“Ислам мамлекети” террордук уюмуна тартылган тажикстандык мигранттар АКШга кирип жатат"
New York Post президент Жо Байдендин тушунда Мексикадан АКШга “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук уюмунун согушкерлерди жалдоо чордонуна айланган өлкөдөн агылган мигранттардын саны эселеп өскөн деп эсептейт.
20-июндагы макаласында Женни Таер чек ара кызматынын ачыкка чыгып кеткен маалыматына таянып жазгандай, 2020-жылдын октябрынан быйылкы майга чейин Тажикстандын 1,5 миңден ашуун жараны Мексика-АКШ чек арасын кесип өткөнү белгилүү болгон. Быйыл бери дегенде 500 тажикстандык мыйзамсыз мигрант кармалган. Буга чейинки 14 жылда чек аранын ал тилкесинен 26 тажик жараны гана өткөн.
Журналист чек арада кармалган мигранттардын көбү башпаанек сураганын, алардын иши сотто каралмайынча өлкөдө калууга уруксат берилерин эске салат.
Андан ары Тажикстан “Ислам мамлекети” террордук уюмуна жана анын канаты “Ислам мамлекети-Хорасанга” жоочуларды жалдаган чордон болуп калганына, Москвадагы терактка тажикстандыктар айыпталганына токтолуп, эксперттердин пикирлерине кызыккан.
Алардын бири - Мичиган университетинин кызматкери, терроризмге каршы күрөш боюнча адис Жавед Али тажик жарандарынын агымын террордук уюм АКШда кол салуу даярдап жатышы ыктымал деп чечмелесе болорун айтат.
Жакында бул басылма “Ислам мамлекети” менен байланышы болушу мүмкүн деген тажикстандык мигранттар камакка алынганын кабарлаган. Алар Мексика тараптан кирип, кийин Нью-Йорк, Лос-Анжелес жана Филаделфияда отурукташкан.
Техас университетинин профессору Эдвард Лемондун көз карашында, акыркы жылдарда тажиктер “Ислам мамлекети” жана башка террордук уюмдарга башка кошуна өлкөлөрдүн өкүлдөрүнө караганда көбүрөөк тартылып, чоңураак роль ойноп калган. Изилдөөчү Тажикстандагы экстремизм менен катаң күрөш радикалдашууга алып келип, тескерисинче, бийлик ооздуктоого аракет көргөн терроризмдин чырагына май тамызышы ыктымал деп белгилейт.
Лемон борборазиялык бул өлкө миграциядан көз каранды экенин, Орусия Украинага согуш ачкандан кийин тажикстандыктар башка багыттарды издеп, Европа, Перс булуңу жана АКШга барууга аракеттенгенин кошумчалайт.
Журналисттин дагы бир маалыматына ылайык, өткөн жумада Байдендин администрациясы Борбор Азияда жана Түркияда жайгашкан төрт кишиге санкция салган. Алар “Ислам мамлекети” террордук уюмунун мигранттарга АКШга жетүүгө жардам берген аткезчилик операциясына катышкан деп болжолдонууда.
Басылма жазгандай, “Ислам мамлекети” террордук уюму согушкерлерди жалдоо географиясын кеңейтүүгө, дүйнөнүн ар кайсы жеринде чабуулдарды ишке ашырууга аракеттенүүдө. Жана бул максатта тажиктерди, борборазиялыктардын Европа, Америкада жашаган диаспораларын өз катарына азгырып жатат.
"Орусия менен байланыштар үчүн бизнес кыйынчылыкка кептелди"
Казакстандык Polymetal алтын өндүрүүчү компаниясы жакында Орусиядагы бизнесин сатканы менен санкциялар коркунучунан арыла элек. Ушундай мазмундагы макаланы Financial Times гезити 18-июнда басып чыгарды. Маалыматка караганда, европалык кредиторлор, анын ичинде Société Générale жана Raiffeisen банктары кызматташууну токтоторун билдиргенден кийин Батыш компаниялары башка каржылоо жолдорун караштыруудан баш тарткан. Polymetal андыктан керектүү жабдууларды алуу үчүн Кытайга кайрылууга аргасыз болгон.
Басылма бул компанияны Батыш санкцияларына илинбей, ошол эле маалда Кремлдин активдерди сатуу эрежелерин сактаган сейрек өндүрүшчүлөрдүн бири деп атайт. Февралда Polymetal орусиялык 8 алтын жана күмүш кендерин Mangazeya Mining деген Орусиядагы атаандашына саткан.
Москва Украинага басып киргенден кийин Polymetal Казакстанга көчүп, Лондон биржасындагы листингден чыккан.
Financial Times гезитине комментарий берген компаниянын башкы директору Виталий Несистин айтымында, Орусия менен азыркы жана мурдагы байланыштары үчүн бизнес кыйын абалга кептелди. Несис бүтүндөй регионго көлөкө түшкөнүн, мындай абал 2-5 жылдан кийин да уланарын кошумчалады. “Компаниянын 233 млн доллар накталай акчасы бар болгону менен, биз олку-солку абалда калдык”, - деп айтты башкы директор.
Несис ошондой эле алар көнгөн Британия, Германия жана Франция жабдуулар менен камсыздоодон баш тарткан шартта кытайлык материалдарды пайдаланууга аргасыз экенин, бул дагы аларга ыңгайсыз болуп жатканын белгилейт.
Polymetal Казакстанда казылган баалуу металлдарды Орусиядагы Амурск кайра иштетүүчү заводго жөнөтүп турат. Гезит жазгандай, бул маршруттан кол жууп, чийки затты Кытайга жиберүүгө туура келсе, анда компаниянын кирешеси кыйла азаймакчы.
АКШнын Финансы министрлиги Polymetal саткан орусиялык активдерге санкция салганы менен белгилүү бир шарттарды аткарса, казакстандык ишкана чийки затты Амурсктагы заводго жөнөтө алат деген кепилдик берген.
Макалада андан ары айтылгандай, компания башка жерлерден каражат алууга аракеттенүүдө. Бирок Несис инвесторлор орусиялык компаниялардын айынан чыгашага учурагандан кийин Борбор Азиядагы алтын өндүрүүчүлөр алар үчүн мурдагыдай жагымдуу болбой калышы ыктымал деп эскертет.
Германия оогандарды Ташкент аркылуу депортациялоону каалайт
Bloomberg агенттиги 16-июнда өз булактарына таянып жазганына караганда, Германия Өзбекстан менен миграциялык келишимдин үстүнөн иштеп жатат. Ага ылайык, Берлин талибдер менен тикелей макулдашуу түзбөш үчүн башпаанек сураган оогандыктарды Өзбекстан аркылуу депортациялашы ыктымал.
Германияда келгиндердин катышуусу менен бир нече кол салуу болуп, оңчул популисттер баш көтөрүп жаткан маалда канцлер Олаф Шолц катаң миграциялык саясат жүргүзөрүн билдирди. Анын алкагында мыйзам бузган оогандык жана сириялык мигранттарды артка кайтаруу каралган.
Канцлер Ооганстанга чектеш өлкөлөр менен конкреттүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын 6-июнда парламентте айткан.
Агенттик маалымдагандай, ички иштер министри Нэнси Фаезер тиешелүү сүйлөшүү жүргүзүү үчүн майдын аягында Ташкентке расмий делегация жөнөткөн. Немис тараптын сунушуна ылайык, өзбек өкмөтү Германия башпаанек арызын четке каккан оогандардын белгилүү бир сандагы тобун кабыл алат, андан кийин аларды менчик авиакомпания менен Кабулга жибермекчи.
Ташкент миграциялык келишимге өзбекстандык кесипкөй жумушчулардын Германияга мыйзамдуу миграциясы каралган шартты камтууну көздөйт.
Bloomberg оогандардын депортациясына байланышкан сүйлөшүүлөр тууралуу Der Spiegel журналы жана DPA агенттиги кабарлаганын, немис Ички иштер министрлигинин өкүлү комментарий берүүдөн баш тартканын белгилейт.
“Талибан” 2021-жылдын августунда бийликке кайтып келгенден кийин Берлин оогандардын депортациясын токтоткон.