Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:44

Ташиев айрым партиялардын добуш сатып алуу аракети болгонун айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайлоо таза, добуш сатып алуусуз, ачык өтөт деп ишендирүүдө. УКМК төрагасы бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"17-ноябрда өтө турган шайлоону таза өткөрүү үчүн колубуздан келгенин кылдык мамлекет тарабынан. Шайлоого катышуу үчүн бараткан партиялар, талапкерлер текшерилди. Арасынан 30дай талапкерди алдырдык, анткени алардын мурда уюшкан кылмыш топторуна жана кылмыштуулукка тиешеси бар болгону аныкталган. Мамлекет бир да партияны, талапкерди колдобойт. Эл өзү тандап, өзү шайласын. Кечээ бир чоң партиянын штабынан, талапкерлер өздөрү түздөн-түз уюштуруп добуш сатып алууну пландашкан. Тизме түзгөн. Ошонун баарына мыйзам чегинде чара көрүлдү. Ошол партиядан 3-4 адам камакка алынды. Шайлоо болуп жаткан күнү да ушундай болот. Укук коргоо органдары бардык шайлоо участокторунда, көчөлөрдө да иштешет".

УКМК төрагасы кайсы партиялар экенин тактаган жок. Ал мамлекеттик кызматкерлердин шайлоого аралашууга укугу жоктугун эскертти. Ал мурдагы бийлик ээлерин шайлоолорду түрдүү мыйзам бузуулар менен өткөнүнө унчукпай, көз жуумп келген деп айыптап, мындан ары андай болбосун, парламенттик, президенттик шайлоолор да ушундай таза өтөрүн айтты.

13-ноябрдын кечинде “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилип, кийинчерээк эки адам: партиянын шайлоо штабынын жетекчиси Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер камалганы, партиянын лидери Темирлан Султанбеков менен депутаттыкка талапкер Кадыр Атамбаев кое берилгени маалымдалган.

Бирок андан көп өтпөй, 14-ноябрга оогон түнү "Социал демократтар" партиясынын талапкери Кадыр Атамбаев өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деген белгисиз адамдар Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу унаага күчтөп салып, белгисиз жакка алып кеткенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Бишкек шаардык милициясы "Адилет" партиясынын талапкерине добуш сатып алуу аракетине шек саналып, дагы бир адам кармалганын маалымдады.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG