Эпидемия коркунучу жаралган учурда эмдөөсү жокторду билим берүү мекемесине кабыл алуу убактылуу чектелиши мүмкүн. Мындай талап Кыргызстандын “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзамынын 84-беренесинин 1-пунктунун 2-подпунктунда жазылганын бүгүн 10-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги эскертти.
Мекеме белгилегендей, мындай чектөө биринчи кезекте мектепке чейинки курактагы балдарга тиешелүү.
Ошол эле учурда министрлик Кыргызстандын Балдар жөнүндөгү кодексинде "ар бир бала саламаттыгынын корголушуна жана чыңдалышына, бекер эмдөөдөн өтүүсүнө укугу бар" деп жазылганын кошумчалады.
Ушул эле күнү Билим берүү жана илим министрлиги да маалымат таратып, жалпы билим берүү мекемелерине бардык балдар кабыл алынарын, себеби ар бир бала билим алууга укуктуу экенин билдирди.
“Бирок балдардын баары медициналык кароодон өтүп, мектепке кабыл алынат. Баласын мектепке берип жатканда ата-эне медициналык маалымкат жана “эмдөө картасын” тапшырат”, - деп айтылды министрликтин маалыматында.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын айтканын айрым маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Ал ар бир бала тууралуу медициналык маалымкатты ата-энеден сурабастан, автоматтык түрдө алуу системасы кирерин айтканы кабарланган.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков министрликтин мындай позициясынын мыйзамдуулугун текшерүү керектигин айтып чыккан. Ал эмдөөгө медициналык жактан уруксаты жоктор, ата-энеси эмдетүүгө жетишпей калган балдар да бар экенин айткан.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Фейсбуктагы баракчасына 9-апрелде “Мен милдеттүү түрдө эмдөөнү колдойм. Жалпы коомчулуктун кызыкчылыгы жогору турушу керек. Албетте, медициналык жактан эмдөөгө уруксаты жоктор бар. Андан башка учурда эмдөөдөн баш тартуу кабыл алынгыс болушу зарыл” деп жазды.
Саламаттык сактоо министрлиги 10-апрелдеги маалыматында өлкөдө кызамык боюнча абалды кооптуу деп атап, жыл башынан бери республикада бул ооруну жугузуп алгандар 5168ге жеткенин билдирди.Министрлик ата-энелер же алардын ордундагы адамдар баланын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү экенин белгилеп, республика боюнча 1777 эмдөө кабинети, 85 көчмө мобилдик бригада иштеп жатканын кабарлады.
Жыл сайын эмдөөдөн баш тарткандар 20 миңге чейин жетип жатканын белгилеген министрлик алардын 43% диний ишенимден улам, 45% вакцинанын коопсуздугу жана натыйжалуулугу боюнча шек санагандыктан ушундай чечим кабыл алгандар экенин кошумчалады.
Өткөн аптада Иммунопрофилактика борбору кызамыктан сегиз бала чарчап калганын айтып, ооруну алдын алуу максатында жарандарды балдарын эмдетүүгө чакырган.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, былтыр 14 380 адам кызамыкка чалдыкса, алардын 90% эмдөө албагандар экени аныкталган.
Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашка чыкканда жасалат. Кошумча эмдөө тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (КЕ)
Шерине