебаевдин Польшада баңгизат менен кармалышынан улам келип чыккан бул маселени депутаттар бир жума бою талкуулап, акыры маселени иликтеген парламенттик комиссиянын корутундусунан соң гана чечим кабыл алышмакчы.
Өмүрбек Текебаевдин Польшада баңгизат менен кармалышын иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссияга «Манас» аэропортунун вице-президенти Надыр Мамыровдун президент Курманбек Бакиевге жазган түшүнүк каты түштү. Анда Өмүрбек Текебаевге байланышкан атайын операция жүргүзүүгө Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Жаныш Бакиев жеке өзү тапшырма бергени, ага депутаттын жүгүн тиешелүү жерге алып келүү боюнча расмий делегациялар залынын кызматкерлери менен сүйлөшүү милдети коюлганы айтылат. Бүгүн кечинде парламенттик комиссия мындай кат түшөөрү менен чукул жыйын уюштуруп, УКК төрагасы Б. Таабалдиевди, ички иштер министри М. Суталиновду жана башка тиешелүү жетекчилерди чакырды.
Президент Курманбек Бакиев «Мамлекеттик телерадиокомпания тууралуу» мыйзам долбоорун четке какканы ушул жуманын башында белгилүү болду. Жогорку Кеңеш июнь айында кабыл алган бул мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик телекомпаниянын иши Байкоочулар кеңешинин көзөмөлүнө өтүүгө тийиш эле. Аталган мыйзамдын четке кагылышын айрым депутаттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү артка кетенчиктөө катары баалашууда.
Улуттук коопсуздук кызматы бүгүн өткөн ишембиде Ош шаарында террорчул маанайдагы «Түркистан ислам партиясынын» жетекчилеринин бири Расул Ахуновдун жок кылынышы боюнча билдирүү таратты. Анда Расул Ахунов аталган кыймылдын жетекчи курамына киргени, быйылкы 12-майдагы Баткендеги окуяга түздөн-түз тиешеси бардыгы айтылат. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Бусурманкул Таабалдиевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда согушкерди тирүү кармаганга болгон аракет жасалып, бирок ал ишке ашпай калган.
Ошто убактылуу баш калка издеп жүргөн эки өзбек качкыны удаама-удаа дайынсыз жоголуп кетти. Алардын бири 16-августта, экинчиси 17-августта жоголгон. Качкындардын минтип дайынсыз жоголушуна жергиликтүү укук коргоочулар тынчсызданып, ар кандай божомолдор айтылууда.
Бүгүн башкы прокуратуранын эл аралык байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насиза беш качкындын Өзбекстанга берилиши тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анда качкындарды өткөрүү Кыргызстандын конституциясына жана Минск конвенциясына жана эки өлкө ортосундагы макулдашууларга ылайык, мыйзам чегинде жүргүзүлгөнү айтылды. Ошол эле учурда эл аралык уюмдар жана жергиликтүү укук коргоочулар расмий Ташкендин талабын аткарганы үчүн кыргыз бийликтерин айыптоодо.
Кыргызстан менен Өзбекстан мындан ары эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы биргелешип күрөшө турган болду. КМШ өлкө жетекчилеринин Москвадагы бейрасмий жыйынында жолугушкан эки өлкө президенттери ушундай чечимге келишти. Ага улай эле ушул жуманын башында Өзбекстандын Фергана шаарында эки өлкөнүн коопсуздук кызмат башчылары кездешип, биргелешип күрөшүү жолдорун талкуулашты. Коомчулуктун бир бөлүгү муну кубатташса, дагы бир бөлүгү Өзбекстандын бул багыттагы саясатынан улам биргелешип күрөшүүдөн чочулашууда. Айрым байкоочулар болсо терроризмге каршы ар бир өлкө өз саясатына жараша күрөш жүргүзүүсү зарылдыгын айтышууда.
Президент Курманбек Бакиев конституциянын долбоорлоруна өз сунуштарын берди. Учурда баш мыйзамдын долбоорлорун жазуу боюнча жумушчу топ акыркы варианттардын үстүндө иштөөдө. Жумушчу топ мамлекеттик башкаруунун үч формасы боюнча долбоорлорду даярдоо боюнча иштин аягына ушул жума ичинде чыгууну көздөөдө.
Дагы жүктөңүз