Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:25

1-июль: Аскат Жетиген соттолду, Кемпир-Абад ишин кайра кароо сунушталды, ХАМАС тынчтык сунушун кабыл алган жок


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурумда. 23-май, 2024-жыл.

Ноокатта селге агып кеткен наристенин сөөгү табылды

Эки жашар бала 28-июнда селге агып кеткен үй-бүлөнүн небереси экени аныкталды. Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жашаган 48 жаштагы аял, анын 19, 16 жана 11 жаштагы үч уулу каза болгон. Мындан тышкары маркумдун кайнежесинин 15 жаштагы кызы, Казакстанга турмушка чыккан кайын сиңдисинин эки баласы селге агып каза тапкан. Ал эми 30-июнда Кара-Кулжада автоунаа селге агып кеткен. Ичинде бир үй-бүлөдөн беш адам бараткан, сегиз жаштагы кызы аман калып, калганы каза болгон. Үч кишинин сөөгү дароо, бирөө 1-июлда табылды.

ХАМАС тынчтык келишими боюнча сунушту четке какты

Газа секторунун түндүк-чыгышындагы Шужая кварталындабомбалоо жана оор кармаш жүрүп жатканына төрт күн болгонун 1-июлда Inquirer.net басылмасы жазды. Он миңдеген палестин тургуну үй-жайын таштап, ал жерден башка коопсуз аймактарга чыгып кеткени, Израил армиясынын согушкерлер менен кармашы “абада да, жер астында да” жүрүп жатканы, башкача айтканда, туннелдер боюнча рейд уланганы маалымдалды. Газада атышууну токтотуу тууралуу кезектеги аракеттен майнап чыкпаганы белгилүү болду. ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) АКШ сунуш кылган планда “жаңы эч нерсе жок” деп эсептей турганын 30-июнда билдирди.

Кемпир-Абад иши боюнча апелляциялык арыз берилди

Прокуратура Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотунаапелляциялык сунуш менен кайрылды. Ишти соттук башка курамда кайра кароого жиберүү сунушталганы маалымдалды. 14-июнда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган. Президент Садыр Жапаров 15-июнда Кемпир-Абад иши боюнча сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Аскат Жетиген соттолду

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акын жана активист Аскат Жетигенди “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен "күнөөлүү" деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратты, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актады. Жетиген коюлган айыптарды четке какты. Ал социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында элди бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын кайталады. 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болгон белгилүү ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Казинону иштетүүгө, желекти өзгөртүүгө каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.

Москва эки тажик оппозиционерин камоого ордер берди

Орусия тажикстандык эки оппозиционерге иш козгоп, аларды камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарганын «Азаттыктын» тажик кызматы жазды. Москванын Басман райондук сотунун чечими менен аларды кармоого ордер берилди. Шарофиддин Гадоев менен Мухаммадикбол Садуридиновго (Садриддин) каршы иш Украинадагы согуш тууралуу «фейк» маалымат жайылткан деген негизде козголгону, соттук отурум өткөн айдын соңунда өткөнү маалымдалды, бирок иштин козголушуна эмне себеп болгону тууралуу айтылган жок. Тажикстанда бийликти 30 жылдан ашуун убакыттен бери бир киши – Эмомали Рахмон кармап турат. Анын кемчиликтерин ачык айтып чыккандардын көбү камакка алынып, куугунтукка кабылган.

Түндүк Корея ракеталарын сыноодон өткөрдү

Түндүк Корея баллистикалык эки ракетасын түндүк-чыгыш багытта учуруп, сынаганын, алардын бири боюнча маселе жаралып, ал аталган өлкөнүн өзүнүн аймагына түшкөн болушу ыктымал экенин 1-июлда Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын бириктирилген комитетине таянып Yonhap маалымат агенттиги билдирди. Кыска аралыктагы эки ракетанын бири 600 чакырымдай учуп, Түндүк Кореянын Хамгён-Пукто провинциясынын административдик борбору Чхожин шаарынын түндүк-чыгышындагы сууга түшкөнү, ал эми он мүнөттөн кийин ошол эле аймактан учурулган экинчиси 120 гана чакырым учканы маалымдалды.

Ар бир мугалимге бирден ноутбук

Кыргызстанда быйыл жыл аягына чейин мугалимдердин 50%, ал эми келерки жылы 100% ноутбук менен камсыздалат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров катышкан билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде айтылды. Мамлекет башчысы Кыргызстандын орто мектептеринин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берди. “Кыргызиндустрия” мекемеси быйыл мартта Кыргызстанда биринчи ирет ноутбук өндүрө баштай турганын жарыялаган. Президент билим берүү жана илим министрине бул мекемеден алынган ноутбуктардын техникалык талаптарга жооп беришин, сапатын жана баасын көзөмөлгө алууну тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG