Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Тажикстан: Жогорку сот "төңкөрүш аракети" үчүн кармалгандардын ишин карай баштады


Саиджафар Усмонзода, Акбаршо Искандаров, Хамрохон Зарифи, Шокиржон Хакимов, Ахмадшох Комилзода жана Абдулфайз Атои.
Саиджафар Усмонзода, Акбаршо Искандаров, Хамрохон Зарифи, Шокиржон Хакимов, Ахмадшох Комилзода жана Абдулфайз Атои.

Тажикстанда бир катар белгилүү адам айыпталып жаткан "мамлекеттик төңкөрүш аракети" тууралуу иш Жогорку сотто карала баштады. "Азаттыктын" тажик кызматы жазгандай, алгачкы отурум 14-ноябрда өттү.

Соттун көчмө жыйыны борбор калаа Дүйшөмбүдө жабык өтүүдө. Ага соттолуучулардын адвокаттарын гана киргизишти, жакындарына кирүүгө уруксат берилген жок.

Бүгүнкү отурумда кайсы маселе каралганы тууралуу Жогорку сот эч кандай маалымат берген жок, жактоочулар да эч нерсе айткан жок.

"Азаттыктын" жеке булактары маалымдагандай, сегиз соттолуучу катышты. Кийинки отурум 18-ноябрга белгиленди.

Соттолуучулар арасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы кызматкерлери Нурамин Ганизода жана Жамшед Боев бар. Отставкадагы полковник Ганизода мурдагы тышкы иштер министри, бир нече ай мурда кармалган Хамрохон Зарифинин жардамчысы болуп иштеген. Кийин Эсеп палатасында да эмгектенген. Ал эми отставкадагы капитан Боев тууралуу так маалымат жок, ал орус жарандыгы бар, ошол өлкөдөн пенсия алып жүргөн киши экени гана белгилүү. Экөө тең быйыл июнда Зарифи менен кошо кармалган.

Демократиялык партиянын мурдагы төрагасы, экс-депутат Саиджафар Усмонзода, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров, Демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, журналист Ахмадшох Комилзода жана Социал-демократиялык партиянын төрагасынын биринчи орун басары Шокиржон Хакимов "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыпталып кармалганы белгилүү. Мындан тышкары айрымдарына "улут аралык жана диний кастык козутуу" деген да айып тагылган. Кармалгандар арасында тышкы иштер министринин мурдагы басма сөз катчысы Абдулфайз Атои да бар экени кабарланган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG