Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

Москва Украинанын 83 дронун жок кылды, Одесса ракета чабуулуна кабылды


Украина.
Украина.

Орусиянын Коргоо министрлиги 1-ноябрда эртең менен абадан коргонуу системалары өлкөнүн алты аймагында Украина учурган жалпысынан 83 согуштук дронду жок кылганын билдирди.

МекеменинTelegram каналындагы маалыматында айтылгандай, учкучсуз учактардын 36сы Курск облусунда, 20сы Брянск облусунда, 12си Крымда, сегизи Воронеж, төртөө Орлов жана үчөө Белгород облустарында жок кылынды.

Брянск облусунун губернатору Александр Богомаз дрондордун бири Брянск шаарында турак үйгө тийгенин, бир киши жараат алганын кабарлады.

Ставрополь крайында учкучсуз учак Светлоград шаарындагы мунай базасына барып тийгенин аймактын губернатору Владимир Владимиров Telegram каналына жазды.

Ал эми Украина Орусия учурган 31 согуштук дронду атып түшүргөнүн кабарлады. Мындан тышкары, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, орус аскерлери ракета менен да атышты.

Кара деңиздеги Одесса портунда ракетанын соккусунан өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн бири талкаланганын, натыйжада эки өрт өчүрүүчү кызматкер жараат алганын аймактын башчысы Олег Кипер маалымдады.

Украинанын Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшү 2022-жылдын февраль айынан бери уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG