Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

Экономика

Каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында, эгер Кыргызстан Эларалык валюта фондунун алдындагы жакырчылыкты жоюу боюнча милдеттерин жакшы аткарса, анда өлкө 2004-жылдын күз айларында 449 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызынан кутулушу мүмкүн.

Өткөн жыл саясий да, экономикалык да жактан оор жыл болду, - деди каржы министри Болот Абилдаев 29-январда журналисттерге берген маалымат жыйынында. Анын айтымында, 2002-жылы өнөр-жайындагы өсүш 13,1 пайызга азайып, ошондон улам Ички дүң продукция 0,5 пайызга төмөндөгөн:

- Биз 2002-жылы Ички дүң продукциянын өсүшүн камсыз кылалган жокпуз. Буга өнөр жайындагы, анын ичинде Кумтөрдөгү жана энергетика тармагындагы өндүрүштүн артка кетиши терс таасирин тийгизди.

2002-жылы бюджеттин киреше бөлүгү 14 миллиард 416 миллион сомду, ал эми бюджеттин чыгыша бөлүгү 13 миллиард 400 миллион сомду түзгөн.
Жалпы экономикадагы жагымсыз көрүнүштөргө карабай, бюджеттин аткарылышы 98,7 пайызды түзүп, бул акыркы 12 жылдагы жакшы көрсөткүч болуп калды, - деди Абилдаев.

Эгер жалпы экономика артка кетип жатса бул көрсөткүч кантип камсыздалды деген суроо туулушу мүмкүн. Анын үстүнө министрлик 2002-жылы акыркы 5 жылдан бери келаткан ички карыздардын баардыгын төлөп берүүгө жетишкен. «Мунун сыры эмнеде?» деген суроого каржы министри мындайча жооп узатты:

- Март айында Париж клубу Кыргызстандын 2002-жылда төлөй турган тышкы карызын 1 миллиард 600 миллион сомго кыскартып берип, өлкө 100 миллион доллар тышкы карызынын ордуна 11 миллион 400 миң доллар гана төлөдү.

Болот Абилдаеав өз сөзүндө мамлекеттин тышкы карызына токтолуп, Кыргызстан Эларалык валюта фонду менен биргелешип жакырчылыкты жоюу боюнча 3 жылдык программаны кабыл алып, ал ийгиликтүү иштеп жаткандыгын айтты:

- Ага ылайык, эгер Кыргызстан жакырчылыкты жоюу боюнча Эларалык валюта фондунун алдында алган милдеттемелерин толук аткарса, 2004-жылдын күз айларында 449 миллион доллар өлчөмүндөгү тышкы карызын биротоло жоюуга мүмкүнчүлүк алат. Кыргызстанга көмөктөшүп келген 15 мамлекеттин он экиси азырынча буга алдын-ала маакулдугун берди. Эми Пакистан, Индия жана Кувейттин гана оң жообу калды.

Быйылкы жылы Кыргызстан 90 миллион доллардын айланасындагы тышкы карызын төлөөгө тийиш эле, бирок Париж клубунун ырайымдуу чечиминин негизинде республика быйыл 33 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды гана кайтармакчы.

Министрдин айтканына караганда, жылдын экинчи жарымында салыктын жаңы түрү – кыймылсыз мүлккө салык киргизилет:

- Кыймылсыз мүлккө салык бир катар мамлекеттерде ийгиликтүү натыйжаларды берип келатат. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, туташ менчиктештирүү маалында бир катар мыкты объектилер арзан менчиктештирилип кетип, бирок алар учурда иштебей турат. Эгер бул салыкты киргизсек, ошол колунда бар бай адамдар ал объектилерди иштетүүнү ойлонушат эле. Айта кетейин, бул салык 6-7 миң доллардан кымбат турган кыймылсыз мүлктөргө гана киргизилгендиктен, ал калктын жакыр катмарына эч кандай оорчулук алып келбейт.

Бул салык тууралуу мыйзамдын долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосуна коюлган. Андыктан, кыймылсыз мүлккө киргизилүүчү салыктын так өлчөмү канча болоору азырынча белгисиз.

Сапар Орозбаков, Бишкек 15-январда президент Аскар Акаев «Жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жардык чыгарды. Указда ал чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияны көбөйтүүгө багытталган жаңы иш-чараларды белгилейт.

Президент өзүнүн бул жардыгы менен коомчулукка «инвестициялык матрица» деген ат менен белгилүү болгон документтердин үчүнчүсүн ишке киргизди. Инвестициялык матрицанын биринчиси 2000-жылдын 25-сентябрында, экинчиси өткөн жылдын 25-апрелинде кабыл алынган болчу. Бул эки матрицада көбүнесе инвестициянын жолундагы административдик тоскоолдуктарды алып салууга багытталган иш-чаралар камтылган. Жаңы кабыл алынган матрицада болсо, маселе комплекстүү түрдө коюлат.

- Биз артыкбаш тоскоолдуктарды аягына чейин алып салуу боюнча катуу чараларды караштырып жатабыз. Андан тышкары анда Бажы жана Салык кодекстерин өркүндөтүүгө багытталган чаралар бар. Ошону менен бирге банк секторун чыңдоого жана ага ишкерлердин жана инвесторлордун ишенимин жогорулатууга багытталган иштерди жүргүзөбүз. Кредиттик уюмдар менен иштөө жеңилдегенин силер өзүңөр жакын арада эле сезе баштайсыңар. Үчүнчү инвестициялык матрица - комплекстүү документ, - деди Аскар Акаев 27-январдагы ишкерлер менен жолугушуусунда.

Үчүнчү инвестициялык матрицада бардыгы 41 иш-чара каралган. Алардын ичинде мурда таптакыр айтылбаган сунуштар да киргизилген. Мисалы, анда ишканалар пайдаланган жабдыктарга тездетилген амортизация колдонуу, ишканалардын алган кредиттерин кайрып берүү жөндөмдүүлүгүн изилдөөчү Кредиттик бюрону түзүү өңдүү жаңы иш-чаралар бар. Президент үчүнчү инвестициялык матрицаны приоритетүү программа деп жарыялап, мындан ары министрликтер менен ведомстволордун иши анын аткарылышына жараша бааланаарын эскертет. Президент бул матрицаны ишке ашырууга 6 ай гана мөөнөт берет.

Вице-премьер Жоомарт Оторбаев 27-январда пресс-конференция өткөрүп, экинчи матрица ийгиликтүү ишке ашырылгандыгын белгиледи:

- Экинчи инвестициялык матрица ийгиликтүү ишке ашты. Ал өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга өз салымын кошту.

Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча секретариаттан алынган маалыматка караганда, инвестициялык климатты жакшырта турган 15 мыйзам долбоору иштелип чыккан. Отузга жакын уруксат кагаздары жана кызмат көрсөтүүнүн 182 түрү жокко чыгарылган. Бирок биринчи жана экинчи матрица азырынча чет өлкөлүк тике инвестициянын өсүшүнө түрткү боло элек. Статистикалык маалыматтарга караганда, тике инвестиция 2002–жылдын 9 айында 64 млн. долларды түзүп, 2001-жылдын деңгээлинде эле калган. Тышкы карыз өсүп, жаңы кредит алуу мүмкүн болбой калган чакта өкмөт жетишпеген акчанын ордун тике инвестициянын жардамы менен толтургусу келип, жылына 200 млн. доллар тике инвестиция тартууну көздөйт. Бирок ал азырынча мындай чекке жете албай жатат. Чет өлкөлүк тике инвестициянын максималдуу көлөмү 1998-жылга туура келген. Ал жылы Кыргызстанга 158 млн. доллар тике инвестиция салынган болчу. Кийинки 2 жылда ал 80 млн. долларга чейин төмөндөп кеткен. 2001-жылы ал бир аз өсүп, 100 млн. долларды түзгөн. 2002-жылы да ал ошонун эле тегерегинде болоору күтүлүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG