Постсоветтик Кыргызстандын алгачкы саясий элитасынын өкүлү, кыргыз саясатчысы, көз карандысыз Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун (1943–1991) өмүрү жана доору алигиче учкай жана үстүрт гана изилденип келет. Муну ОшМУдагы жыйындын маалыматтары да айгинелейт. Тарыхчынын блогу.
Расмий маараке
Бейшембиде, 2023-жылдын 31-августунда, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Башкы жыйын залында чыгаан мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган “Кыргызстандын эгемен жолундагы Насирдин Исановдун ролу: тажрыйбалар жана чакырыктар” аттуу илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын алгачкы вице-президенти жана көз карандысыз Кыргыз Республикасынын туңгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов (07.11.1943 –– 29.11.1991) болгону 48 жашка чыгып, мерт тапкан. Анын өлүмүнө байланыштуу күдүң кептер дээрлик 32 жылдан бери бейрасмий деңгээлде айтылып келет.
Ошондуктан ОшМУдагы бул илимий шеринеге Кыргызстандын ар кыл дубандарынан мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Орусиядан, Өзбекстандан илимпоздор жана агартуучулар, жарандык коомдун өкүлдөрү келип катышкандыгы олуттуу мааниге ээ. Бул тарыхый инсандын тагдыры тууралуу айрым көйгөйлөр бул жыйында толук чечилбесе да, калайык алдында ачык айтылып, болочокку изилдөөлөргө нук чаап бериши ажеп эмес эле.
Айтмакчы, илимий шериненин ирегесинде ОшМУнун башкы имаратынын бет маңдайына маркум Насирдин Исановдун айкелинин салтанатуу ачылыш жөрөлгөсү болду. Анда президент Садыр Жапаров куттук сөзү менен чыгып сүйлөдү жана мамлекеттик ишмерлер Насирдин Исановго жана 1950–1958-жылдары советтик Кыргызстандын Өкмөтүн (Министрлер Кеңешин) башкарган Абды Сүйөркуловго (1912–1992) өлгөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койгонун кошумчалай кетти.
Ал эми ОшМУдагы илимий жыйындын катышуучуларына оболу “Насирдин Исанов жана ОшМУ” деген аталыштагы даректүү тасма сунушталды.
Жыйындын салатанттуу ачылыш бөлүмүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Баатыры, постсветтик парламенттин алгачкы төрагасы, профессор Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук ИАсынын мурдагы президенти, мурдагы спикер, академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, президенттик кеңсеге караштуу “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов, КР УИАсынын Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнография институтунун деректири, академик Абылабек Асанканов, Кыргызстан элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы, профессор Балтагул Нурунбетов, маркум Насирдин Исановдун кызы Мария Исанова, Н.Исановдун Маскөөдө бирге окуган курсташтары Аскар Молдобаев менен Казбек Сапиев жана башкалар маркум Насирдин Исановдун өрнөктүү өмүрү, ишмердүүлүгү, эгемен Кыргызстандын телчигишине кошкон салымы ж.б. жаатында сөз кылышты.
Жыйындын илимий баяндамалар бөлүмүндө Кыргызстандын 32 жылдык эгемендик мезгилиндеги саясий, социалдык, экономикалык жана маданий ж.б. тармактарда жүзөгө ашып келген тарыхый жүрүмдөр ар кыл өңүттөрдөн талдого алынды.
Ар кыл баяндамаларда эгемен Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы болгон Насирдин Исановдун ишмердигине жана анын “автокырсыктын айынан мерт тапкан” делген өлүмүнө байланыштуу ар кыл жоромолдор айтылды.
Исанов таануу боюнча айрым урунттуу ойлор
Албетте, эгерде кайсы бир жыйын жөн гана кооомдук чогулуш болуп чектелсе, анда бул сыяктуу далай жыйналыштардагы сөздөр кумга сиңген суудай изсиз кала берээри бышык.
Бирок ОшМУнун Н.Исановдун мааракесине арналган жыйынды уюштуруучулары куттук сөздөр, баяндамалар менен илимий макалалар камтылган жыйнак чыгарууга да жетишти.
Китепке бет ачар катары президент Садыр Жапаровдун “Кыргызстандын көз карандысыз өнүгүүсүнүн башатындагы Насирдин Исановдун ролу” деген макаласы жайгаштырылган.
Баамдаган окурманга мында бир олуттуу окуяга карата жаңыча өңүттөгү көз караш камтылган.
Айтмакчы, Ош шаарындагы 2023-жылдын 31-августундагы коомдук жыйындарга жана илимий жыйнакка кайра кайрылсак, оболу президент Садыр Жапаровдун ОшМУнун маңдайындагы аянтта Насирдин Исановдун айкелин ачуу аземи маалында айткан бул сөздөрү назарыбызда өзгөчө калаары бышык:
“...Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында чиеленген маселеге айланган “Кум-Төр” алтын кени маселесинде Н.Исанов өз позициясында катуу туруп, кыргыз алтынын өзүбүз гана иштетебиз деген көз караштан тайган эмес. Тилекке каршы, шылуундардын максаты ишке ашып, анын аягы Исановдун кейиштүү тагдыры менен жыйынтыкталганы өтө өкүнүчтүү болду”.
Ал эми илимий жыйнактагы бет ачар болгон макаласында президент Садыр Жапаров алда канча кеңири маалыматты сунуштайт:
“...1990-жылдын 14-декабрында Н.Исанов Кыргыз Республикасынын вице-президенти болуп дайындалган. Ал эми 1991-жылдын 22-январында ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына бекитилген. Ошентип тарыхта алгачкы жолу эгемендүү республикабыздын Өкмөтүн жетектөө милдети Насирдин Исановго ыйгарылган.
...эл аралык экономикалык байланыштарды түзүү, чыңдоо жана инвестицияларды тартуу багытында Н.Исанов 1991-жылы май айында Түркияга иш сапары менен барып, соода жана экономикалык кызматташуу тууралуу келишимге кол коюуга жетишкен...
1991-жылдын 23-25-ноябрында Н.Исанов президент А.Акаев менен бирге Швейцарияга жумушчу сапары менен барып келген. Кийин белгилүү болгондой, бул иш сапардын жүрүшүндө Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхына оор тагдыры менен кирген “Кум-Төр” алтын кенинин маселеси каралган болчу. Инвестор атын жамынган эл аралык шылуундардын (Б.Бирштейн ж.б.) талаптарына жана президент А.Акаевдин макулдугуна карабай Н.Исанов бул маселеде катуу туруп, кыргыз алтынын өзүбүз гана иштетебиз деген позицияны берген эмес. Шылуундардын кыргыз алтынын иштетүү боюнча келишим түзүүгө болгон алгачкы аракети Н.Исановдун каршылыгы менен ал жолу ишке ашкан жок.
Тилекке каршы, алар өздөрүнүн бул максатына кийинчерээк жетишкени өтө өкүнүчтүү болуп калды. Эгерде Насирдин Исанов мезгилсиз дүйнөдөн кайтпай, Өкмөт башчылык кызматка узаагырак иштесе, “Кылым аферасы” деп аталган бул көйгөй жаралбай, кыргыз алтыны кыргыз эли, экономикасы үчүн иштейт беле деген логикалык суроо коюлуп келет.
Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда Жалал-Абад областынын Ноокен районундагы унаа жолунда автокырсыктан каза болгон. Тергөөнүн расмий маалыматы боюнча 48 жаштагы Исанов бараткан унааны “ЗиЛ-130” жүк ташуучу унаасы сүзгөн.
Бирок каргашанын толук чоо-жайы азыркыга чейин ачыкталбай, коомчулуктун бир бөлүгү ошол кезде жүргүзүлгөн расмий тергөө иштеринин жыйынтыгына толук ынанбай келет...”
(Садыр Жапаровдун ОшМУнун илимий жыйнагындагы “Кыргызстандын көз карандысыз өнүгүүсүнүн башатындагы Насирдин Исановдун ролу” аттуу макаласынан).
ОшМУнун окутуучусу Муратали Маманов болсо “Насирдин Исанов – Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тунгуч төрагасы” деген макаласында маркум Н.Исановдун өлүмү тууралуу да учкай айта кеткен:
“...Ал Премьер-министр болуп иштеген мезгилде Кыргызстандын экономикасы эң эле оор абалда болгон. Ошол учурда эл аралык деңгээлдеги шылуун (макалада “мошенник”. – Т.Ч.) Б.Бирштейн Кыргызстанга келип, Президент А.Акаевдин жардамы элибиздин башкы байлыгы болгон Кумтөр алтын кени боюнча канадалык “Камеко” фирмасы менен биз үчүн өтө пайдасыз келишим түзүүгө жетишкен. Мына ушул келишимдин көп шарттарына Н.Исанов каршы турган. Анын мезгилсиз өлүмүнө да ушул адам Кумтөр келишими себепкер болушу мүмкүн деген пикирлер бар.
Н. Исановдун өлүмүнө алып келген автокырсык, 1991-жылдын 29-ноябрында эртең мененки саат 10-11лер аралыгында Жалал-Абаддан Бишкекке бараткан автотрассанын Ноокен районуна караштуу Момбеков айылындагы тилкеде болгон. Мамлекеттик автомашинада (ак “Волга”) айдоочудан башка Н. Исанов, Б. Бирштейн жана анын жан сакчысы болгон.
Премьер-министр бараткан “Волганы” кокустан жолго чыга калган “Зил–130” машинасы келип сүзгөн. Натыйжада Н. Исанов каза болуп, башкалары эч кандай залал тартышкан эмес. Ошентип, Кыргызстандын тунгуч премьер-министринин өмүрү кайгылуу аяктаган.
Н. Исановдун өлүмүнүн айланасында азыркы күнгө чейин ар түрдүү бүдөмүк ойлор айтылып келүүдө. Аны эч ким атайын изилдөөгө алып чекит коё элек.
1991-жылдын 4-декабрында Ички иштер министирлигинин пресс-конференциясындагы расмий билдирүүдө эки версия айтылган: Биринчиси демейдеги жол – транспорт кырсыгы. Экинчиси, атайылап жасалган кырсык. Автокырсыкка себепчи болгон “ЗИЛ–130” автоунаасынын айдоочусу У.Отонбаевге “жол жүрүү эрежелерин адамды өлүмгө дуушарлантып бузган” деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгон”, – деп жазат М.Маманов.
Ал эми президентик кеңсеге караштуу “Муркас” фондунун төрагасы, тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Насирдин Исанов – эгемендүү өлкөнүн алгачкы курмандыгы” деген макаласында:
“...Эгемен өлкөдө ошентип түбү литвалык, өзү Канаданын жараны Борис Бирштейн деген табышмактуу фигура пайда болду. Ал 1991-жылы Аскар Акаевдин инвестиция тартуу боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Анын Швейцарияда катталган “Сиабеко” деген компаниясы Кумтөрдөгү алтын кенин иштетүү үчүн алтын иштетүү жаатында эч кандай тажрыйбасы да, ага эч тийешеси да жок канадалык “Камеко” корпорациясын ээрчитип келди. Президент кеңешчиси Бирштейндин азгырыгына ишенип, дароо “Камекону” колдоп чыкты.
Ал эми мамлекет башчысына караганда алда канча тажрыйбалуу, алтын кенин иштетүү жаатын мыкты билген өкмөт башчы Исанов башынан эле Бирштейндин азгырыгына азгырылбады. Тескерисинче Кумтөр алтын кенин чет өлкөлүк шектүү компанияларга бербей, Макмалдагыдай эле өз күчүбүз менен иштететебиз деген пикирди карманды”, – деп жазат.
Айрым ойлорун "Фейсбук" барагында да жазган К.Молдокасымов андан ары мындайча маалыматты ортого салат:
“Аны Насирдин Исановду жакшы билген жакын санаалаштары өз интервьюларында, эскерүүлөрүндө айтып келишет. Ал гана эмес каза болоорунан бир ай мурда Аскар Акаев, Майрам Акаева болуп чогуу Канадага барып келгенден кийин өмүрлүк жолдошунун маанайы пас болуп жүргөнүн, кайдагы бир аты-жыты белгисиз, шектүү компанияга Кумтөр алтынын бергени жатканына нааразы болгонун маркумдун жубайы Бузинат Исанова өз маектеринде эскергени бар. Ал дагы бир интервьюсунда Аскар Акаев жубайын эрчитип үйүнө келгенин, кайсыл бир талаш маселени талкуулап жатканда Насирдин Исанов Майрам Акаеваны мамлекеттик ишке кийлигишпешин эскерткенде, биринчи айым бышып жаткан тамакты таштап, Акаевди кеттик деп ээрчитип чыгып кеткенин Бузинат эже эскерет. Демек бул маалыматтардын бардыгы Кумтөр кени боюнча Акаев менен Исановдун пикири дал келбей, ортодо катуу күрөш жүргөнүн ырастайт”, – деп кошумчалаган.
К.Молдокасымовдун оюнча, “Кумтөр алтын кенинин алгачкы курмандыгы – эгемен Кыргызстандын тунгуч премьер министри Насирдин Исанов болгону тарыхта таасын жазылуусу керек”.
Илимий жыйнакта исанов таануу жаатындагы башка бир катар өңүттөр да чагылдырылгандыгын белгилөө арзырлык.
Мисалы, Кыргызстан эгемендикке карай алгачкы адымын базар экономикасына сүңгүү менен эриш-аркак баштагандыгы маалым.
Насирдин Исановдун улуттук валютаны кабыл алуу үчүн камылга көрүүдөгү салымдары жөнүндө изилдөөчү Карачач Дуванаева айымдын (ОшМУ) “Насирдин Исанов – эгемен өлкөнүн биринчи премьер министри” деген макаласынан кызыктуу маалымат ала алабыз:
“1991-жылдын 7-октябрында Насирдин Исанович Швейцариянын Цюрих шаарындагы иш спарында Шотландиянын тажрыйбасын пайдалануу менен улуттук валютабызды кабыл алуунун мүмкүнчүлүктөрүн жумушчу блокнотуна жазып алган жайы бар. Анын мындай эмгегин академик Турар Койчуев өзүнүн эскерүүлөрүнүн биринде ошол кездеги айрым жетекчилердин, саясатчылардын күмөн санаган ойлоруна Насирдин Исанович чечкиндүү карышы туруп, күндөн күнгө алсырап бараткан кыргыз экономикасын тункуюктан жалгыз гана улуттук валютабыз сактап каларын келтире айтканы бар. Кийин 1993-жылдын 10-майында сом жүгүртүүгө кабыл алынып, андагы Насирдин Исанов негиздеген оптимистик топтун эмгеги өзгөчө белгиленген...”
ОшМУнун окутуучусу Муратали Маманов “Насирдин Исанов – Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин тунгуч төрагасы” деген макаласында маркум Н.Исанов өкмөт башчы катары экономикадагы чечкиндүү кайра түзүүлөрдү ишке ашырууга жана базар механизмдерин калыптандырууга, жер реформасын турмушка ашырууга, ээлик кылууну жана чакан бизнести өнүктүрүүгө, жумурияттар аралык, тышкы мамлекеттик жана экономикалык байланыштарды түзүүгө жана чыңдоого олуттуу салым кошкон”, – деп белгилейт.
Инсан таануу жалаң гана саясат чөйрөсү менен чектелбейт эмеспи.
Тарыхчы, ОшМУнун доценти Адылбек Батыралиев өзүнүн “Насирдин Исановдун Кыргызстандын илимий-педагогикалык кадрларынын өнүгүшүнө кошкон салымы” деген макаласында маркум Н.Исанов ар кыл музыкалык аспаптарда да ойной алгандыгы тууралуу кызыктуу маалымат менен бөлүшкөн: “Н.Исанов менен Москвада бирге окуган досу Мейраждин Зулпуев “Н.Исанов комузда, мандолинада, гитарада жакшы ойноор эле”, – деп белгилеп кеткен”.
Маркум Насирдин Исановдун өз доорунда мезгилдүү басма сөздө макалалар жазып, ырлар да жарыялагандыгы жөнүндөгү кызыктуу маалыматты бул жыйнактан учуратабыз:
“...Мындан тышкары Насирдин Исанов өлкөдөгү өз мезгилинде жүрүп жаткан радикалдуу саясий жана экономикалык реформалардын шарттарына ылайык бир нече илимий макалалары басма сөз беттеринде жарыяланган. Ошондой эле «Кытай кыргыздарында» деген темада жол очеркин жазган. «Ноокатым», «Чырак», «Жаратылыш», «Ак кайың», «Ат-Башым» жана башка ырлары газеталарга чыккан”.
Бул маалымат тарыхчы, ОшМУнун улук окутуучусу Гүлнура Токтакун кызынын “Насирдин Исановдун тарыхый портрети” деген макаласында камтылган.
Бул илимий жыйнак ар кыл өңүттөрдү камтыйт. Анда исанов таануу жаатындагы макалаларга гана эмес, жалпы гуманитардык ж.б. илимдердин ар кыл багыттарындагы макалаларга да орун берилген.
Исанов таануунун көйгөйлөрүнүн көбү болочокто ачык изилденүүгө тийиш
Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын туңгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов курман болгон күнү, 1991-жылы 29-ноябрда, мен Германиянын Мүнхен шаарында “Азаттыктын” башкеңсесинде журналисттик адистикти өркүндөтчү кыска мөөнөттүк сапарда жүргөн элем.
Ошол кезде алатоолуктар гана эмес, чет өлкөлүк кыргыздар да Насирдин Исановдун 48 жашында бөөдө жерден мерт табышына өзгөчө кайгырышкан жана бул кайгылуу кабарды дүйнө жүзүнө англис тилинде таркатышкан.
Андан бери дээрлик 32 жыл өттү. Далай суу акты.
XXI кылымдын башында эле өлкөбүздө 2002-жылкы Аксы окуясы, 2005-, 2010- жана 2020-жылдары үч элдик ыңкылап жана башка окуялар орун алды.
Мындан 32 жыл мурдагы жана андан да илгерки далай окуяларды ичинен билген кишилер чет-четинен суюлууда. Алардын көргөн-билгендерин жетишерлик каттап кала элекпиз.
Тээ 1970-жылдары эле укукчу, профессор Кубанычбек Нурбеков “Кыргызстан СССРден чыгып кетүүгө акылуу” деген ою үчүн куугунтукка кабылгандыгын жаштарыбыз билеби?
1989-жылы “Ашар” уюму, 1990-жылы КДК уюму түзүлүп, алар бара-бара эгемендикке чакырган жарандык коомдун өкүлдөрүнө айланышкандыгын азыркы улан-кыздар жетиштүү билеби?
1991-жылы августта эле Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн калыптандырышы керек деп алгач акыйкат жар салган инсан – депутат Бегиш Ааматов болгонун азыркы жаш муундардын өкүлдөрү билеби?
Насирдин Исановдон 4 жаш кичүү мурдагы советтик жаран Борис Иосифович Бирштейн 1991-жылы бир эле учурда Орусия, Молдова жана Кыргызстанда өзүнүн “Seabeco” аттуу инвестициялык-соода компаниясынын кызыкчылыгында шектүү иш-аракеттерди баштагандыгын, ал түгүл Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин кабинетинин жанында, Ак Үйдөгү 7-кабатта инвестиция тартуу боюнча кеңешчи катары жеке кабинетке ээ болуп тургандыгын азыркы жаштар билеби?
1991-жылы 29-ноябрда Ош – Жалал-Абат жолунда ошол эле Борис Бирштейн маркум Насирдин Исанов менен бир автоунаада автокырсыкка учурагандыгы, андан куландан соо чыккандыгы, андан кийин Өзбекстан аркылуу чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу маалыматты билебиз, бирок андан ары кылдат териштирүү болгон-болбогондугунан биз деле анчейин кабардар эмеспиз.
Президент Садыр Жапаровдун өзү “ коомчулуктун бир бөлүгү ошол кезде жүргүзүлгөн расмий тергөө иштеринин жыйынтыгына толук ынанбай келет” деп жогоруда шилтеме жасалган жаңы макаласында кейип жаткандыгы да буга күбө.
Кыргызстандын даңазалуу Жогорку Кеңешинин атайын “алтын” комиссиясы жана Контролдук палатасы ашкерелегендей, 1992-жылы Кыргызстандын президентине өтө жакын чөйрөнүн кишилери Бирштейндин жеке учагы менен Швейцариядагы банкка кыргыз алтынын тымызын ташып турган.
“Алтын чыры” улам ырбап жатканда, 1994-жылы сентябрда президент Аскар Акаев алиги даңазалуу Жогорку Кеңешти атайылап “жасалма шал” кылып, андан соң мөөнөтүнөн мурда таркатып, референдум аркылуу өз бийлигин чыңдап, 1995-жылдын башында кош үйлүү Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрткөндүгү азыр Кыргызстандагы монографияларда, окуу китептеринде жана энциклопедияларда ачык жарыяланып келет.
Эгерде 1991-жылы Кыргызстанда англис, немис, француз жана башка европалык тилдерди дурус билгендер азыраак болсо, бүгүнкү муундагы адистер бул тилдерде түш жорушат.
Насирдин Исановдун сырдуу өлүмүнө жана А.Акаев менен “Сиабеконун” шойкомдуу иштерине байланыштуу бардык даректерди, жоромолдорду, илинчектерди кыргызча, англисче жана башка тилдерде ачык жарыялоо – жаш адистер үчүн күндүн талабы.
Ара-чолодо бүтүндөй ишкананы Кыргызстандан Орусияга көчүрүп качкан мурдагы депутат В.Д.Глушич, Кант аскер базасындагы аскер учактарын Алтайга учура качкан аскер кызматкерлери жана башка кишилер жаатында тарыхый акыйкаттык үчүн болсо да ачык териштирүү керек.
Албетте, инсандын мааракеси маалында көбүнесе үстүрт мактоолор орун алат. Билгени да, билбегени да бапылдайт. “Бул китепти окубасам да өз оюмду айтайын” дечүлөр чыгат.
Экономика илимдеринин кандидаты илимий даражасына да ээ болгон маркум Насирдин Исановду мен замандаш катары жана 1990-жылы октябрда президенттикке талапкерлигин койгон, шайлоонун акыркы айлампасында азыр бозгунда жүргөн туңгуч президент Аскар Акаевдин негизги атаандашы болгон, акыры өкмөт башчы катары иштеп жүрүп набыт кеткен ишмер катары гана билем.
Насирдин Исановдун бейнесин иликтөө үчүн анын Тогуз-Тородогу “Макмал” алтын кенин өндүргөн ишкананы ишке берүүдөгү ролу, “Кум-Төр” кениндеги алтынды жергиликтүү ишкана түзүү аркылуу өндүрүү сунушу жана башка экономикалык өңүттөр терең изилдениши керек.
Видео тасма. Турсунбек Чынгышев: "Кум-Төр" боюнча келишимибиз иштеген жок.
Ал 1988-жылы “кош тилдүүлүк” саясаты үчүн күрөштө эмне иш-аракет кылганын ысык-көлдүктөр көбүрөөк билишет. Анын чоо-жайын көлдөгү карыя муундагылардан сурамжылоо абзел. Себеби 1988–1990-жж. Н.Исанов Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин төрагасы болгон.
Насирдин Исановдун 1990-жылы КДКга мамилеси кандай болгон, ал 1990-жылдын июнундагы “Ош окуяларына” кандайча караган, 1991-жылдагы “Өмүр көчү-75” жүрүшүнө кандай көз карашта болгон, 1991-жылы 19–21-августтагы ГКЧП кутумчуларына жекече мамилеси кандай болгон, ал эми 1991-жылы КПССтин Кыргызстанда тыюу салынышына карата ал кандайча турумда болгон?
Демократияга жана көп партиялуулук системасына Н.Исановдун жеке көз карашы кандай болчу?
Анын А.Акаев менен жеке мамилелери кандай эле? Бирштейн менен кайсы бир маселе боюнча кеңсе жыйынында талашып-тартышкан учуру кагазда катталганбы?
Санжар Айтматовдун “Сиабеко” компаниясынын Кыргызстанга чакырылышы жаатында күбө катары айткандары жазылып калганбы?
Маркум Улан Токомбаев тарткан Насирдин Исанов тууралуу “Үзүлгөн чабыт” ("Прерванный полет") деп аталган даректүү тасма А.Акаевдин бийлиги маалында жоготулгандыгы белгилүү. Деги ал тасманын көчүрмөсү кайсы бир жерде сакталганбы? Аны жоготууга тийешеси барлар азыр чындыгын айтышаар?
Эми изилдөөчүлөрдүн жаңы толкуну мына ушул сыяктуу көйгөйлүү суроолорду ар кыл тилдердеги даректердин жана сурамжылоолордун негизинде чет-четинен такташы керек болот.
Демек, исанов таануу көйгөйлөрү жаңы дем менен изилдене баштоого тийиш. Ага азыркы бийликтер канчалык деңгээлде мүмкүнчүлүк жарата алат – бул маселе дагы жакынкы болочокку турмуш чындыгы аркылуу айгинеленмекчи.
Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.