Кыргыз-тажик чегинде 14-17-сентябрда болгон окуялар эки өлкөнүн тарыхындагы эң масштабдуу куралдуу кагылышуу болуп калды. Эки тарапта тең ондогон киши мерт болду. Он миңдеген тургун үй-жайын таштап, качып чыкты. Адистер эки өлкөнүн чек арачыларынын кагылышуулары кооптуу тенденцияга айланып баратканын эскертүүдө. Мындай эскалацияны эмне менен түшүндүрсө болот?
Борбор Азия
бейшемби 22 Сентябрь 2022
Айыптоочу тарап журналист Болот Темировду 5 жылга эркинен ажыратууну суранды. Журналисттин өзү жана жактоочулар буга макул эмес. Президент Владимир Путин жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялагандан кийин 21-сентябрда Орусиянын кырктай шаарында согушка каршы нааразычылык акциялары өттү. Ошол эле маалда чет мамлекеттерге агылган машиналардын саны он миңдеп саналат. Баткенде кагылыштан 432 турак үйлөр талкаланган. Эртеңден баштап калдыктар тазаланып, курулушка даярдыктар башталат.