Украин армиясы Донецк облусундагы маанилүү Клещеевка айыл аймагында айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканын билдирди. Анын алдында Киев Бахмуттун түштүк ыптасындагы жер орус аскерлеринен бошотулганын жарыялаган. Ал эми Гаагада БУУнун эл аралык сотунда Украинанын Орусияга каршы доо арызы карала баштады.
Борбор Азия
дүйшөмбү 18 Сентябрь 2023
16 жыл мурда жаштардын, окуучулардын жөнөкөй блогунан башталган “Клооп” учурда журналистиканын алдыңкы сабына чыгып, курч иликтөөлөрү менен таанылган заманбап медиага айланды. “Ашар” долбоору коомдогу көйгөйлөрдү чогуу чечүүнүн жолун издесе, англис тилин үйрөткөн, шайлоого көз салган, кыздарды илимге сүрөгөн долбоорлорду ишке ашырат. Маданият министрлиги “Клооптун” сайтын бөгөттөгөн чечим кабыл алса, Бишкектин прокурору сотко арыз жазды.