Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Экономика

Быйылкы жыл бюджети тууралуу мыйзам долбоорунун экинчи окулушундагы кызуу талаш-тартышты чакырган проблема - кошумча табылган 811 миллион сомду кантип бөлүштүрүү болду. Кошумча акчанын кыйласы билим берүү, саламаттык сактоо, жол сындуу өзгөчө маанилүү делген тармактарга үлөштүрүлдү.

Өкмөт сунуш кылган 2006-жыл бюджетине кошумча киргизилген 811 миллион сом парламенттин комитет жыйынында бир нече ирет такталып, кайсы тармакка канча акча бөлүнөрү эсептелинип чыккан. Парламенттин каржы жана бюджет комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков акчаны кантип бөлүүнү аткаруу бийлик өкүлдөрү менен кеңешип чечишкенин маалым кылды:

- Ушу 40 миллионду биз Жогорку Кеңеш бюджетине коштук. 145 миллион сом экен, ага 40 миллион кошсок 185 миллион сом болот экен Жогорку Кеңеш бюджети. Дагы бир 3 – 5 миллион сомду каржы министри экөөбүз табабыз. Бул кечээки сиздер алган чинге, айлык акыга кетчү акчалар.

Быйылкы жылдын бюджети социалдык багытта деп мактаныч кылып айтканыбыз менен ал өнүгүү бюджетине көтөрүлө албай жатат деп билдирди депутат Жантөрө Сатыбалдиев.

- 24-марттан кийин бардыгыбыз эле турмушубуз тез оңолуп кетет деген ой менен жашадык эле. Бирок андай жыйынтыкка жете албай калдык го деген оюм бар. Себеби көп эле суроолор болду, 2006-жылдын бюджети башка бюджеттерден эмнеси менен айырмаланат дешти. Мен айтат элем, эчтеке менен деле айырмалана алган жок. Ал мурунку канча бөлүнгөнгө реалдуу өсүштү кошуп туруп көбөйтүп бөлүп коюу менен чектелди.

Кесиптешинин пикирин улап, депутат Авасбек Момункулов быйылкы жыл бюджетин абалы оорлошуп бараткан экономиканын көрсөткүчү катары сыпаттады:

- Бул өзү абалы абыдан оорлошуп жаткан биздин экономиканын күчтүү бюджети. Бирок ал бутун тыбыратып жан берип жаткан социалдык блокту жандантчу бюджет болууда. Социалдык тармакка канча акча жумшалып жатканын өзүңөр көрдүңөр.

Бюджеттин социалдык багытка өзгөчө басым коюшу 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийинки калктын үмүт-тилегине кайчы келбестигин депутаты Муратбек Мукашев да белгиледи.

- Бир нерсени айтып коеюн, 2005-жылга салыштырмалуу бул жылкы бюджетке социалдык максатка деп 1 миллиард 890 миллион сом арбын жумшап жатабыз. Бул да көңүл жубантчу нерсе. Ошондуктан мен сиздердин көңүлдү өкмөт өзгөчө маани берүүгө тийиш маселеге бургум келип туру. Ички-тышкы карыздар 7 миллирад сомду түзөт, бул 28% дегенди түшүндүрөт.

Муратбек Мукашев өкмөт ириде ички-тышкы карыздарды дыкат текшерип, тактап-аныктап чыгышы керек, деген пикирин билдирди. Себеп дегенде карыздарды төлөөнүн оор жүгү барып-келип эле бюджеттин, салык төлөөчүлөрдүн мойнуна түшүүдө. М.Мукашев кийинки кездери Кулов – Бакиев мунасасы саясий оюндардын оромпоюна айланып баратканын да айта кетти.

- Президент жокто премьер-министр билдирүү жасашка моралдык акысы барбы? Анын да өкмөт башчы өзү жетектеген «Арнамыс» партиясы мамлекет башчысына каршы чыгышын кайсы моралга киргизебиз? Мындай суроолор абыдан көп. Мен өзү Ө.Текебаев менен Ф.Куловдун экилтиги дагы күчтүү болушун каалайм. Бирок ал кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталсын.

Жаңы бюджеттин аткарылышы үчүн өлкөдө ириде саясий туруктуулук болушу абзел. Парламент депутаты Искендер Гаипкулов өлкөнүн экономикалык документи өкмөттүн кысмагы жок, ачык-айкын кабыл алынды деген пикирде.

- Бюджетти талкууда өкмөт, президент тарабынан мурдагыдай кысым болгон жок. Депутаттар өз ою менен, өздөрү билгени боюнча ачык карап чыгышты.

9-февралда бюджет мыйзамы үчүнчү окууда, айрым сандарды, көрсөткүчтөрдү тактоо аркылуу толугу менен кабыл алынат.

Быйылкы жылдын республикалык бюджетинин киреше бөлүгү 20 миллиард ашуун сомду түзөт, чыгаша жагы андан 421 миллион сомго арбын. Чыгашанын тең жарымы социалдык тармакка жумшалмакчы. Эларалык каржы институттарынын талабын бекем сактаган өкмөт инфляция деңгээлин, сомдун долларга каршы катышын, бюджет таңкыстыгын бир чекте кармоо аракетин жасап келатат.

Парламенттеги быйылкы жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн талкуулаган экинчи окуу жыйынын утурлап «Алтын казык» үй куруучулар коомунун мүчөлөрү пикетке чыгышкан.

- Ипотеканын негизинде каржыны бөлдүк деди 1-январдан тартып. Мына 1-январь келди. 30-январь да келди. Ал ипотекадан дайын жок. Парламент ипотека маселесин карап туруп бизге аны бөлүп берсин. Ипотека, кредитти качанга чейин чоңдор алышат, байлар алышат, качан ал карапaйым адамдарга келет?- деп айтты үй куруучулар коомунун жетекчиси Осмон Рыскулбеков.

Парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитеттин төрагасы Акматбек Келдибеков быйылкы жыл бюджетинде 200 миллион сом ипотека кредити үчүн көрсөтүлгөнүн ырастады.

- Биз бюджетке ипотекалык кредиттөө үчүн деп 200 миллион сомду койдук. Өкмөт ошол 200 миллионду ипотекалык кредит үчүн бөлүүнү кандай принципте жүргүзөрүн белгилеши керек. Муну менен 1000 үй курса болот.

А.Келдибеков быйылкы жыл бюджетине кошумча 811 миллион сом киргизилгенин, ал негизинен окуу китептери, мектептерди оңдоо жумуштарына, медициналык жабдууларды сатып алууга сарпталарын маалымдады.

Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков аскерлердин тамак-ашына дагы кошумча 11,5 миллион сом сураганын, бирок да өкмөт андай акчаны бөлбөй жатканын билдирди.

- Бүгүн биздин жоокерлерге тамак-ашка болгону 34 сом гана бөлүнөт. Чын-чынына келгенде ага 50 сом сарпталат, 49 сом 50 тыйын. Өкмөттүк жыйында да сурадым эле. «Мага 11,5 миллион сом кошкула», дедим эле. Баары макул болушкан. Бирок мына бул жерде карaсак, эч нерсе жок.

А бирок да, парламент менен президент аппаратын кармоого өкмөт жетиштүү дегидей акчаны бөлүп келатат.

- Кечээ президент бизди тилдеди. 190 миллион сом кетирдиңер, 2006-жылга 300 миллион сом сурап жатасыңар деди. Президенттин өзүнүн эле, жана иш башкаруу, аппарат, жана башкаларын кошпогондо эле бир адам, Кыргызстанда бир адам 230 миллион сомду коротуп жатат. 75 депутат менен бир адамдын – президенттин ортосундагы каржылык алака тууралуу жакшынакай жооп жазбайсыңарбы,- деди депутат Мелис Эшимканов.

Бюджеттин чыгаша бөлүгүн сары эсепке салып жаткан кесиптештерине кайрылып, мурдагы Башкы прокурор Азимбек Бекназаров Акүйдүн жертөлөсүнөн табылган долларлар менен кыргыз сомдорун бюджетке киргиздиңерби суроосун өкмөт башчыга жолдоду.

- Эми фактылар менен айтайын. Феликс Шаршенбаевич, Акыл Үсөнбекович, 24-мартта, революция болгондон кийин Акүйдүн подвалынан «энный» суммадагы долларлар алынды эле, сомдор алынды эле. Бишкек шаардык мэриясына алып барылды эле. Ошол акчалар бюджетке кирдиби же кирген жокпу? Ал акчалар өзү бүгүн кайда?

Өкмөт башчы Феликс Кулов, каржы министри Акылбек Жапаров экөө тең Акүйдө катылган акчанын дарек-дайнын билбестигин айтышты.

- Өкмөт бул акчаны алган эмес.

- Акылбек (Жапаров – ред.) сен билесиң да бул акчаны?

- Мен өзүм көргөн эмесмин. Сиз менен чогуу отурганбыз. Ал акчалар бар, тиякка алып кетти деп жатышат. Бирок казыналыкка келип түшкөн жок. Мен муну өз керт башым менен сизге жооп бере алам.

Акматбек Келдибеков революция күнү Акүйдүн алдында жайнаган акчанын жатканы жомок, андай болушу мүмкүн эмес, дейт.

- Бул менимче, жомок, кантип эле жертөлөдө акча жайнап жатып калсын. Андай болбойт.

Парламент депутаты Авасбек Момункулов, бюджетти дагы талкуулап отурбастан кабыл алуу сунушун билдирди.

- Биз дагы көп жолу бу бюджетке кайрылабыз. Кыйла жылдардан бери каржы тармагында иштеп келген адис катары айтайын, бул өзү социалдык багыттагы бюджет.

Бюджет жыл сайын эле социалдык багытты көздөп, кирешенин кыйласы айлык маяна, жөлөкпул, коммуналдык кызмат акыларына жумшалып, реалдуу сектор четте калып кеткенин депутат Жантөрө Сатыбалдиев айтты.

- Көп жылдан бери эле биздин бюджет социалдык багыттагы бюджет болуп келатат. Бизде эч кандай өнүгүү бюджети боло элек. Курулушту, өндүрүштү колдоо жагы каралбай жатат.

Бюджет талкуусу шейшембиде улантылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG