Депутат Улугбек Ормонов парламенттин 24-апрелдеги жыйынында Кыргызстандын аймактарында катуу жаан-чачындан улам суу ташып, сел жүрүп жаткан маалда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөдө жүргөнүн сынга алган. Натыйжада сел боюнча маалымат угуу 25-апрелдин күн тартибине киргизилип, каралды. Сессияда депутаттар аткаруу бийлигинен толук маалымат ала албай атканын айтып, май айында бул маселени комитеттин талкуусунан кийин карамай болду.
Өткөн аптада өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүп, ондогон турак жайлар жана мамлекеттик имараттар зыян тартып, бир адам каза болгон.
Депутаттардын сыны, Шамыркановдун жүйөсү
Жогорку Кеңеште селдин зыяндары боюнча баяндама жасаган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановду так маалымат бербеди деп сынга алышты.
Шамыркановдун маалыматына караганда, азыркы тапта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынан кийин Жарандык коргонуу комиссиясы жергиликтүү бийликтер менен бирге келтирилген зыяндын көлөмүн эсептеп жатат. Ошондуктан табигый кырсыктан өлкө канча зыян тартканы азырынча белгисиз.
“Республика боюнча 20-23-апрель күндөрү 67 жолу сел кырсыктары катталган. Ош облусунда 29, Жалал-Абад облусунда 18, Баткен облусунда 10, Талас облусунда 4, Чүйдө 4 жана Ош шаарында 2 ирет суу ташкыны болду. Сел 1092 кожолукту каптап, 264 үйдүн жер төлөсүнө суу кирген. Алдын ала тактоолор боюнча, 253 үй канааттандырарлык абалда, тогуз үй толук ремонтко муктаж, эки үй жараксыз абалга келген, бир катар социалдык объектилер жараксыз абалда. 300 кожолук эвакуацияланды. Учурда жарандык коргоо комиссиясы зыянды тактоо иштерин жүргүзүп, материалдык чыгымдар саналууда”, - деди Урматбек Шамырканов.
Анын маалыматы боюнча, 20-апрелде саат 20:30 чамасында “Тойота Ленд Крузер” автомашинасын сел агызып кеткен, анын айдоочусунун сөөгү эртеси күнү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.
Селге эмне себеп болууда?
Министрдин орун басарынын маалыматына караганда, селге, биринчиден, сел түшө турган жерлерге мыйзамсыз курулуштардын түшкөнү, экинчиден, арыктардын жана каналдардын тазаланбаганы, үчүнчүдөн, мал туягы көбөйүп, натыйжада жаандын суусу жерге сиңбей жатканы себеп болууда.
Сел каптоодо жергиликтүү бийликтин арык-каналдарды өз маалында тазалабай, аймактарда тийиштүү деңгээлде жумуш жүргүзбөгөнү шалаакылык катары белгиленди. Район акиминин орун басарына жарандык коргонуунун башчысы катары функционалдык милдетине өзгөчө кырдаалдар менен иштөө да жүктөлгөн.
Суроо берген депутаттар өзү туулуп-өскөн же шайланып келген аймактарындагы абал боюнча министрликтен маалымат угууну каалашты. Мисалы, депутат Дастан Жумабеков Айтматов районундагы абалга кызыкты:
“Урмат мырза, сиздин докладыңыздан Айтматов районундагы Шекер айылында жүргөн катуу сел тууралуу айтылбай калды. Ушуну кошуп койсоңуз. Анан айтарым – министрлик сел менен күрөшүптүр. Бирок селден кийин жабыр тарткан үй-бүлөлөргө, айылдарга, райондорго мамлекет тараптан эмне жардам болот, ошол тууралуу эч нерсе айтылган жок. Эмне иш жүргүзүлөт мындан ары?”
Ушул эле Талас облусунан шайланган дагы бир депутат Бактыбек Чойбеков аймакта министрликтин бир дагы оор техникасы жок экендигин айтты:
“Жаңы техника алдык деп айтып келесиңер, бирок Таласта бир да техникаңар жок, Жерүй алтын кенинин оор техникасы иштеп жатат, селди ошону менен тазаладык”.
Жыйында депутаттар Таластын Айтматов району боюнча, Жалал-Абаддын Ала-Бука, Чаткал райондору боюнча, Оштун Өзгөнүндөгү абал тууралуу так маалыматтарды алышкан жок. Урматбек Шамырканов ар бир район боюнча суроолорго кат жүзүндө толук жооп берерин айтты.
Депутат Камила Талиева Баткенде эле 98 объект зыян тартканын маалымдап, Раззаков шаарындагы райондук оорукана, “Наристе” бала бакчасы жабыркаганын, Самат айылындагы көпүрөнү сел алып кеткенин, 2021-аскер бөлүгү, саниэпидемиологиялык борбор жапа чеккенин жарыялады.
"Орун басарлар Казакстан менен Орусияга гумжардам жеткирип жүргөн"
Депутаттар ушундай оор кырдаал болуп жатканда министрдин жана анын орун басарларынын чет жакта иш сапарда жүргөнүн сынга алышты. Ага Урматбек Шамырканов мындай жооп кайтарды:
“Чет элде иш сапарда десе эле эл “аа, булар ар кайсы жактарда жыргап жүрүшөт” деп ойлоп калышы мүмкүн. Эки орун басардын бири менмин. Казакстанга гуманитардык жардам менен барып, кечээ түнү келдим. Дагы бир орун басар президенттин тапшырмасы менен Орусияга гуманитардык жардам жеткирип барды. Бир орун басар түштүк аймактарда селдин кесепети менен күрөшүп, иштеп жатат. Министрибиз болсо кечээ кечинде учуп келди”, - деди ал.
Депутат Улугбек Ормонов министрлик Өзгөн районундагы абалды толук билбей турганын айтып, министрдин орун басарын сындады:
“Жазы дарыясы кирип жатат, айылдарды суу алып кетүү коркунучу турат. Көп суроолорго министрликтин жообу жок экендиги бүгүн көрүндү”.
Ошол эле маалда мамлекет эскерткенине карабай “ата конушубуз”, “мал бакканга ыңгайлуу” деп коркунучтуу аймактарда жашап жаткандар бар экени да айтылды.
Буга чейин мамлекеттен жардам жана жер тилкесин алганына карабай, 2253 адам өмүрүн, бала-чакасын тобокелге салып, сел алып кете турган коркунучтуу жерлерден көчпөй отурганы маалымдалган.
Жыйында министрликтин Казакстан менен Орусияга берген жардамдарынын көлөмү тууралуу да айтылды.
Шамыркановдун маалыматы боюнча, Казакстанга биринчи жолу Кыргызстан 38 млн сомго 300 тонна жардам жөнөткөн. Экинчи жолу 14-апрелде жети автоунаа менен 28,5 млн сомдук 140 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.
Ал эми Орусияга 20 оор жүк ташуучу машина менен 32,7 млн сомдук 350 тонна жардам аткарылган. Жалпысынан Кыргызстан Казакстан жана Орусияга 119,4 млн сомдук гумжардам берген.
Жогорку Кеңеш 25-апрелдеги ишинин жыйынтыгы менен тийиштүү комитетке табигый кырсыктар боюнча маалыматты угуп, комиссия түзүп, суроолорго жооп алып, маселени май айында кайрадан сессияга алып чыгуу тапшырмасын берди.