"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бельгияга сапары аяктады. Анын жүрүшүндө “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду.
Еврошаркет менен Кыргызстан кол койгон Өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү келишими эки тараптын тең кызыкчылыгына төп келет. Брюссел адам укуктарын, жарандардын негизги эркиндиктерин коргоону бекемдөө максатында Бишкек менен кызматташууну уланта берет.
25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлду. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат.
Мындан бир жыл мурда, 24-июнда Орусияда "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын козголоңу токтотулган. Бирок Украинадагы урушка согушкерлерди активдүү жалдап жүргөн компаниянын башчысы Евгений Пригожин "адилеттүүлүк жүрүшү" деп атаган кутум тез эле аяктаган.
Тогуз айга аяк баскан Газадагы согушта күн сайын жайкын тургундардын өмүрү кыйылууда. Дүйнөнүн Израилди жана ХАМАС радикал тобун ок атууну токтоттуруу аракеттеринен майнап чыга элек. Эмне себептен согуш создугууда? Кантип кан төгүүгө, азап чегүүгө чекит койсо болот?
Тогуз айга аяк баскан Газадагы согушта күн сайын жайкын тургундар ажал табууда. Газада кырдаал кандай? Эмне себептен согуш токтобой жатат? Канткенде кан төгүүгө, азап чегүүгө чекит койсо болот?
Сауд Арабиясында ажылык учурунда 560тан ашуун киши ысыктан каза тапканы кабарланды. Маалыматтарга караганда, маркумдардын көбү египеттиктер. 2,5 миңден ашуун зыяратчы ооруканага түштү. Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.
Швейцариядагы Тынчтык саммитине катышкан 80 өлкө Орусия баштаган согушка чекит коюуну көздөгөн кандай гана тынчтык келишими түзүлбөсүн, ал Украинанын “аймактык бүтүндүгүн” сактоо принцибине негизделиши керек деп билдиришти.
Индия Орусияны согушка жалдаган жарандарын артка кайтарууга үндөдү. Бир нече күн мурун индиялык эки киши Украинадагы майданда каза тапканы белгилүү болгон. Ал эми Шри-Ланкада Орусиянын элчилиги алдына чогулгандар алданып согушка жөнөтүлгөн жакындарын кайтарууну талап кылышты.
БУУнун Коопсуздук кеңеши дүйшөмбүдө Газадагы согушту токтотууга чакырган биринчи резолюцияны жактырды. Документ АКШ президенти Жо Байдендин тынчтык сунушун кубаттайт. Ал арада Пентагон Израил төрт кишини барымтадан бошоткондо Вашингтон курган пирсти колдонгон деген маалыматтарды четке какты.
Ашынган оңчулдар Европа парламентине болгон шайлоодо ийгиликке жеткени Еврошаркеттин келечек саясий багыты тууралуу суроолорду жаратты. Борборчул жана либерал партиялар, социалисттер биригип, жалпы жонунан көпчүлүктү сактап калганы менен 28 мандаттан кол жууп калды.
БУУ Газадагы мектепке урулган соккуну айыптады. Бейшембиде таң эрте БУУнун мектебине сокку урулганда бери дегенде 40 киши набыт болгону, 74 киши жараат алганы кабарланган. Имаратта жер которгон палестиналыктар баш калкалайт. Израил аскерлери ал жакта ХАМАСтын базасы жайгашканын айтууда.
Дүйнөнүн эң көп калктуу өлкөсү, эң ири демократиясы болгон Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыгына ылайык, премьер-министр Нарендра Модинин партиясы парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүк орундарды алды. Шайлоо өнөктүгү 19-апрелде башталган.
Прагада Unlock 2024 форуму өттү. Аны быйыл "Сорос-Кыргызстан" фондунун мурдагы директору, АКШдагы Массачусетс технологиялык институтунун илимий кызмактери Шамиль Ибрагимов ачты. Форум алдында Ибрагимов биздин суроолорубузга жооп берди.
Израил аскерлери Газа секторунун түштүгүндөгү Рафах шаарынын борбордук бөлүгүнө киргенин 28-майда жеринен баяндаган күбөлөргө таянып, NBC жана Reuters агенттиктери маалымдады. Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) Рафахта операциясын улантып жатканын билдирди.
20-26-майда дүйнөлүк басылмаларга жарыяланган баяндарга сереп.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө түндүк-чыгыштагы жерлерин тарттырып жатканын моюнга алып, майдандагы абал бир жума мурункуга караганда жакшырганын кошумчалады. Зеленский АКШны алар берген куралды орус аймагына сокку уруу үчүн колдонууга уруксат берүүгө чакырды.
Дагы жүктөңүз