Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

"Сел - тоолордогу өзгөрүүнүн белгиси"


360 камерасы менен жабдылган бүркүт Франциядагы тоолордун үстүнөн учуп баратат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду. Сүрөттү Reuters агенттиги үчүнчү жактардан алып жарыялаган.
360 камерасы менен жабдылган бүркүт Франциядагы тоолордун үстүнөн учуп баратат. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду. Сүрөттү Reuters агенттиги үчүнчү жактардан алып жарыялаган.

Сел коркунучу Борбор Азияны, анын ичинен Кыргызстанды түйшүккө салууда. Бишкектин эл аралык деңгээлде көтөрүп жаткан тоолорго көңүл буруу жана мөңгүлөрдү коргоо чакырыгы сел көйгөйүн канчалык жөнгө сала алат?

Германиянын Бонн шаарында июндун алгачкы эки аптасында өткөн БУУнун экологияга арналган конференциясында Бишкек тоо маселесин дагы бир жолу талкууга алып чыкты.

Аталган жыйынга катышып келген климаттык дипломатия боюнча эксперт Дастан Абдылдаев "Азаттыкка" ой бөлүштү.

- Ноябрда Бакуда өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Климат боюнча жыйынына (COP 29) даярдык алкагында Бонндо уюштурулган конференциянын маанисин учкай айтып берсеңиз?

- Салыштырып айтканда, Бакуда ноябрда өтө турган иш-чараны Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны, ал эми Бонндогу конференцияны парламенттин бир комитетинин жыйыны деп койсок болот. Бонндун өзгөчө мааниси – негизги документтер ошол жакта талкууланып, даяр болгондо Бакудагы чоң иш-чарага чечим кабыл алуу үчүн сунушталат. Жогорку Кеңеште да ошондой эмеспи: негизги талкуу комитеттерде болуп, чечим кабыл алуу үчүн пленардык жыйынга алып чыгарылат.

Боннго БУУнун 200гө жакын мүчө өлкөлөрү келди. Көптөгөн тармактарда талкуулар уюштурулду. Алардын негизгилери: климаттык каржылоо маселеси, анын арасында адаптация жана митигация каралды (митигация – зыяндын өлчөмүн азайтуу үчүн милдеттүү чаралар). Өткөн жылы уюштурулган “Кыйроолорду калыбына келтирүү” фондун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Өзгөчө актуалдуу болуп бараткан “Кычкылтек рыногу” өңдүү темалар күн тартибинде болду.

Ар бир багытта талкуулар уюштурулуп, тийиштүү документтерди даярдоого аракет жасалды. Бирок талкууларга көп өлкөлөр жана көп кызыкдар тараптар катышкандыктан, айрым багыттарда бирдиктүү пикир табыла элек, ошондуктан талкуу улана бермекчи.

- Конференцияда кыргыз өкмөтүнүн делегациясы эмне маселе көтөрүп, глобалдык күн тартипке кандай сунуш берди?

Дастан Абдылдаев
Дастан Абдылдаев

- Быйыл Кыргызстандын делегациясы адистердин саны боюнча да, саясий деңгээли боюнча да, жигердүү катышуу жагынан өзгөчөлөндү.

Мен 2021-жылдан бери мындай конференцияларга такай барып жүргөн эксперт катары ушуну байкадым. Бул чындыгында кубанарлык көрүнүш. Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсаловдун, Тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы боюнча президенттин өкүлү Динара Кемелованын катышуусунда саясий деңгээлдеги жолугушуулар, талкуулар болду. Андан тышкары эл аралык, бейөкмөт уюмдарда, мамлекеттик органдарда иштеген адистерди эсептегенде, саны жагынан да көп адам барды. Кыргызстандын улуттук, эл аралык жана глобалдык багытта жүргүзүп жаткан саясаты – климаттын өзгөрүү шартындагы тоолор маселеси болду.

- Кыргызстандын бийлиги Тоолорго көңүл буруу, мөңгүлөрдү сактоо маселесинде буга чейин да БУУнун трибунасынан да кайрылуу жасап, дымактуу сунуштарды демилгелеп келет. Аны эл аралык коомчулуктун кабыл алуусу кандай болуп жатат? Биз көбүнчө расмий билдирүүлөргө негизинен жаңылыктарды угуп жүрөбүз. Сиз жеринен байкоо салган адис катары, эл аралык коомчулуктун Бишкектин сунушуна мамилесин кандай баалайсыз?

- Эгер Климаттык дипломатиянын акыркы 30 жылдагы тарыхын карасак, COP жыйынындабы же башка конференциялардабы, тоолордун маселесине арналган расмий иш-чаралар болбоптур. Былтыр Дубайдагы COP 28 жыйынында Садыр Жапаров бул маселени көтөрүп, Бутан, Непал, Андорра, Чили, Колумбия өңдүү мамлекеттер колдоп, алгач ушул Бонндогу конференциянын күн тартибине расмий түрдө “Тоолор жана климат” деген эксперттик диалог уюштурулду. Кыргызстан аны даярдоо этабына да, сунуштарды берүү бөлүгүнө да жигердүү катышты. Байсалов тоолуу өлкөлөрдүн атынан сөз сүйлөдү.

Буга чейинки конференцияларда ар кандай маселелерде башка мамлекеттердин, Африка өлкөлөрүнүн жигердүүлүгүн көп байкаганбыз. Бул ирет тоо маселесинде Кыргызстан ошондой болду. Кошуна өлкөлөрдүн делегациясы менен барган адистер мага: “Силердин өлкөңөр өз багытын таап алды, биз ошондой багытты таппай жатабыз. Биз суу же башка маселелерди көтөргөнүбүз менен, силердей болуп анык бир фокустун айланасына көйгөйлөрдү жалпылаштыра алган жокпуз”, - деген пикирин билдиришти. Кыргызстан азыр тоо темасын глобалдык деңгээлде көтөргөн лидер өлкө катары сыпатталып жатат.

Кыргызстандын тоолуу аймактарынын бири.
Кыргызстандын тоолуу аймактарынын бири.

- Кыргыз бийлиги бул маселеге улуттук деңгээлде кандай көңүл буруп жатат? Адистерди гана эмес, карапайым элди да бул көйгөйдү ойлонтууга түрткөн кадамдар барбы?

- Өкмөт Тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын иштеп чыккан жана аткарыла турган иш-чаралар 2023-жылы декабрда аныкталган. Арасында тоо экосистемасын коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү, туруктуу айыл чарбасына, суу чарбасына багытталган пландар бар. Аны өнөктөштөр менен бирге ишке ашыруу жагы мамлекеттик мекемелерге жүктөлгөн. Бир жылда эки жолу каралып, талкууланат. Июндун соңунда алгачкы жарым жылдын жыйынтыгы менен таанышсак керек. Ошондон кийин гана оош-кыйышын талдап, аны жакшыртуу жагын талкууласак болот.

- Борбор Азия чөлкөмүн, анын ичинен Кыргызстанды быйыл сел коркунучу сестенткендей болду. Сел менен тоо экосистемасынын байланышы, суу ташкыны маселеси көтөрүлдүбү Бонндо?

- Тоолуу өлкөлөрдөн барган адистердин негизги чакырыгы мындай болду: Тоо бул – бир гана экосистема эмес. Тоодо болгон өзгөрүү тоодо эле калбайт, башка аймактарга да таасир берет дегенди жеткиргенге аракет кылдык. Сиз айткан суу ташкындары, сел дагы - тоо экосистемасындагы өзгөрүүнүн кесепети. Ошондуктан тоо экосистемасын коргоонун финансылык жана башка көйгөйлөрүн чечүү зарыл.

Ноокен районундагы айылдардын бирин каптаган сел. 21-июнь, 2024-жыл.
Ноокен районундагы айылдардын бирин каптаган сел. 21-июнь, 2024-жыл.

- Быйылкы селдин Борбор Азияга сабагы кандай болот? Бул багытта чөлкөмдө чогуу-чаран аракет көрүү демилгеси барбы? Региондогу мамлекеттер бул маселени өз алдынча чече алабы?

- Үч жумадай мурда Алматыда Борбор Азияга арналган Климаттык өзгөрүү конференциясы болгон. Анда негизинен суу ташкындары, кыйроолордун алдын алууга багытталган талкуулар болду. Андан мурда сууга байланышкан форум Дүйшөмбү шаарында болгон. Кыргызстан тоо маселесин көтөрүп жүрөт. Бирок талкуулардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, көйгөйдү бир гана өлкө чече албайт. Ал тургай чөлкөм катары чечүү да оңой болбойт. Аны глобалдык деңгээлдеги финансылык колдоо менен чечсе болот. Анткени мөңгүлөрдүн эриши, тоо экосистемасынын кыйрашына климаттын өзгөрүшү таасир берүүдө. Мунун баары келип ар кандай табигый кырсыктарды жаратууда. Аба табын жогорулатпоого дүйнө өлкөлөрү чогуу аракет көрсө гана абал жакшырат.

Бонндогу конференцияда, эгер адашпасам, Венесуэлада мөңгүлөр эрип жок болуп кетти деген маалымат айтылды. Ойлоп көргүлө, мөңгүлөр толугу менен жок болуп кетиптир. Эгер абал ушундай уланса, жакынкы он жылдыктарда дүйнөдө эриген мөңгүлөрдүн саны көбөйөт деп мисал катары көрсөтүлдү. Биздин чөлкөмдө мөңгүлөр толук эрип кетпейт деген кепилдик жок.

- Сиз айтып жаткан маселелерди “көйгөйдүн алдын алуу” деп мүнөздөгөн туурабы же дүйнө “жарылган жаранын ириңин тазалоого” кириштиби?

- Дүйнө экологиялык көйгөйлөрдүн алдын алуу менен дагы алек, ошол эле учурда кесепети менен да күрөшүп жатат. Андан тышкары кыйроолорду калыбына келтирүү деген үчүнчү багыт да бар.

- Бирок мунун баары каражатка келип такалат эмеспи. Бонндогу жыйында көйгөйлөрдү чечүү үчүн каржылоо маселеси талкууландыбы?

- Дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр өнүгүп келаткан мамлекеттерге 2020-жылга чейин 100 миллиард АКШ доллары өлчөмүндө акча бөлөбүз деп максат коюшкан. Бирок ал 2023-жылы гана ишке ашты. Ал эми адистердин эсебин карасак, 2025-жылдан баштап мындан да чоң каражат керек. Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүнө таянсак, митигациялык, адаптациялык жана калыбына келтирүү багыттарына 1,1 же 1,3 триллион доллар өлчөмүндө каражат талап кылынат. Өнүккөн өлкөлөр каражат берүүгө даярбы? Бул суроо азырынча талкууланып бүтө элек. Бакуда ноябрда өтө турган COP29 жыйынына узак мөөнөттүү климаттык каржылоо тууралуу чечим даярдалышы керек. Азырынча ал даяр эмес.

- Ноябрга чейин аз эле убакыт калбадыбы... Чечилиши мүмкүнбү?

- Бул маселеде оптимист болуу кыйын. Ошол эле учурда пессимист да болбошубуз керек. Жок дегенде орто мөөнөттөгү чечимдер кабыл алынат деп ишенем. Жалпылап айтканда, глобалдык жылуулук көйгөйүнөн жаралган маселелерди биротоло жок кылуу мүмкүн болбой калды. Бирок аны азайтуу, алдын алуу үчүн дүйнө өлкөлөрү биригип аракет көрүшү күн тартибиндеги маселе болуп турат.

Дастан Абдылдаев менен маекти "Жер Эне" подкастынан угуңуз:

XS
SM
MD
LG