Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Экономика

Чек ара тартибин катаалдатуу менен Өзбекстан ички рыногун коргой алабы?

8-январдан 9-январга караган түнү Ош областынын Карасуу району менен Өзбекстандын аймагын туташтырган көпүрөнү өзбек тарап бузуп салды.

Буга чейин, өткөн жылдын 27-декабрында, Ташкент Казакстандын Чымкент областы менен туташкан чек ара бөлүгүн да жаап салган. Эл аралык маалымат агенттиктеринин кабарларына караганда, Өзбекстан мындай ишке өлкө ичинен сыртка агып бараткан валютаны токтотуу, ички рыногун коргоо максатында барууда.

Казакстандын Чымкент областы менен туташкан чек араны жаап эле тим болбой, расмий Ташкент өзбек жарандарынын Чымкенттеги ири базарга келип соода кылышына бөгөт коюшу да ушуну далилдеп турат.

Өзбекстан Кыргызстандын Ош областынын Карасуу районундагы ири базарга өтчү көпүрөнү ушундай эле максатта бузуп салган сыяктуу. Анткени Фергана өрөөнүндөгү ири базарлардын бири болгон Карасуу базарына соода кылыш үчүн Өзбекстандын дээрлик бүт Фергана өрөөнүндөгү областтарынан соодагерлер келип турат. Эми көпүрө жабылгандан кийин соода кылууну каалаган адамдар 15-40 чакырым жерди айланып, Ош жана Анжиян областтарынын ортосуна коюлган «Достук» жана «Ынтымак» чек ара, бажы бекеттери аркылуу гана өтө алат.

Ташкенттеги кыргыз элчилигинин дипломаты чет өлкөлүк маалымат каражатына, Өзбекстандын мындай кадамы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамиленин 10 жылдыгы белгиленээр алдында болгонуна өкүнүп жаткандыгын билдирген.

Кыргыз өкмөтүнүн биринчи вице-премьер министри Курманбек Осмонов да эки мамлекетти туташтырган көпүрөнү өзбек тараптын бузгандыгына өз пикирин билдирди.

“Өкмөт мүчөсү катары буга пикирим жакшы эмес. Эми биздин кошуна өзбек тараптын бир жактуу түрдө, Өзбекстанда жашаган, Кыргызстанда жашаган, тууган-туушкандык жайы бар, илгертен катнашы бар, соода-сатыгы бар адамдардын ортосундагы катнашка көпүрөлөрдү бузуу жолу менен бөгөт коюшу - туура эмес. Эгерде аларга миграция терс таасирин тийгизип жатса, аны сүйлөшүү, дипломатия жолу менен, бекеттерди коюп, көзөмөлдү күчөтүү менен чечсе болот. Бул маселени чечүүнүн эл аралык нормаларга жараша иштелип чыккан цивилдүү эрежелери бар да”, - деди Курманбек Осмонов. Анын айтымында, бул эки тараптуу мамиленин жакшырышына өбөлгө боло албайт.

Ал ошондой эле Өзбекстандын мындай аракетинин себебин билбей турганын айтты. “Мисалы биз тараптан, Кыргызстан тараптан андай аракеттер болгон эмес. Эми ошенте берсе биз да адекваттуу чара көрүүгө мажбур болобуз”, - дейт Кыргызстандын биринчи вице-премьер министри.

Сапар Орозбаков, Бишкек Баалар эркин коё берилген 1992-жылдан тартып эсептегенде, 2002-жылы Кыргызстанда инфляциянын эң төмөн көрсөткүчү катталды. Бирок өткөн жылы ички дүң продукт 2001-жылга салыштырмалуу 0,6% төмөн болуп чыкты.

9-январда Улуттук статистикалык комитет 2002-жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүн эсептеп чыгарууну аяктады. Статистикалык комитеттин төрагасы Зарылбек Кудабаевдин бизге берген маалыматы боюнча, 2002-жылы инфляция 2,1 % түзүп, баалар эркин кое берилген 1992-жылдан бери Кыргызстанда анын эң төмөн көрсөткүчү катталды. Бул КМШ өлкөлөрү үчүн гана эмес, өнүккөн өлкөлөр үчүн да жакшы көрсөткүч. Өткөн жылы ал 6,9% түзгөн.

Бирок ички дүң продукт 2001-жылга салыштырмалуу 0,6% төмөн болуп чыкты. Зарылбек Кудабаевдин айтымында, ички дүң продуктунун азайып кетиши негизинен «Кумтөр» алтын кениндеги аварияга байланыштуу.

- Бул көрсөткүчтүн төмөндөгөнүнүн себеби белгилүү. Биздин эң ири ишканаларыбыздын бири – «Кумтөр» алтын комбинаты - продукциянын мурдагы көлөмүнүн 65% гана берди. Ошонун эсебинен жалпы ички дүң продукт азыраак көрүнгөнсүп турат. «Кумтөр оперейтинг компанини» кошпогондо ички дүң продукт 3% өстү. Бул өсүш кайдан келип чыкты? Өнөр жайынын өсүшү «Кумтөрдү» кошуп эсептегенде 86,9%, кошпогондо 100,8% түздү. Бул жаман көрсөткүч эмес. Албетте, мындан да жогору болсо жакшы болмок. Бирок 2 жылдан бери өнөр жайы кризисте болуп, андан быйыл гана чыгып баратканы байкалып турат. 2001-жылы анын өсүш темпи 98,4 % болсо, 2002-жылы 100,8% болду, - деди Зарылбек Кудабаев бизге берген интервьюсунда.

