14-апрелден тартып Бишкек жана Ош шаарларында, ал эми 1-майдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү болгон маалымкат жана маалыматтарды кагаз түрүндө берүү жана талап кылуу токтотулат. Кезекте туруп, кагаз документтерди чогултуунун кажети жок болот. Талап кылынган маалыматтар “Түндүк” тиркемесинин жардамы менен алынышы мүмкүн. Бул жеңилдиктер калктын белгилүү бир категориясына - 50 жаштан жогоруларга, аярлуу катмардагыларга, чет жактардагы кыргызстандыктарга жана чет өлкөлүк жарандар үчүн каралган.
Маалыматты кыргыз өкмөтү Президенттин администрация башчынын орун басары Азамат Кадыралиевге шилтеме кылып таратты.
Маалыматта ошондой эле 1-июндан тартып мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жарандардан жана ишканалардан мамлекеттик жана муниципалдык маалымат базаларында жана маалымат системаларында турган маалыматтарды талап кылууга иш жүзүндө тыюу салынары жазылган.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийликтер кызмат көрсөтүүдө документтерди "Түндүк" системасы аркылуу өз алдынча алууга милдеттүү болот.
"Жарандар мамлекеттик органдардын ортосунда документтердин жана маалымкаттардын папкалары менен чуркабашы керек. Башкы максат – мамлекеттик сервистерди ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу, керексиз бюрократиялык жол-жоболорду жана кагаз иштерин жок кылуу, бул үчүн заманбап санариптик технологияларды максималдуу пайдалануу" деп белгиленген
Эгерде зарыл болгон автоматташтырылган маалыматтык базалар жана системалар түзүлбөгөн болсо, мамлекеттик органдар аларды 1-октябрдан кечиктирбей, ишке киргизүүгө тийиш.
Тиешелүү мамлекеттик кызматтарга бул тууралуу калкка кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттендирилди.
Бул иштердин аткарылышына президенттин, министрлер кабинетинин, президенттин пдминистрациясы көзөмөл кылат.
Бул чаралар президент Садыр Жапаровдун 10-мартта кол койгон "Мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде аткарылып жатканы кабарланды.
Мурдараак президент Садыр Жапаров санариптештирүү жараянын өзү көзөмөлдөй турганын, бул боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен. Ал Санарип өнүктүрүү министрлигине бир жылдык мөөнөт берилип, санариптештирүү боюнча милдет коюлганын билдирген жана маалымат бербеген мекемелердин тизмесин Фейсбукка чыгарган. Кийин мамлекеттик органдар тиешелүү тапшырмаларды аткарганы кабарланган. (ZKo)
Шерине