Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Рахмонду сындаган адвокат сыйлык алды


Жамшед Ёров агасынын дипломун алууда. Страсбург.
Жамшед Ёров агасынын дипломун алууда. Страсбург.

Тажикстанда абакта отурган адвокат адам укуктары боюнча абройлуу сыйлыкка татыды.

30-сентябрда Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы Вацлав Гавел атындагы сыйлыкты Кытайдагы уйгур активисти, камакта отурган Илхам Тохти менен Балкандагы «​Жаштар демилгеси» уюмуна ыйгарды.

Экономист-окумуштуу, профессор, Кытайдагы уйгур азчылыгынын укуктары үчүн күрөшүп келген Илхам Тохти 2014-жылдын сентябрь айында сепаратизм үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген.

Ал эми Балкандагы түрдүү этникалык, диний топторду, өлкөлөрдү жараштырган, өз ара байланыштыруу иштерин жүргүзгөн «​Жаштар демилгеси» ​уюму Вацлав Гавел атындагы сыйлыктын экинчи лауреаты болду.

Бул сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн ичинен финалга тажикстандык адвокат Бузургмехр Ёров да жеткен. Ал «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн Тажикстанда 28 жылга кесилген.

Анын бир тууганы Жамшед Ёров Страсбургдагы салтанатка катышып, камактагы агасына ыйгарылган дипломду алды.

«​Бузургмехр Ёровдун адам укуктары боюнча абройлуу сыйлыкка соңку үч талапкердин катарында болгону эле биз үчүн чоң жеңиш. Бузургмехр Ёровдун ысымы дагы бир жолу жаңырсын, адам укуктары чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө дагы бир жолу көңүл бурулсун»​, - деди Жамшед «Азаттыктын» тажик кызматына берген интервьюсунда.

Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Жамшеддин айтымында, Бузургмехрге коомчулукка чыгып күнөөнү мойнуна алып, президент Эмомали Рахмондон кечирим cуроону сунушташкан.

- Тажик бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин сунуштарын аткарып, аны абактан чыгара коет деп үмүттөнбөйбүз. Бирок Бузургмехрге уюмдун өкүлдөрү, журналисттер менен жолугууга уруксат берилсе экен деп турабыз. Анда кылмыш иши экинчи ирээт калыс сотто, эл аралык уюмдар, журналисттердин катышуусу менен каралышы мүмкүн. Азыр ага абакта кысым жасалбай калганын билебиз. Ал мечитке барып, эмерек жасаган цехте иштеп жатат, өзүнүн чакан китепканасы бар. Бирок анын өмүрүнө коркунуч жок дегенге болбойт. Бузургмехр мурда укук коргоо органдарында, Дүйшөмбүдөгү азыркы Исмоили Сомони районунда тергөөчү болуп иштеген. Укук коргоо органдарынын мурдагы кызматкерлери жазаны өзүнчө абакта өтөшү керек. Ал азыр көпчүлүк менен күчөтүлгөн режимдеги абакта жатат. Бул жай ага коркунучтуу.

Бир нече ай мурда Бириккен Улуттар Уюмунун жумушчу тобу Бузургмехр Ёровдун камакка алынышын эл аралык укуктарды бузуу катары баалап, тажик бийлигин аны бошотууга чакырган. Андан кийин эле Дүйшөмбүдө ондогон адамдар Европа Кеңеши менен БУУнун имаратынын алдына чыгып, адвокат Еровдун ишмердүүлүгүнөн жабыр тартканын айтып, кенемте талап кылышкан.

- Айыптоодо "Бузургмехр кылмыш иштерин жабууну, сотто укуктарын коргоону убада кылып, адамдардан бир нече миң доллар алган" деп айтылат. Күбөлөр адвокат сөзүнө турбай, аларды алдап кеткенин жүйө келтиришкен. Чындыгында көрсөтмө берген 18 адамдын үчөө гана ага кайрылган экен. Сотто Бузургмехр «Ооба, акчаңар менде, мен камакта отурганым үчүн силердин сотуңарга катыша албай турам» деген. Кылмышка күбө болгон калган адамдарды ал мурда көргөн эмес.

Жамшед Ёров
Жамшед Ёров

Бузургмехр Ёров соттолгондон кийин бир тууганы Жамшед эки карындашы менен Тажикстандан кетүүгө мажбур болгон. Алар азыр "Human Rights Vision Foundation" укук коргоо уюмун түптөп, Тажикстандагы адам укуктары боюнча абалга мониторинг жүргүзүп, Орусияда иштеген тажикстандыктарга колдоо көрсөтүп келет.

Демократия үчүн күрөшкөнү менен белгилүү инсан, Чехиянын мурдагы президенти маркум Вацлав Гавел атындагы сыйлык 2013-жылы негизделген. Лауреаттарга сыйлык катары 60 миң евро берилет.

Буга чейин ар кайсы жылдары мындай сыйлыкка беларус Алесь Беляцкий, азербайжандык Анар Маммадли, орусиялык Людмила Алексеева, чеченстандык укук коргоочу Оюб Титиев татыган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG