Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Ноокат жана Кара-Кулжа: сел эки үй-бүлөнү жалмады


Ноокат району. 29-июнь, 2024-жыл
Ноокат району. 29-июнь, 2024-жыл

Ноокат районунда 28-июнда жүргөн сел 10 кишинин өмүрүн алды. Баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. 30-июнда Кара-Кулжа районунда да төрт адамды сел алып кетти. Акыркы эки жумада селден жалпы 15тей кишинин өмүрү кыйылды.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, бир катар аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.

Кара-Кулжадагы кырсык

30-июндун кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында бир үй-бүлөдөн төрт адамды сел агызып кетип, баарынын сөөгү табылган.

Карагуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мамлекеттик номуру 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, агып кеткен.

Кырсык болгон учурда айдоочу кызын куткарып, калганын чыгарууга барып бирок өзү кошо селге агып каза болгон.

Өткөн аптада Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге аккан. Анын алдында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып кеткен.

Ноокатта селде 28-июнда 10 адамдын өмүрү кыйылды.

Сел алып кеткендердин дээрлик баары балдар

Селден улам Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Анда Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жашаган 48 жаштагы аял, анын он тогуз, он алты жана он бир жаштагы үч уулу, эки жаштагы небереси көз жумду. Мындан тышкары маркумдун кайнежесинин он беш жашар кызы, Казакстанга турмушка чыккан кайын сиңдисинин төрт баласы каза болду.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын учак менен Ноокатта селге агып каза болгон төрт баланын сөөгүн 1-июлда мекени - Өскемен шаарына алып кетти. Өскемен шаар бийлиги эки эркек бала жана эки кыздын сөөгүн жерге берүү зыйнатын жергиликтүү бийлик менен мечит мойнуна алганын, алардын жакындарына жардам берүү үчүн атайын штаб түзүлгөнүн "Азаттыктын" казак кызматына кабарлаган.

Айылдаштарынын айтымында, ал аял Орусиядан үйүнө аз күн мурда эле кайткан экен. Заматта жубайы, балдары, жээндеринен айрылып, жалгыз калган үй ээсинин абалы оорлоп, бейтапканага түшүп калган.

Айылдын башчысы Максатбек Элчибеков буларды билдирди:

“Борбаш айылында бир үй-бүлөдөн аял киши үч баласы, небереси менен селге кетти. Андан сырткары беш бала анын кайнеже, кайын сиңдисинин балдары болгон. Ошондо жалпы он адам көз жумду”, - деди Борбаш айылынын башчысы Максатбек Элчиев.

Сел жүргөн күнү бул үй-бүлөдөн жалпы он киши Абшыр-Атага эс алууга барган экен.

Селге себеп болгон жагдайларга эмнеге көңүл бурулган эмес?

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жекшембиде селге себеп болгон жагдайларды атады. Буга көнөктөп жааган жамгыр, Абшыр-Ата дарыясынын жээгиндеги бак-дарактар, эс алуу жайларындагы тапчандардын башаламан курулганы, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн жапыз экени себеп болгонун белгиледи.

Сел бул күнү райондун Гүлистан, Абшыр-Ата, Көк-Жар, Исанов, Кулатов айылдарын каптады. Гүлистан айылынын тургуну Махбуба Имаралиеванын да үйү да зыян тарткан. Ал Ош-Ноокат - Разаков жолундагы көпүрөнүн жапыз курулганынан улам сел каптаганын айтып жатат:

“Ар жылы эле ушундай сел келет. Бирок суу эки жакка чыгып ашкан эмес. Ошол көпүрөнү куруп жатканда айтканбыз. Чоң уулум барып, "суу агып чыккан жайын тар кылып коюпсуңар, эртең бизге зыяны тийбейби?" деген. "Чоң суу келсе, бизди каптайт" десе, "эч нерсе болбойт" дешкен. Өзүм да барып айткан элем, алдын кенен кылгыла, эртең суу топтолуп кетпей калат дегем”.

Ноокаттагы сел: тоодо калган адамдар куткарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

Сөз болуп жаткан көпүрөнү Кызыл-Кыя көмүр ишканасы Абшыр-Сай дарыясына курган.

ӨКМ билдиргендей, №37 Жол тейлөө мекемесине Кулатов - Абшыр-Сай жолундагы сел калдыктарын тазалоо, көпүрөлөрдү оңдоп, бекемдөө жана Кызыл-Кыя көмүр ишканасы салган көпүрөнүн ордуна атайын долбоор менен башкасын салуу сунушталды.

Мындай кандуу кырсыкка себеп болгон жагдайларга: көпүрөгө, эс алуу жайларына эмнеге убагында көнүл бурулган эмес, сайдын жээктери эмнеге тазаланбай калган деген суроолор ачык бойдон турат. Ага кандай чара көрүлөрү тууралуу маалымат бериле элек.

Сел мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жараксыз абалга кептелди. Анын кесепетинен оор жүк ташуучу унаалардын Ош-Баткен жолунан өтүшүнө убактылуу чектөө киргизилген.

“Биз Өзбекстандан Орусияга жүк жүктөгөнбүз. Кечээтен бери ушул жерде турабыз. Эски көпүрөдөн болсо да бизди өткөрүп жиберсе... Кызыл-Кыядан Ошту көздөй өткөн кан жолдо 22дей машина турат", - деди айдоочулардын бири Дастан "Азаттыкка".

Селден кийин Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабындагы Кезарт жайлоосунда 1300дөй киши эвакуация болду. Жергиликтүү тургун Базаргүл Нурбаева ал күнү эс алууга баргандан кийин катуу мөндүр жааганын айтып берди:

“Биз түштө барганбыз ал жерге. Бир аз чай ичип олтургандан кийин эле катуу мөндүр жаады. Ошол жакта көл бар эле, эки тарабынан суу ташып жатыптыр. Портер, дагы бир жеңил машинабыз бар эле, качтык... Баары жакшы. Биз тегиз жерде элек. Жолдо келе жатканда эки машинаны сел агызып кеткенин көрдүм”.

Ноокатта өзгөчө кырдаал режими. Сел коркунучу сакталууда

Катуу селден кийин Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат.

Буга байланыштуу бир катар аймактарда дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Алар:

• Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
• Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай райондору;
• Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.
• Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.
• Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.
• Талас облусу: Талас, Бакай-Ата райондору.
• Нарын облусу: Нарын, Жумгал райондору.

Министрлик жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырып, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарын катуу даярдыкта кармоону эскертүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG