Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Бээжин Зеленскийдин билдирүүсүн “жоопкерчиликсиз” деп атады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Кытай өкмөтү Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө катуу жооп берип, аны “жоопкерчиликсиз билдирүү” деп мүнөздөдү. Мурдараак Зеленский кытай жарандары орус армиясы тарапта согушуп жатканын жана Бээжин муну билиши мүмкүн экенин айткан.

10-апрелде Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзян маалымат жыйында Зеленскийдин сөзүн түз атабастан “тийиштүү тараптар Кытайдын ролун туура жана акыл-эстүү баалашы керек. Жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасабашы зарыл”, — деп белгиледи.

Кытай тараптын бул билдирүүсү 9-апрелде Зеленский украин бийлиги орус армиясы тарапта согушуп жаткан 155 кытай жараны жөнүндө маалыматка ээ экенин айткандан кийин жарыяланды. Анын алдында украин армиясы Донецк облусунда орус армиясынын катарында согушуп жүргөн эки кытай жаранын туткунга түшүргөнү маалымдалган.

Зеленский Кытайды өз жарандарынын орус армиясына жалданып жатканын көрмөксөнгө салууда деп айыптады.

“Бизде Кытай бул тууралуу билгени боюнча далилдер бар”, — деди Зеленский.

Бээжин расмий түрдө өз аскерлерин Украинага жөнөткөнүн четке каккан. Бирок буга чейин кытайлыктар согушка катышканы тууралуу маалыматтар орус жана кытай социалдык түйүндөрүндө жарыяланган. Айрым кабарларга ылайык, жүздөн ашуун кытай жараны жалданма жоокер катары орус армиясынын курамында согушка аралашкан болушу мүмкүн.

Украинада 2022-жылдан бери чет элдик жоокерлердин согушка аралашуусу байма-бай эле болуп келген. Бирок Киев биринчи жолу кытай жарандарын ачык түрдө айыптап жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG