Украина орус армиясы континенттер аралык ракеталар менен чабуул койгонун маалымдалды. Анын алдында украин куралдуу күчтөрү Орусиядагы аскердик буталарга Британия берген Storm Shadow жана америкалык ATACMS ракеталары менен атканы кабарланган.
Бишкекте №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү шаар четинен табылган. Спорттун чебери, ачык-айрым Даша бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Аны өгөй атасы уурдап кетип, өмүрүн кыйган.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чет элдиктер жана жарандыгы жоктордун айрымдарына "жагымсыз" деген аныктама берүүчү мыйзамга кол койду. Эми Өзбекстандын жана анын элинин ар-намысына, кадыр-баркына же тарыхына шек келтирип сүйлөгөн чет элдик жаранга өлкөнүн аймагына кирүүгө тыюу салынат.
Орусия коңшусу Украинага басып киргенине 1000 күн болду. Ошондон бери карапайым украиналыктар бомбалоо, ракета жана дрон соккуларына туш болуп келатат. Майданда айыгышкан салгылаш уланууда. Орусия кошуна өлкөсүнүн дээрлик 20% ээлеп алган.
Украинанын аймактык коргонуу күчтөрүнүн ыктыярчысы Алексей Побигайды орус аскерлери 2022-жылы Бучада кармап кетишкен. Анын колдору байланып, башына ок тийген сөөгү орусиялык аскерлер таштап кеткен базанын аймагынан табылган.
Ноокаттагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчисинин басымына даттанды. Ош облустук милициясы кайрылуу боюнча териштирүүнү баштады. Адатта укук коргоо органдарында коомчулукка ачык кайрылган учурлар сейрек.
Казакстанда өрттөн улам бир күндө сегиз киши иске ууланып каза болгону кабарланды. Алардын жетөө балдар.
Грузияда парламенттик шайлоону кайра өткөрүү талабын койгон каршылык акциясы уланууда. 18-ноябрга караган түндү Тбилисиде митингчилер чатыр тигип, от жагып өткөрүштү. Талаштуу шайлоонун жыйынтыгын бекитип жатканда БШКнын төрагасына оппозициялык саясатчы Давид Киртадзе сыя чачып жиберген.
Америкалык медиа Вашингтон Киевге өз куралы менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бериши мүмкүн экенин жазды. Кремль андай чечим АКШ Орусия менен "тикелей жаңжалга кириптер болот" дегенди билдирерин айтып, Байдендин администрациясын эскалация үчүн айыптады.
Жекшембиде орус армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктурасына жана башка жарандык жайларга дрондор жана ракеталар менен жапырт сокку урганы кабарланды. Чабуулдун ири масштабынан улам НАТОнун мүчөсү болгон кошуна Польша истребителдерин абага көтөрүүгө аргасыз болду.
Казакстанда быйылкы күзгү аскерге чакыруу бир нече чуулгандуу окуя менен коштолууда. Балдарды аскердик комиссариатка көчөдөн кармап кетип жатышканы тууралуу видео Интернетте тарап, талкуу жаратты.
Дагы жүктөңүз