Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

"Орусиянын террору". Вольнянск шаарындагы кол салуу


Вольнянск шаарындагы кырдаал, 29-июнь 2024-жыл.
Вольнянск шаарындагы кырдаал, 29-июнь 2024-жыл.

Украинанын Запорожье облусундагы Вольнянск шаарында орус күчтөрүнүн ракета чабуулунан жети киши набыт болду. Украин президенти Владимир Зеленский абадан коргонуу системаларынын санын көбөйтүү зарылдыгын билдирди. Ал арада украин-беларус чегинде "чыңалуу" пайда болду.

Жүзү жарым-жартылай жабылган, көчөдө туш келди жаткан адамдардын сөөктөрү. Толугу менен күйүп кеткен автоунаалар жана турак жайлар. Ракета тийип, аңга айланган жолдор. Чарчап чаалыккан өрт өчүрүүчүлөр жана үрөйү учкан тургундар.

Орусиянын 29-июндагы ракета чабуулунан кийин Вольнянск шаарына барган Рейтер агенттиктеринин кабарчылары дал ушундай аянычтуу көрүнүшкө күбө болушту. Алар менен баарлашкан жергиликтүү тургундар чабуул күтүүсүз болгонун айтып беришти.

"Жарылуудан улам мен велосипедимден ыргып кеттим. Тигил жерге чуркап барып, адамдардын сөөктөрү жатканын көрдүм. Төрт баланын сөөгүн, аялдардын сөөгүн көрдүм", - деди окуяга күбө болгон 37 жаштагы Владимир.

Орусиянын аткылоосунан набыт болгон адамдар, Вольнянск шаары, 29-июнь, 2024-жыл.
Орусиянын аткылоосунан набыт болгон адамдар, Вольнянск шаары, 29-июнь, 2024-жыл.

Запорожье облусундагы Вольнянск шаарын бутага алган бул чабуулдан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылды. Алардын арасында үч өспүрүм бар. Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ишембидеги аткылоодон шаарда 36 тургун жаракат алды. Алардын тогузу өспүрүмдөр. Жарадар болгон алты кишинин абалы оор деп бааланууда.

Чабуулда жабыркагандардын арасында мектеп бүтүрүүчүлөрү да болгону кабарланып жатат.

"Жөн жерден эле болду. Балдар мектепти бүтүргөнүн майрамдап жатышкан. Алар Украинадагы келечегин пландап жатышкан эле. Алар билим алып, биздин өлкөгө жардам бергиси келишкен", - деп айтып берди чабуулга күбө болгон 32 жаштагы Виктория.

Вольнянск шаарындагы чабуулдун кесепети, 29-июнь, 2024-жыл.
Вольнянск шаарындагы чабуулдун кесепети, 29-июнь, 2024-жыл.

Шаарга орус күчтөрүнүн канча ракетасы түшкөнү так белгисиз. Украина полициясы билдиргендей, чабуулдан Вольнянскиде көп кабаттуу эки үйгө, 12 соода борборуна зыян келген жана жети автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Жекшембиде Запорожье облусунда аза күтүү жарыяланды.

Вольнянскидеги чабуулдан бир күн мурда Украинанын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Днепр шаарындагы көп кабаттуу үй да орус күчтөрүнүн аткылоосуна туш болгон. Андан кеминде бир кишинин өмүрү кыйылып, ондон ашууну жараат алганы кабарланган.

Украин президенти Владимир Зеленский бул эки чабуулду тең Орусиянын "террору" деп сыпаттады.

"Албетте, Украинага каршы бул террор үчүн Орусия жооптуу болот. Биз өзүбүздү күчтөндүрүү жана элибизди коргоо үчүн жаңы чечимдерди даярдап жатабыз", - деди Зеленский 29-июндагы видео кайрылуусунда.

Вольнянск шаарындагы чабуулдун кесепети. 29-июнь, 2024-жыл.
Вольнянск шаарындагы чабуулдун кесепети. 29-июнь, 2024-жыл.

Бирок ал кандай чечимдер даярдалып жатканын так айткан жок.

Зеленский Вольнянскидеги чабуулдан кийин Телеграмга жазган билдирүүсүндө Украина мындай соккулардын мизин кайтаруу үчүн көбүрөөк абадан коргонуу системаларына муктаж экенин, ошондой эле Орусиядагы украин тарапты көздөй ракеталар учурулуп жаткан позицияларды да талкалоо зарылдыгын белгиледи.

Москва Вольнянскидеги чабуул тууралуу комментарий берген жок. Болгону Орусиянын Коргоо министрлиги Запорожье аймагында курал-жарак жана аскердик техника түшүрүп жаткан поезд аткыланганын, андан жоокерлер да мерт болгонун Телеграмга жазды. Бирок украин бийлиги бул маалыматты ырастаган жок.

Орусия бир катар далилдерге карабастан Украинанын аймагында жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып, аскердик объектилерге гана сокку уруп жатканын билдирип келет.

Чек аранын эки тарабы тең аткыланууда

Соңку бир нече күндөн бери Орусиянын айрым аймактары да аткылоого туш болуп жатканы кабарланууда. Курск облусунун губернаторунун орун басары Алексей Смирнов аймактагы Городище кыштагында дрон чабуулунан беш адам набыт болгонун, алардын экөө өспүрүмдөр экенин 29-июнда Телеграмга жазды. Ошондой эле Смирнов украин күчтөрүнүн облустагы дагы бир айылды бутага алган чабуулунан үч киши жараат алганын кабарлады. Белгород облусунун бийлиги да дем алыш күндөрү дрон чабуулунан аймакта үч киши жарадар болгонун маалымдады.

Орусиянын Курск шаары, 28-май, 2023-жыл.
Орусиянын Курск шаары, 28-май, 2023-жыл.

Украин бийлиги Орусиянын аймагын бутага алган мындай чабуулдар боюнча комментарий бербейт. Украинанын Орусиядагы болжолдуу чабуулдарынан каза тапкандар же жаракат алгандар тууралуу орус бийлигинин маалыматтарын көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Дрондор Украинанын баш калаасы Киевди да бутага алууда. Соңку бир сутка ичинде украин баш калаасына багытталган 10 аскердик дрон атып түшүрүлдү. Андан тышкары орус күчтөрү Харьков облусундагы Дергачи шаарын танктарга каршы ракеталар менен аткылады.

Аскердик эксперттер быйыл Орусия Украинадагы аба чабуулдарын күчөткөнүн белгилеп келишет. Алардын айтымында, негизинен энергетикалык жана инфраструктуралык объектилерди бутага алган мындай чабуулдар Украинанын ресурстарын азайтууну жана карапайым калкка психологиялык басым көрсөтүүнү көздөйт. Украин бийлигинин маалыматына ылайык, орус күчтөрүнүн чабуулунан өлкөдө энергетикалык объектилердин жарымына зыян келген.

Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү согуш тилкелеринде кармаш жана аткылоолор уланууда.

Украин армиясынын ишембидеги малыматына ылайык, Донецк облусундагы Покровск аймагы негизги салгылашуулардын чордонуна айланды.

Орусия 29-июнда Крымдагы Севастополь шаары украин күчтөрүнүн аткылоосуна туш болгонун маалымдады. Мындан тышкары орус армиясы Донецк облусундагы Шумы конушуна көзөмөлүн орнотконун ишемби күнү жарыялады. Азырынча бул маалыматты көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек.

Украина менен Беларустун чегиндеги чыңалуу

Ал арада Беларустун Коргоо министрлиги Украина менен чек арасында чыңалган кырдаал жаралганын кабарлады. Беларустун Башкы штабынын башчысы Павел Муравейко Украина чек арага жакын аймакка атайын күчтөрүн жайгаштырганын 29-июнда айтты.

"Акыркы жумаларда биз Украина тараптан биздин чек арага жакын жерде азырынча негизсиз жана бизге түшүнүксүз болгон активдүүлүктү байкап жатабыз", - деди Муравейко.

Орусия менен Беларустун аскердик күчтөрүнүн машыгуусу, 19-февраль 2022-жыл.
Орусия менен Беларустун аскердик күчтөрүнүн машыгуусу, 19-февраль 2022-жыл.

Ал Беларустун Украина менен чектешкен аймактарына кошумча аскердик күчтөр жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Беларус армиясынын өкүлдөрү Украина тараптан "диверсанттар өлкө аймагына кириши мүмкүн" деп билдирип жатышат.

Украинанын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Андрей Демченко расмий Минсктин "чек арада украин аскерлери топтолуп жатканы" тууралуу кооптонууларын четке какты. Ал тескерисинче Минск Орусиянын Беларус аймагын Украинага кол салуу үчүн колдонушуна уруксат бергенин белгиледи.

“Албетте, аларды биздин өлкөнү дагы деле унутпаганы кубандырат. Бирок алар кооптонбой деле койсо болот. Украина коркунуч жаратпайт. Тескерисинче, биз Беларус тараптан жаралган коркунучтан коргонууга аргасыз болуп жатабыз",-деп билдирген Демченко "Украинская правда" басылмасына.

Украина менен Беларустун чек арасы 1100 чакырымга созулат. 2022-жылдын 24-февралында миңдеген орусиялык аскерлер Беларус тараптан Украинага кол салып, баш калаа Киевге багыт алышкан. Бирок ал күчтөр Киевге жетип-жетпей токтотулуп, артка кайтууга мажбур болушкан.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG