Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:19

"Кызматтан алгыла же камайбыз дешти". Жоомарт Карабаев боюнча тараган аудио


Жоомарт Карабаев. Коллаж.
Жоомарт Карабаев. Коллаж.

Социалдык тармактарга Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен академиянын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тарады.

Анда Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган. Алтыбаева муну четке кагып, жалаа жабуу деп атап жатат. Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Ага эки берененин негизинде кылмыш иши козголгон, соттук териштирүү уланууда. Өзү "УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген.

Интернетте тараган аудио

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 7-апрелде Фейсбук баракчасына Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен академиянын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшкөнү делген аудиону жарыялады.

Абдирасулова бул постуна "Уккула! Кантип Айнуру Алтыбаева Жоомарт Карабаевди подстава кылып жатканын" деп жазган. Анда “атайын кызматтын кызматкерлери Карабаев боюнча талап койгону” тууралуу аял киши бирөөгө айтып берип жатканын угууга болот:

“"Ал эмне үчүн дагы эле кызматтан кете элек?" деп, "1-вариант–биз аны камайбыз, 2-вариант–аны жумуштан кетиргиле" деди. Анан мен аны чакырып "Өз арызың менен жумуштан кет" дедим. Эгер биз аны кызматтан ала турган болсок, анда берене менен алышыбыз керек болот. Ага “волчий билеттин” эмне кереги бар? Жакшы эле айттым "Ал жакка киргенден кийин кантип чыгасың? Алар сизге ачуулуу, аябай ачуулуу” деп.

Абдирасулованын Фейсбуктагы бул посту кызуу талкуу жаратып, ага комментарий жазгандар арасында Карабаев өзү да болду.

Карабаев "Айнуру Алтыбаеванын 2023-жылдын 18-сентябрында сүйлөгөн сөзү" деген жазуу менен өзүнчө аудио тиркеди. Анда аял кишинин үнү менен "Мага ГКНБшниктер келиптир. Сизге момунча материал алып келиптир. Камайбыз деп жатышат. Жоомарт, сиз өтө чоң ката кетирдиңиз. Азыр өз каалооңуз менен деген арыз жазыңыз" деп айтылып жатат.

Карабаев интернетке тарап жаткан аудиолорду өзү жаздырып алганын, Абдирасулова чыгарган тасмада сүйлөп жаткан Айнуру Алтыбаева экенин айтууда. Анын билдиришинче, аудио 2023-жылы ал Улуттук илимдер академиясында иштеп жүргөндө жазылган. Карабаев соттук териштирүү уланып жатканын жүйө келтирип, учкай жооп берди.

“Бул жерде тана турган эч нерсе жок. Ал Айнуру Алтыбаевага таандык. Тана турган болсо муну экспертизага берсе да чыгат. Ал жерде баары толук өзүнүн айткандары. “УКМКдан буйрук келди, сен жумуштан кет” деген жана башка сөздөрү да бар”, - деди Жоомарт Карабаев "Азаттыкка".

"Сотто далилдешиңер керек болот"

Абдирасулованын сөз болуп жаткан постуна Айнуру Алтыбаева да комментарий калтырган. Ал "Өзүңөрдүн жалган айыптоону, ойдон чыгарылганды жана калпты сотто далилдешиңер керек болот!" деп жазган.

"Азаттыктын" бул окуя тууралуу суроолоруна жооп берип жатып Алтыбаева Абдирасулованын сөзүн жалаа жабуу деп мүнөздөп, сотко кайрыла турганын билдирди. Карабаевге кылмыш ишинин козголушуна жана камакка алынышына тиешеси жок экенин белгилеген Алтыбаева аны менен жумушуна байланыштуу гана сүйлөшкөнүн айтып, атайын кызматтан нааразылык болгонун четке каккан жок:

“Мен кызматка дайындалгандан кийин УКМКнын кызматкерлери келди. "Биздин кызматтык документтерди Фейсбукка жарыялап койду" дешти. Мен жаңы келгем, билбейм да. "Макул, териштирели, комиссия түзөлү, ал эмнени, кантип жарыялап салганын, буга тартип жазасы берилеби же сөгүш жарыяланабы, комиссия чечсин" дедик. Комиссия түзүлгөндөн кийин бул жигит жумушка келбей коёт. Аны менен бөлүмдө чогуу иштеген балдар жумушка келбей жатканы боюнча акт түзүп коюшат. Комиссия ошонун негизинде Эмгек кодекси боюнча аны жумуштан четтетүү чечимин чыгарат.”

Карабаев иштен алынуусуна байланыштуу институттун үстүнөн сотко арызданып, үч инстанцияда тең жеңилип калган. Ал жумуштан кетишин “экспертизанын жыйынтыгын чыгарууда күч органдарынын буйругуна баш ийбегени” менен байланыштырып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет интернетте тараган аудио материал жана андагы сөздөр боюнча комментарий бере элек.

Судья алмашып, сот процесси токтоп турат

Жоомарт Карабаев 2024-жылы 3-июлда УКМКга суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган. Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.

Карабаевге тагылган айыптар боюнча соттук териштирүү азыр токтоп турганы белгилүү болду. Буга чейин 4-апрелде чечим чыга турганы күтүлүп жаткан. Бирок ишти караган судья Жумгал районуна которулганына байланыштуу процесс токтотулуп турганын Карабаевдин адвокаттарынын бири Акмат Алагушев билдирди.

“Азырынча күтүп жатабыз. Иш жаңы судьяга берилгенден кийин процесс башынан карала баштайт”, - деди ал.

Адвокаттардын айтымында, Карабаевдин кармалышына анын социалдык түйүндөргө жазгандары себеп болгон. Ал Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертиза жүргүзгөндө корутундусун УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен чыгарарын айтып чыккан. Ошондой эле ал экспертизаны тиешелүү сертификаты жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

28 жаштагы Жоомарт Карабаев Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Улуттук илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген. 2023-жылы кызматтан мыйзамсыз кетирилгенин айтып келет.

Карабаев Фейсбукта бийликтин айрым кадамдарын сындаган постторду да жазып келген.

Ал "мыйзамсыз ишти ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым" деп билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG