Кыргызстан Кызыл-Омпол уран кенине байланыштуу эл аралык эксперттерге да кайрылат.
Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.
Ушул эле күнү Ысык-Көлдө уран кенин чалгындап жаткан компания жана ага каршы чыккан айрым жарандык активисттер Бишкекте эки башка басма сөз жыйынын өткөрүштү.
«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы «кен казылса мал-жанга, жаратылышка кесепети тийбейт» деп ишендирүүгө аракет кылып жатат. Ал эми айрым жарандык активисттер, бир катар жергиликтүү тургундар болсо уран казууну биротоло токтотууну талап кылышууда.
Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы лицензияны качан, кантип алганын айтып берди.
Ал өз сөзүндө «уран кенин казуу аракеттери азыркы бийликтин тушунда башталган» деген сөздөрдү жокко чыгарды:
«Уран боюнча акыркы эки жумадан бери катуу талкуу жүрүп жатат. Туура эмес маалыматтар айтылууда. «Уранды иштетүү үчүн Орусиянын 30 миллион долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө лицензия алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп лицензия алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен».
Абылгазиев кыргыз бийлиги Кызыл-Омполдогу жагдай тууралуу Атом энергиясы боюнча эл аралык уюм - МАГАТЭге да кайрылганы жатканын кошумчалады. Премьер-министр кенге байланыштуу маселеде жергиликтүү тургундардын пикири эске алынат деп убада берди:
«Комиссиянын алкагында экология маселесин, жарандарыбыздын ден соолугуна тийгизген таасирин карап, МАГАТЭге чейин кайрылып, аларды чакырып, корутундусун алып, ошого жараша чечим чыгарабыз. Эгерде «токтот» десе токтотобуз. Бир гана маселе болот. 2010-жылдан бери иштеп, каражатын сарптаган компаниянын өзүнүн тагдыры кандай болот? Аны да чогулуп чечип, компанияга жооп беришибиз керек. Элдин пикирин угуудан качпайбыз. Эң башкысы – комиссиянын корутундусун бир угалы. Нааразылык билдирип жаткан эл менен баарыбыз кеңешип, анан чечебиз».
Премьер-министр парламентте уран кени тууралуу айтып жаткан кезде, Кызыл-Омполду чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын жетекчиси Светлана Менг журналисттерге маалымат берди. Анда кенди чалгындоого эле миллиондогон акча жумшалганын кеп салды:
«Биз лицензияны 2010-жылы алганбыз. Ошол кезде, эгер жаңылбасам, уран кенин изилдеп, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча 35 компаниянын лицензиясы бар болчу. Биздики - Кыргызстан-Канада биргелешкен компания. Үлүштүн 70 пайызы Канада тарапта. Азыр «бул эч кандай канадалык компания эмес, кытайлардыкы» деген да сөздөр жүрүп жатат. Жолдоштор, биз уран казган, Торонтодо биржалары сатыкка чыгарылган ири кытайлык компания менен бир убакта чогуу гана иштешкенбиз. Биз геологиялык чалгындоо иштерине эле 271 миллион сом короттук. Бирок компаниянын чыгымдары мындан эки эсе көп, анткени жумушчуларга айлык акы, салык, Социалдык фондго жана башка жактарга акча төлөнүп келген. Компания иштеп жатканда радиациялык фон жогорулаган жок».
Светлана Менг уран кенин казууда мал-жанга, жаратылышка зыяны тийбегендей ыкма колдонулат деген оюн айтты:
«Эгер биз иштеп калсак, анда уранды темир жол менен гана атайын өтө бекем жабылган контейнерлерге салып ташыйбыз. Кудай сактасын, бирок кырсык болуп вагондор тоголонуп, контейнер ачылып, ичиндеги кум төгүлүп кете турган болсо аны кадимки эле күрөк менен чогултуп алса болот. Ал жерге дароо сиңип кете турган, Чүй жана башка жерлердин баарын булгагандай суюктук эмес. Биз уранды казууда дүйнөдөгү эң коопсуз технологияны тандап алганбыз: химиясыз, жардыруусуз жана калдыксыз. Биз жөн эле аймакты тазалап чыгып кетебиз, ал жер таза, иштеткенге ыңгайлуу болуп калат. Зарыл болсо, биз ал жерге бак тигип кетебиз. Жайытты жакшыртабыз. Азыр ал жер - жөн эле таш жаткан талаа».
Ушул эле күнү Кызыл-Омполдогу уран кенин казууга каршы чыккан айрым жарандык активисттер да басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алардын бири Марат Акатов Кызыл-Омпол уран кени ушул учурда казылып жатканын айтты. Активист кен казууну тыптыйпыл токтотуу боюнча талап менен ушул айдын этегинде нааразылык акциясы уюштуруларын маалымдады:
«Премьер-министр түзгөн комиссияга өкмөттүн өзүнө көз каранды министрликтердин өкүлдөрү кириптир. Биз бул комиссияга жергиликтүү тургундар да кошулсун деген талап койгонбуз. Биз ал жакка барып радиациялык фонду аныктаганда, айрыкча казылган жерлерде радиациялык фон аябай жогору экенин көрсөтүп жатат. Биз - Ысык-Көлдө, Кочкордо жашаган жергиликтүү тургундар - уранды казууга каршыбыз. Биздин уруксатыбыз жок ал жерди каздырганга эч кимдин акысы жок. Кен казылбашы, токтотулушу керек».
Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча, Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.
Кызыл-Омполдогу уран кенин казууга лицензиянын берилген таржымалы тууралуу талаш-талкууга байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) да үн катты.
Анда «Атамбаев алгач премьер, андан кийин алты жыл президент болуп турганда да бул маселе анын деңээлинде каралган эмес» деп айтылат. Бул билдирүү өз кезегинде социалдык тармактарда кызуу талаш-талкууга кабылды.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 20-декабрынан тартып 2011-жылдын октябрына чейин премьер-министр, 2011-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 24-ноябрына чейин президент болуп иштеген.
Ыңгайсыз суроолор: Урандын уусу жана чуусу