Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Борбор Азия

Журналист Болот Темиров видео иликтөөсүн жарыялаган учур.
Журналист Болот Темиров видео иликтөөсүн жарыялаган учур.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров ага козголгон кылмыш иштерди караган сот жараянында суроолорго жооп бере баштады.

Сөз алгач Темировго берилип, ал адвокаттын паспорт жана аскер билетин алуу үчүн документтерди жасалмалаганга ыйгарым укугу болбогону тууралуу суроолоруна жооп берди. Документ жасалмалоо, анын негизинде алынган паспорт менен чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, мыйзамсыз аскер билетин алуу жана маңзат алып жүрүүгө байланыштуу Темировдун төрт кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралууда. Сотто тек-жайын тактаган анкета менен паспорт жана аскер билетин алган адам эмес, аларды берген мамлекеттик органдын жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрүлдү.

Жасалма анкетанын таржымалы

Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров жасалма анкетанын негизинде паспорт жана аскер билетин алган деген айыптоону четке кагып, иштин негизсиз козголгонун белгиледи.

Темиров паспорт жана аскер билетин алуу үчүн толтурулган анкетаны жасалмалоого ыйгарым укугу жоктугун айтып, кылмыш ишин ачуу үчүн анын жеке документтеринин түп-нускалары жок кылынган деди:

Иликтөөчү журналист Болот Темиров сотто.
Иликтөөчү журналист Болот Темиров сотто.

"Ал убакта жасалма анкета менен келе калсам, каттоо кызматы ошонун негизинде эле мага паспорт бере коюшпайт болчу. Мен тапшырган анкетадан башка жалпы жарандык паспорт жана ID карта үчүн эки анкетаны алардын кызматкерлери өздөрү жазып, жасалмалап, ага бирөөнүн аскер билетинин, башка бирөөнүн убактылуу күбөлүгүнүн номурун жазып, азыр мага айып тагып жатышат. Ошол анкетаны жасалмалаган адамдарды табышпайбы. Мына ошолор жазага тартылсын. Мени эмнеге күнөөлөп жатышканын билбейм. Эгерде чынында эле ошондой болсо, анда мына ошол жасалма анкета жасагандар боюнча мамкаттоодо ички кызматтык иликтөө жүргүзбөйбү, чыгарышпайбы. УКМКнын күчүн колдонуп, айыл өкмөткө, аскер комиссариатына жана паспорт бөлүмүнө барып, менин ошол жакта төрөлгөнүм, жашаганым тууралуу материалдарын бардыгын жок кылышыптыр. Өзгөн району боюнча Форма-1 деген бир эле менин документим жоголуптур. Ал документтер жоголсо, ошонун негизинде кайра калыбына келтирилет".

"Өч алууну көздөгөн кылмыш иштери"

Болот Темировду жана аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаровду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл 23-январда кармап, бирок четке чыкпоо тилкаты менен кайра бошоткон. Милиция Болот Темировду кармоо учурунда анын кеңсесин тинтип, жанынан маңзат табылганын айтса, Темиров өзү тартип сакчыларынын бири анын чөнтөгүнө сала койгонун билдирген. Бул окуя Болот Темиров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге байланыштуу иликтөөсүн жарыялагандан кийин болгон.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков кылмыш иштерин өч алуунун өзгөчө түрү деп баалады:

Нурдин Дүйшөнбеков, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы.
Нурдин Дүйшөнбеков, "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы.

"Журналисттик иликтөө жүргүзүлүп, жарыяланып, ошондон кийин эле ага каршы кылмыш иштери ачылганы бир топ шек туудурат. Ушул эки нерсенин байланышы барбы деген күмөн саноо бар. Анан Болот Темировдун кеңсесине беткапчан спецназ кирип барып, ага террорчулардай күч колдонуп, жерге жаткырып, тинтүүгө алганы боюнча коомчулукта бир топ сын-пикир болгон. Кеңсеге кирип, бардык техникасын алып чыгып, Болот Темиров менен Болот Назаровду кармап кеткенде бир эле журналисттер эмес, төкмө акындар, жарандык активисттер бардыгы чогулуп, аларды бошотууну талап кылышкан. Биз азыр деле ошондой ойдобуз. Болот Темиров эч кандай мыйзам бузган эмес. Биз ага ишенебиз. Ал өзү кылмышкер болуп качып жүрбөсө, мамлекеттин мүлкүн, акчасын жебесе, анан Темиров документтерин жасалмалаганга эмнеге кызыкдар болмок эле? Эгерде ал паспорт алган учурда кандайдыр бир мүчүлүштүктөр кеткен болсо, анда Болот Темиров эмес, ошону жасаган мамлекеттик кызматкерлер жооп берүүгө тийиш".

Temirov LIVE каналы Жалал-Абаддагы мунай иштеткен заводдон сатылган мазут жемкорлугуна Ташиевдин жана анын жакындарынын катыштыгын иликтеген. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирилбегенин, тескерисинче өсүш болгонун айтып, жакындары коррупцияга аралашпаганын айтып чыккан. Темировго жана Назаровго алгач “Маңзатын жана психотроптук заттарды сатып өткөрүү жана даярдоо” деген берене менен иш козголгон.

Мамлекеттик айыптоочу сотто айыпкерге кандай жаза сурала турганы кийинки соттук отурумда белгилүү болорун айтты:

"Азыр соттук териштирүү бүтө элек. Темировдун адвокаттары сурап жатышат. Мен өзүм ага суроолорду берип, андан кийин айыптоонун негиздемелерин келтирген учурда кандай жаза суралары жана анын мөөнөтү айтылат. Азырынча мен эч кандай сунуш киргизе элекмин. Биз сотто Темировду суракка алып бүткөндөн кийин гана чыгып сүйлөйбүз. Ошондон кийин гана мамлекеттик айыптоочуга сөз берилет. Ошонун жыйынтыгында бардыгы белгилүү болот".

"Жарандыктан ажыратуу - жаза чарасы?"

Журналист Болот Темировго жасалма анкета менен паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана маңзатын алып жүрүү боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Жасалма документ жана кызматтык жасалмалуулук үчүн Жазык кодексинде сегиз жылга чейинки эркинен ажыратуу каралган.

Тергөө органы Темиров өзү Орусиянын жараны болуп туруп, жасалма документтердин негизинде кыргыз паспортун жана аскер билетин алганы үчүн айып койгон.

Юристтер мындай жагдайда анын кыргыз паспорту жокко чыгарылып, ага кандайдыр бир жаза мөөнөтү берилип же болбосо өлкөдөн чыгарылып, Орусияга депортация болушу мүмкүн экенин белгилешкен.

Болот Темиров ага кандай жаза чегерилеринен кабары жоктугун, бирок аны мекенинен айдап чыгып, түпкүлүктүү жарандыгынан ажыратууга мыйзамдык негиздер жок экенин белгиледи:

"Бардык мыйзамдарда жазылып турат. 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялаган учурда өлкөдө жашагандардын жарандыгы сакталат. Ата-энем аркылуу мен дагы Кыргызстандын жараны болуп эсептелем. Мен мектепти Орусиядан аяктап, жарандык алган маалда кыргыз жарандыгынан баш тарткан эмесмин. Бардык мыйзамдар боюнча мен кыргыз жаранымын. Ошондуктан алар мени сот аркылуу жарандыктан ажыратып, депортация кылууну мерчемдеп жатканы мыйзамсыздык".

Темировду тепкилеген Көлбаевдин кишиси болуп чыкты

Болот Темировго мурдагы бийликтин тушунда дагы кысым болуп келген.

Ага эки жыл мурун кол салуу уюштурган Дөөлөтбек уулу Бекзат жакында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсү катары кармалгандардын арасында экенин Темиров 6-сентябрда Фейсбук баракчасына жазды. Журналист бул иш мурда атайын токтотулуп, кыскарып кеткенин белгилеген.

Ички иштер министрлиги 5-сентябрда жеке ишкерди опузалап акча алган кримтөбөл Көлбаевдин тобунун беш мүчөсү кармалганын жарыялаган. Кармалгандардын арасында 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзаттын ысымы бар.

Мындан эки жыл мурун Болот Темировго кол салууга шектүүлөр кармалганда алардын бири, кылмышты уюштуруучу Дөөлөтбек уулу Бекзат экени аныкталган.

Болот Темиров муну кесиптик ишмердигине байланыштырып, ага коркутуп-үркүтүү болгонун билдирген. Бийлик журналистке коркутуу жана кысым жүрүп жатканын четке каккан.

Президент Садыр Жапаров иликтөөчү журналисттердин ишмердигине колдоо көрсөтөрүн билдирип келет.

Расмий Ашхабад Түркиядан өз жарандары үчүн виза эрежесин киргизүүнү суранды. Бул эреже Түркияда иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизери айтылууда.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин 3-сентябрдагы маалыматында, "жарандарынын Түркияда жүрүү эрежелерин жакшыртуу жана колдоо үчүн түркмөн тарап Түркияга убактылуу виза режимин киргизүү өтүнүчү менен кайрылганы" жазылат.

Бул эреже Түркияда акча табуу үчүн иштеп жүргөн миңдеген түркмөн жарандарына кедергисин тийгизери айныксыз.

Буга чейин түркмөн жарандары Түркияга визасыз эле кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышкан. Ушундан улам Түркия түркмөнстандыктар үчүн иштөөгө ыңгайлуу мамлекеттердин бири болуп саналат. Айрым маалыматтарга караганда, Түркияда жүз миңдеген түркмөн жарандары жашап эмгектенет. Ошондой эле бул жерде 20 миңге жакын түркмөнстандык студент билим алат.

Түркмөн бийлиги массалык миграциядан кооптонот

Түркмөнстандык серепчи Сердар Айтаков мындай эреже менен түркмөн бийлиги экономикалык кризиске баткан өлкөдөн чет жакка кеткендерге бөгөт коюп, саясий толкундоодон обочолонуу максатын көздөп жатканын билдирди.

"Мындай ыкма менен бардык жолдор жабылат. Бирок бул жалпы тенденция. Анын бир нече максаттары бар. Мисалы, эмгек миграциясын азайтуу жана Түркияда отурукташып калган түркмөндөрдү көзөмөлдөө. Виза режими болгондон кийин Түркиядагы мигранттардын Түркмөнстанга кайтып келиши күмөн. Бийликке алардын кереги жок, бул катмардагы жарандарга бийлик ишенбейт".

Түркиядагы түркмөн мигранттарынын көйгөйлөрү, анын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен паспортторду жаңыртуу мүчүлүштүгү, эки өлкө ортосундагы аба каттамдарынын токтотулушу, ошондой эле Түркмөнстандын өзүндөгү экономикалык кырдаал мигранттардын нааразылыгын пайда кылган.

2020-жылдан бери түркмөн мигранттары Анкарадагы түркмөн элчилигинин жана Стамбулдагы консулдуктун алдында утур-утур нааразылык акцияларын уюштуруп келет. Мындай митингдер Түркмөнстандын өзүндө да толкундоолорго себеп болгону айтылууда.

Мындан улам түркмөн бийлиги активисттердин жакындарына кысым көрсөтө баштаган.

Туугандары Түркияда иштеп жүргөн Лебап шаарынын тургундарынын бири "Азаттыкка" түркмөн өкмөтүнүн өз жарандарына койгон жаңы талабына нааразы экенин билдирди.

"Мен нес болуп, эмне деп айтарымды билбей турам! Түркмөнстандын өкмөтү Түркиядан түркмөн жарандарына виза киргизүүнү суранып жатат! Лебаптын эмгекке жарамдуу калкынын дээрлик 40% Түркияда эмгек миграциясында жүрөт. Алар иштеп, үй-бүлөсүнө акча жөнөтөт. Өкмөт мигранттарга көйгөй жаратпай, колдоо көрсөтүшү керек".

Түркия түркмөндөрдөн виза сурай элек

Түркияда иштеп жүргөн түркмөн мигранттар да бул кабарга нес болгонун Стамбул шаарында жашаган активист Дурсолтан Таганова "Азаттыкка" билдирди.

Ал эми Түркияда жашаган дагы бир түркмөн активист Нурмухамет Аннаев аба каттамдары толугу менен ачылганда түркмөн бийлиги өлкөдөн массалык миграциянын алдын алуу максатында түрк тараптан виза алууга мажбурлап жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Учурда Түркия түркмөнстандыктардан виза сурай элек. Бул түркмөн өкмөтүнүн каалоосу менен гана жарандарына кысым көрсөтүп, визага мажбурлап жатат. Анткени өкмөт азыр жабык турган аба каттамдары ачылганда, он миңдеген жарандын чет өлкөгө качарын билип турат. Түркмөнстанда жумушсуздук, адилетсиздиктен тажаган эл эптеп чет өлкөгө кетүү амалын издеп жатат. Түркмөн тарап Түркияга кетүүнү каалагандарга визаны мажбурлап жатканы менен Түркия мындай жараянды баштай элек".

Эки өлкө ортосунда тыкыр виза жараяны тууралуу сүйлөшүүлөр 1-июлда Ашхабадда президент Сердар Бердымухамедов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октайдын жолугушуусунда да талкууланган. Анда түрк аткаминер "түрк тилдүү мамлекеттердин жарандары Түркияга чектөөсүз кире аларын" баса белгилеген.

Каттамдар толук калыбына келе элек

Пандемия башталгандан бери бул вирусту жуктурган учурларды расмий ырастабаган түркмөн бийлиги ушул убакка чейин эл аралык каттамдарды толук калыбына келтире элек.

“Түркмөнстан” авиакомпаниясы Дубайга жана Казанга каттамдарын май айында жарым-жартылай жандантып, июндан тартып Москвага уча баштады. Бирок түркмөнстандык жарандар эң көп деп саналган Түркияга катардагы каттамдар дале башталбай турат.

Соңку эки айдан бери жүздөгөн түркмөн жараны Стамбул аэропортунда чогулуп, “Түркмөнстан” авиакомпаниясы уюштурган чартердик же келишимдик негиздеги учактарга отурууга аракет кылып жатат. Алардын арасында башка өлкөлөрдөн кайтып келгендер да, Түркиянын өзүндө иштегендер да бар. Алардын айрымдары дээрлик бир нече айлап аэропортто жашап жатат.

Буга чейин Түркияда, Түндүк Кипрде, АКШда жана Орусияда жашаган айрым түркмөнстандыктар бийликти айыптап, нааразылык акцияларын өткөрүп келген. Өзгөчө Түркияда жашаган түркмөнстандыктар коронавирус пандемиясы башталганда Стамбулда жасалма аракка ууланган 56 түркмөнстандыктын сөөгү мекенине жетпей, чет өлкөдө жерге берилгенин белгилеп митинг уюштуруп келишет.

Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Болжол менен 2 миллионго жакын түркмөнстандык мыйзамсыз жашап, эмгектенери айтылып келет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG