Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:13

"Энесинин көз алдында агып кетти". Кадамжайда селде беш жаштагы баланын өмүрү кыйылды


Кадамжайда сууга аккан беш жаштагы Саид-Азим Илхамовдун сөөгүн жергиликтүү тургундар саат 23:45 чамасында табышкан. Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын айрым айылдарында 24-июнда сел жүрүп, жол каттамдары убактылуу жабылды. Ондогон үй-бүлөлөр коопсуз жайга көчүрүлдү.

Баткен облусу

Кадамжайдын Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапты. Бул эки апта ичинде селден кыйылган экинчи өмүр. Өткөн аптада да Ноокенде 10 жаштагы өспүрүм селге агып чарчап калган.

24-июнда Кадамжайдын мурдагы Халмион азыкы Полот Хан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылында катуу жаандан улам сел жүрүп, суу 40тан ашык үйгө кирип, бир тобун жарактан чыгарды.

Миңден ашык адам эвакуация болду. Тилекке каршы, айыл тургунунун беш жаштагы уулу селге агып, бир нече убакыттан кийин сөөгү табылган.

Айылдагылар сел күтүүсүз жерден үйлөрдүн короолорун каптаганын айтышууда. Ошол убакта беш жаштагы Саид-Азим үйдүн короосунда ойноп жүргөн экен. Үйдө кош бойлуу апасы экөө гана болгон.

Баланын апасы жардамга чакырганда чуркап келип, бирок баланы куткарууга үлгүрбөй калган коңшусу Рахматжан Мамажанов буларды айтып берди:

"Үйүмдү суу каптап, селейип турсак, баланын энеси бакыра баштады. Суу көтөрүлүп, айнектерге чейин жетти. Энеси менин алдыма жеткенде, бала ага баштады. Эки жолу суудан чыгып көрүнбөй калды. Бул жерге келгенде, суу 1,5 метрге жетип такыр болбой калды. Андан кийин баланын суудан бир калкып чыкканын көрдүм. Кийимдеримди чечип чуркадым, кошунанын эшик алдына жеткенде эки машина турат эле, биринин астына кирип кетип, таба албай калдык да”.

Айылдан дагы эки адам селге агып, буту-колу сынып ооруканага түшкөн. Азан-казан түшүргөн кырсыктан жаныбызды араң сактап качып чыктык дейт тургундардын бири Наргиза Мамажанова:

“Кошунаныкына качып кирсек, ал жакта да толтура суу экен. Бул жактан болсо эки тараптан суу каптап келди. Эмне кыларыбызды билбей калдык. Анан жолдошум өрүктүн башына чык деди. Башка сактана турган жер жок болгондуктан экөөбүз суу тартылганча дарактын башында отурдук. Келсек, короо-жай, үйүбүз ылайга толуптур. Мына мейманканабыздын акыбалы. Сел дубалды тешип чыгыптыр”.

Учурда айылда селдин кесепетин жоюу, тазалоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматка ылайык, айылда 47 турак үйгө, 113 турак үйдүн тамаркасына, беш социалдык объектиге, 17 ички чарбалык жолдорго зыянын тийгизген.

Сел чайып кеткен үйлөрдүн биринин кожейкеси 56 жаштагы Хадича Илмиянова үйүнүн дубалдары солкулдап, кайда барышарын билбей калганын айтууда:

"Туугандарым, кудаларым келип короону тазалаганга жардам беришти. Азырынча "өкмөттөн мындай жардам болот" деп айткан эч ким жок. Жолдошум өмүр бою колхоздо иштеген. Балдарым менен үч келинимдин жыйган-тергени баары ушул короодо болчу. Жарактуу эч нерсе калбады. Бир бөлмөгө кулап калат, киргенге болбойт деп киргизбеди. Ичинде документтерибиз бар эле. Келиндеримди кудалардыкына жөнөттүм. Короодогу эгиндерди да жууп кетти. Дубал да урап жатат”.

Жергиликтүү бийлик сел кесепеттерин тез арада жоюу убадасын берип, зыян тарткандарга өкмөттөн колдоо болорун билдирди.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев:

“Бүт мамлекеттик кызматкерлер, райондук мекемелер бүт баары келип жер-жерде иштеп жатат. Эртең менен штаб өткөрүп, орун басарларымды ар бир районго, жабыр тарткан аймактарга бекиттим. Кырдаал оор болгону үчүн өзүм Полот Хан айыл өкмөтүнө келип, иштерди уюштуруп жатам. Бул жерде Кадамжай районунун акими жана кошумча штаб болот. Эл чогултуп, тазалоо иштерин баштадык. Жарандык коргоо комиссиясы бул жерде зыяндарды тактоо иштерин баштады”.

Куткаруу кызматтары сел жана көчкү коркунучтарын алдын ала эскертип, сак болууга чакырып келет.

24-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөр жаандын кесепетинен Лейлек районунун Катраң айылында, Калта-Арык жана Шоро тилкелеринде, Коргон – Катраң – Баул автоунаа жолунун 1-8-чакырымында, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 316-320-чакырым аралыгында сел жүрүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Жеринде тактоо иштерин жүргүзүүгө Лейлек райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу, тазалоо иштерине атайын техника тартылды.
Калта-Арык участогунда беш, Кара-Суу айылында бир турак жайга кирген селден кийинки калыбына келтирүү иштерине 10 куткаруучу тартылды.

Өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу учурда ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы баштаган өздүк курам күчөтүлгөн тартипте жумуш алып барып, Жарандык коргонуу кызматтары жана күч каражаттарын даярдыкта кармоо максатында ыкчам жыйынга катышууда.

24-июнь күнү саат 17:00 чамасында Кадамжай районунун аймагында да нөшөрлүү жаан жаап, анын кесепетинен Орозбеков айыл аймагынын Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, беш көпүрөнү бузуп кеткен.

Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак-Полотхан айыл аймактарында да сел келип, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектептин короосуна сел суулары кирген.


ӨКМ сел кирген турак жайдан жашы жете элек үч бала, эки киши куткарылганын, алардын абалы туруктуу экенин билдирди.

Кадамжай району боюнча 40тай куткаруучу иштеп жатканы кабарланды. Кырсыктын чыгымдары такталып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскерткен.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абадда 24-июнда айрым аймактарды сел каптады. Элди кооптуу жерлерден эвакуациялоо жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 17:00 чамасында Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун тоолуу аймактарында жаап өткөн жамгырдан улам кокту-колоттон топтолгон сел Шайдан-Сай аркылуу агып, Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев жана Базар-Коргон районунун Кеңеш айылдарындагы сайга жакын жайгашкан үйлөргө суу кирген.

“Жерине ыкчам топ, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчылары жана өздүк курам тартылып, кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүүдө”, - деп билдирди мекеме.

Суу Садырбаев айыл өкмөтүнөн 10 үйдүн, 3 социалдык объектинин, Кеңеш айыл өкмөтүнөн 9 үйдүн короосун каптаганы айтылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактарда, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскерткен.

Таласта эгин талаалары зыян тартты

Таластын Бакай-Ата районунда да 24-июнда нөшөрлөп жааган жаандан жана мөндүрдөн улам айыл чарба талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Сейдимар Мамбетов билдирди.

Анын маалыматына караганда, жамгыр 15:30дар чамасында башталган:

“Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу Биринчи май, Кыргызстан жана Боо-Терек айылдарында мөндүрдөн улам айыл чарба жерлери, өзгөчө төө буурчак жана буудай талаалары жабыркады. Учурда келтирилген зыянды тактоо иштери жүрүп жатат. Күмүштак айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды”.

Социалдык түйүндөрдө тараган видеолордон талаага эгилген төө буурчак жалбырактары күбүлүп калганын жана айылдагы айрым турак жайларды суу каптаганын көрүүгө болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу тоолуу аймактар, тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экенин, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG