Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:09

АКШ элчилиги визадагы мөөнөттөн ашыкча жүргөндөр өлкөгө кирбей каларын эскертти


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги визада көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыкча жүргөн жарандарга бул өлкөгө барууга биротоло тыюу салынышы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу элчилик өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Консулдук кызматкерлердин сиздин иммиграция амалдарыңыз тууралуу толук маалыматы бар жана талаптар бузулган учурларды аныктай алышат. “Айыпсыз ката” деген түшүнүк жок, визаңызды туура колдонуу сиздин милдетиңиз", - деп жазган АКШнын дипломатиялык өкүлчүлүгү.

Быйыл 20-январда АКШнын президенти Дональд Трамп кызматка киришкенден баштап мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер жүрүп, депортация күч алган. Трамп иммиграцияга жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын АКШнын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети катары түшүндүргөн.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, бул өлкөдөгү элчилиги Кошмо Штаттардыгы миграция чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөр жана кыргыз жарандарына тийиштүү болгон абалга байкоо салууну улантарын белгилеген. Ошондой эле мекендештерди керектүү документтерин жанына ала жүрүүгө чакырган.

Миграция саясаты өзгөргөндөн тартып канча кыргызстандык кайтып келгени же депортация болгондор арасында кыргыз жарандары бар-жогу тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Соңку жылдары АКШга Мексика аркылуу барган кыргызстандыктар көбөйгөн. Алардын айрымдары чек арадан ары өтө албай кыйналган учурлар катталган.

Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жол менен гана баруу керектигин такай эскертет.

АКШ 2024-жылдын март айынан тартып Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн беш жылдан 10 жылга узарткан.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл февралга карата АКШда 36 миң кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG