Жогорку Кеңеш 10-апрелдеги жалпы отурумунда кыргыз өкмөтүнүн интернеттеги жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөгөн мыйзам долбооруна макулдук берип, 1-окуудан кабыл алды.
Депутаттарга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат берип, мыйзам долбоорунун максаты фейк аккаунттар аркылуу жалган, анык эмес маалыматтарды таратууну жана мамлекеттин, адамдын, уюмдардын кызыкчылыктарына каршы аракеттерди чектөө экенин билдирди.
Депутат Дастан Бекешев аталган мыйзам долбоорун сынга алып, ал бир тараптуу иштебеши керектигин белгиледи.
"Мына, Бишкектин мэри жолдор кеңейтилбейт деген. Бирок кеңейтилип жатат. Асман шаары курулат дедиңер, бирок ал маалымат азыр фейк болуп турат. Казино бюджетке 1 млрд доллар киреше берет дешкен, болгону 100 миллион түштү. Бул маалыматтар анык эмес болуп чыкты. Эми айтыңызчы, маалыматтын чын же жалган экенин кантип, ким аныктайт?", - деп сурады Бекешев.
Ага жооп берген министрдин орун басары маалыматтын чын-жалганын Ички иштер министрлиги, милиция аныктай турганын айтты:
"Учурунда маалыматты жалган деп чечим чыгарган милиция кызматкери, кийин ал маалымат чын болуп чыкса, ошол жооп берет".
Бекешев мыйзам карапайым жарандар үчүн гана иштей турганын белгиледи:
"Эмнеге жарандар гана жалган же анык эмес, ишке ашпаган маалымат үчүн жооп бериши керек да, чиновник жооп бербеши керек? Тарыхта дайыма ушундай. Бир учурда бир маалымат жалган болсо, кийин ал чын болуп чыгышы мүмкүн. Мына, учурунда Матраимовду коррупционер деп айыпташкан, ошол убакта аны "жалган" дешкен. Бирок ал маалымат кийинчерээк чын болуп чыкты да. Андай болсо чиновниктер "жалган маалыматтардын үстүнөн арызданбайт" деп мыйзамга жазалы".
Бекешев фейк маалыматтарды "троллдор фабрикасы" таратып жатат деген пикирин да кошумчалады.
Долбоорго ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда жалган маалымат тараткандарга 20 миң сомдон 65 миң сомго чейин айыппул салынат.
Ушундай эле жалган маалымат тараткан адамдарга административдик айып салуу менен коштолгон мыйзамга президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда кол койгон.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ал социалдык тармактарда фейктерге каршы иштей турганы айтылган. Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган жалпыга маалымдоо каражатын соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.
Аталган мыйзамдын алкагында кезинде бир нече медианын сайты бир канча убакыт бөгөттөлүп, кайра ачылды. Кээлери дале жабык турат.
Мындан сырткары башка мыйзамдардын негизинде соңку 4-5 жылдан бери социалдык тармактардын ондогон колдонуучулары кармалып, камалышты. (ZKo)
Шерине