2002-жылдын индикативдик планы боюнча ички дүң продукт 4,5% өсүш керек болчу. Индикативдик план өнөр жайы боюнча эле эмес, айыл чарбасы боюнча да аткарылган жок. Айыл чарба продукциясынын өсүш темпи өткөн жылы 3,1% түздү. Айыл чарбасынын өсүш темпинин басаңдай түшкөнүнүн себебин Улуттук статистикалык комитеттин жетекчиси структуралык өзгөрүүлөр менен, башкача айтканда, кымбат баалуу тамеки менен пахтанын ордуна дыйкандар эгинди көбүрөөк айдай баштаганы менен түшүндүрдү.

Кыргызстандын экономикасында түзүлгөн кырдаал боюнча ар кандай пикирлер айтылууда. Бул турум, мисалы, Эл аралык Валюта Фондун канааттандырат.

«Жалпысынан экономиканын абалы бизди канааттандырат. Мурда программаны өткөрүш үчүн анын айрым бөлүктөрүнө өзгөртүү киргизип берүүнү Аткаруу кеңешинен өтүнчүбүз. Бу жолу андай өзгөртүүсүз эле программа бекитилчүдөй. Бирок экономиканын өсүш темпи бизди алымсындырбайт. Ал «Кумтөрдөгү» аварияга байланыштуу экенин билебиз. Келерки жылы алтын өндүрүү калыбына келсе, экономикалык өсүш кайрадан жанданып, ал 5 % жетет деп ойлойбуз», - деген болчу фонддун миссиясын жетектеп келген Тапио Саавалайнен октябрь айында экономикада түзүлгөн абалга баа берип жатып.

Белгилүү финансист, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султанов болсо экономиканын өсүш темпинин басаңдап кетишинин монетардык негизи бар экендигин белгилейт.

- Тышкы соода балансы 120 млн. долларга тартыш боло баштады. Бул эмнени көрсөтөт? Бул сомдун реалдуу курсу биздин соода шериктештерибиздикинен айырмаланып бара жатканын билдирет. Валютанын курсуна мамлекет өзгөртүү киргизбесе, 1996-1997-жылдардагыдай кырдаал түзүлүшү мүмкүн, - дейт Марат Султанов.

Анын айтымында, сомдун курсунун өсүшү Кыргызстанда чыгарылган товарлардын чет өлкөлүк рынокто өтүмдүүлүгүн начарлатып, өндүрүштүн өсүш темпине терс таасир берип жатат.

Маалымат иретинде:

2002-жылы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги көрсөткүчтөрү (Улуттук статистикалык комитеттин алдын-ала эсептөөлөрү боюнча)

2002-жыл2002-жыл (2001-жылга карата % менен)Маалымат иретинде:
2001-жыл (2000-жылга карата % менен)
Ички дүң продукт, млн. сом75094,699,4105,3
Ошол эле көрсөткүч «Кумтөрдү» кошпогондо69967,3103,0104,1
Өнөр жай продукциясынын көлөмү, млн. сом44784,086,9105,4
Ошол эле көрсөткүч «Кумтөрдү» кошпогондо29624,2100,898,4
Айыл чарбасынын дүң продукциясы жана кызмат көрсөтүүсү, млн. сом50001,4103,1107,3
Айыл чарба продукцияларынын өндүрүлүш көлөмү, миң тонна
Эт355,5100,4102,2
Сүт1172,9102,7103,3
Жумуртка, млн. даана243,0106,7109,8
Жүн11,699,399,9
Эгин1952,8107,1116,3
Пахта98,7100,6111,7
Тамеки8,234,069,4
Картошка1244,0106,511,7
Жашылча828,1101,6109,2
Негизги капиталга инвестициялоо, млн. сом9101,487,785,5
Курулуштун дүң продукциясы, млн. сом7182,497,0104,0
Жүк ташуулардын көлөмү, млн. тонна28,2100,8105,2
Жүргүнчү ташуу, млн. адам432,192,7100,8
Почта жана электрондук байланыш1740,1104,5102,1
Чекене соода жүгүртүү, млн. сом35126,1108,2106,1
Акы алып кызмат көрсөтүү, млн. сом8678,1103,6101,7
Керектөө товарларынын бааларынын индекси, % 102,1106,9
- ушул эле көрсөткүч 2001-жылдын декабрына карата 102,3
Расмий катталган жумушсуздардын саны, миң адам 60,299,5103,8
Экспорт, млн. доллар (январь-ноябрь)438,3100,096,3
Импорт, млн. доллар (январь-ноябрь)532,8128,483,7

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG