Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Газада кармаш уланууда, ХАМАС тынчтык планын четке какты


Газа.
Газа.

Газа секторунун түндүк-чыгышындагы Шужая кварталында бомбалоо жана оор кармаш жүрүп жатканына төрт күн болгонун бүгүн 1-июлда Inquirer.net басылмасы жазды.

Он миңдеген палестин тургуну үй-жайын таштап, ал жерден башка коопсузураак аймактарга чыгып кеткени, Израил армиясынын согушкерлер менен кармашы “абада да, жер астында да” жүрүп жатканы, башкача айтканда, туннелдер боюнча рейд уланганы маалымдалды.

Ал тапта Газада атышууну токтотуу тууралуу кезектеги аракеттен майнап чыкпаганы белгилүү болду. ХАМАС тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) АКШ сунуш кылган планда “жаңы эч нерсе жок” деп эсептей турганын 30-июнда билдирди.

ХАМАС Газанын көптөгөн тилкелерине бекемделген жана жабдылган туннелдерди куруп алганын, аларды бузуу иштери уланып жатканын Израил буга чейин маалымдаган.

Израил аскерлери Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынын борборунда жана батыш тарабында артиллериялык сокку урганын "ал-Жазира" телеканалы кабарлады.

АКШ президенти Жо Байден сунуштаган атышууну убактылуу токтотуу планы Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) колдоо тапкан.

Эл аралык коомчулук Израилди Газадагы операциясында жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканы үчүн айыптоодо. Израил ал жакта ХАМАСтын инфраструктурасын талкалап, террорчул согушкерлерди жок кылып жатканын айтып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG