Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:57

Германия Ирандын консулдуктарынын баарын жапты


Жамшид Шармахд өлүм жазасына тартылганы 28-октябрда жарыяланды.
Жамшид Шармахд өлүм жазасына тартылганы 28-октябрда жарыяланды.

Германиянын аймагындагы ирандык үч консулдуктун баары жабыларын 31-октябрда өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербок билдирди. Бул Иранда теги ирандык немис жараны Жамшид Шармахд өлүм жазасына тартылгандыгы үчүн жооп болору белгиленди.

"Биз Германиянын жараны өлүм жазасына тартыла турган болсо олуттуу кесепеттер болорун бир нече жолу эскерткенбиз. Ошондуктан мен Франкфурт, Мүнхен жана Гамбург шаарларындагы Иран консулдуктарын жабууну чечтим", - деди Бербок жана Шармахддын өкүмү тууралуу жарыялангандан кийин Иран менен мамиле "төмөнүрөөк чекке" жеткенин белгиледи.

Буга чейин Германия Ирандагы элчисин кеңешүү үчүн чакырган жана Берлиндин нааразылыгын билдириш үчүн бул өлкөдөгү иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлүн да чакыртып алган. Бербок Шармахддын өлүмгө дуушар болушу Ирандын "адилетсиздик режими" ырайымсыз аракеттерин улантып жаткандыгынын белгиси экенин кошумчалады.

Үч консулдукта иштеген 32 кызматкер эгер немис жарандыгы жок болсо Германиянын аймагынан чыгып кетиши керек болот. Ирандын Германиядагы элчилиги боюнча эч кандай чектөө жок.

Иран да өз нааразылыгын билдирип, Германиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакыртып алды жана немис тараптын чечимин "адилетсиздик" деп атады.

Ирандын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Шармахд өлүм жазасына тартылганын, ага коюлган террорчулук тууралуу айыпты Жогорку сот акыркы чечими менен тастыктаганын 28-октябрда кабарлашкан.

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи немис паспорту бар болгондук эч кимге артыкчылык бербей турганын айткан.

Министр Бербоктун чечимин Германиянын канцлери Олаф Шольц да, АКШ жана Евробиримдик да колдошту.

2008-жылы Шираз шаарында мечиттеги жарылуудан 14 киши каза болгон, 210 киши жараат алган. Ирандык журналист жана инженер-программист Шармахд 2020-жылы “АКШдан Иранга каршы террордук ишмердүүлүк жүргүзгөн, 2008-жылдагы жардырууну уюштурган топтун лидери болгон” деген айып менен кармалган.

Шармахддын жакындары жана укук коргоочулар ага коюлган айыптын баары негизсиз экенин, териштирүү жана сот жасалма өткөнүн, ал Паркинсон илдетине чалдыккан оорукчан адам экенин айтышкан.

Адатта Иранда өлүм жазасы адамды дарга асуу аркылуу ишке ашырылат.(RK)

XS
SM
MD
LG