АКШ Украинага 325 млн долларлык аскердик жардам жөнөтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлери Жо Байден менен Владимир Зеленский Вашингтондо жолуккан соң жарыяланды. Бул жардам Орусиянын агрессиясына каршы согушта Украинанын муктаждыктарына ылайык жеткирилет. Москва азырынча комментарий бере элек.
Борбор Азия
жума 22 Сентябрь 2023
АКШ Украинага Avenger системасын, HIMARS комлексине ок-дары жана башка курал-жабдык берет. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы кымбаттап жатат. Мунун алдында Орусия бензин менен дизель майын экспорттоого тыюу салган. Еревандагы нааразылык акциясында 80ден көп киши кармалды. Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн Дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Акжол Махмудов Дүйнө Чемпионатынын финалына чыкты.