Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасында атышуу болду


Ооганстан менен Тажикстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстан менен Тажикстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Ооганстан менен Тажикстандын чек арасына жакын аймактагы бир тажик милиция кызматкери жаракаат алып, экөөнү чек арачылар кармап кетти.

"Озоди" радиосу эки башка булагына таянып жазгандай, чек арачылар милиция кызматкерлерин маңзат ташууга айыптоодо.

Ал эми кармалгандар "маңзат саткандарды кармоого багытталган атайын операцияны" жүргүзүп жатканын айтышкан.

Тергөөнүн жүрүшүнө жакын булактардын маалыматына караганда, милициянын майору Достон Махамдализода бутуна жана ичине ок тийип, ооруканада жеткирилген.

Полковник Фирдавс Шарифзода жана подполковник Некрузи Курбонали кармалып, Душанбе шаарындагы Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына камалган.

"Атышуу эки тараптын түшүнбөстүгүнүн айынан чыккан", – деди атын атабоону өтүнгөн булак.

Ошол эле маалда ал кошумчалагандай, "милиция ар дайым чек арачыларды атайын операция тууралуу алдын ала кабардар кылышы керек, бул жолу андай болбой калган".

Чек арачылар болсо, стратегиялык аймакта эч бир мекеме Улуттук коопсуздук кызматы менен макулдашпастан операция өткөрүүгө укугу жок экенин белгилеп, өз аракеттерин мыйзамдуу деп эсептешет.

Окуя 6-апрелге караган түнү болгон. Учурда бул ишти Тажикстандын Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук кызматы териштирүүдө.

Бул аймак Ооганстандан Тажикстанга маңзат ташуучу негизги жол катары белгилүү.

Мурда бул жерде маңзат саткандар менен чек арачылардын кагылышуусу көп эле катталган. Бирок милиция кызматкерлери аралашкан учур биринчи жолу катталды.

Шерине

XS
SM
MD
LG