Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

"Жараткан өзү тандаган". Моди дагы бир жолу Неру-Ганди династиясын жеңди


Премьер-министр Модинин партиясын колдогондор. Индия, 31-май 2024-жыл
Премьер-министр Модинин партиясын колдогондор. Индия, 31-май 2024-жыл

Дүйнөнүн эң көп калктуу өлкөсү, эң ири демократиясы болгон Индияда шайлоонун алгачкы жыйынтыгына ылайык, премьер-министр Нарендра Модинин партиясы парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүк орундарды алды. Шайлоо өнөктүгү 19-апрелде башталган.

Бул жолку шайлоону Индиянын тарыхындагы эң маанилүү өнөктүк деп аташууда. Эми Моди үчүнчү мөөнөткө бийликти сактап калган Жавахарлал Нерудан кийинки индиялык экинчи лидер болуп калмакчы.

Бийликтеги партия күтүлгөндөн аз добуш алды

Бул күндөрү Индия адаттан тыш аптаптан жабыркап келатат. Жети жумага созулган жалпы шайлоонун кезектеги айлампасында миллиондогон индиялык 42 градуска чейин жеткен ысыкта добуш берип жатышты.

Кабарчылар сөзгө тарткан шайлоочулар өз тандоосун аныктаганда кымбатчылык менен жумушсуздукту эске алышарын айтып жатышты.

Шайлоо тилкеси. Варанази, Индия. 1-июнь, 2024-жыл
Шайлоо тилкеси. Варанази, Индия. 1-июнь, 2024-жыл

Экзит-поллдор жана шайлоого чейинки сурамжылоолор Модинин "Бхаратия Жаната" партиясы кирген “Улуттук демократиялык альянс” мындан көп добуш аларын көргөзүп келген. Натыйжада саясий альянс 290 орун жеңди.

Индиянын Улуттук Конгресси башында турган оппозициядагы блок 228 мандатка ээ болду. Социалдык изилдөөлөр аларга тескерисинче азыраак орун тийе турганын болжолдоп келген.

«Мен калкты жумуш менен камсыздоо, аялдардын коопсуздугун тандап бизге колдоо көргөзгөн жаштарыбызга, аялдарга ыраазычылыгымды айтам. Өлкөдө бир топ көйгөйлөр бар, эл Модинин өкмөтүнө каршы, себеби алар үчүн индуисттер менен мусулмандардын гана маселелери бар. Мен жаштар менен аял-шайлоочуларды куттуктайм», - деп айтты Улуттук Конгресстин активисти Хушбоо Шарма.

Калкынын саны дээрлик бир жарым миллиардга жеткен өлкөдө шайлоо укугуна 970 миллион киши ээ. Бул – дүйнө калкынын 10% ашат. Мынча көп кишинин добуш берүүсүн уюштуруу үчүн өнөктүк жети айлампа менен жүрдү. Индиялыктар алдыдагы беш жылга парламенттин төмөнкү палатасынын 543 депутатын шайлашты.

Сурамжылоолор өкмөт башчы Нарендра Модинин улутчул “Бхаратия Жаната” партиясы жеңерин көрсөтүп келди.

Биз күтүлгөндөй көп мандат алууга жетишкен жокпуз. Бирок ушунча эл добуш бергенине кубанып турабыз. Кемчиликтер бар болсо, лидерлерибиз жана партиянын мүчөлөрү аларды чечүүгө аракет кылышат, - деген ою менен бөлүштү "Бхаратия Жаната" партиясынын колдоочусу Сатиш Кумар.

Модинин популисттик убадалары

Моди 2014-жылы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, коррупция менен күрөшүү убадалары менен биринчи жолу премьерликке келген. Ошондон бери дин менен саясатты айкалыштырып, мындай формула калың элдин колдоосун тапкан.

Нарендра Моди. Дел. 14-апрель, 2024-жыл
Нарендра Моди. Дел. 14-апрель, 2024-жыл

73 жаштагы саясатчы партияда бир адамдын керт башына сыйынууну орноткон. Шайлоо өнөктүгү учурунда айрым тарапташтары премьер Индияны дагы 50 жыл башкарышы керек деп айтса, кээ бирлери аны ыйык адам деп санашат. Моди атүгүл аны жараткан өзү тандаганын, жол көрсөткөнүн айтканы бар.

Индиялыктар өкмөт башчынын бийликтеги 10 жылы өлкөнүн тарыхында салмактуу из калтырганынан күмөн санабайт. Кээ бирлер өлкөнүн экономикалык, технологиялык жетишкендиктери, натыйжалуу башкаруу катардагы элге пайда алып келгенин, саясий элиталардан кутулуп, индустардын дөөлөтүн кайтарып жатканын айтышат.

Муну менен катар Индия демократиядан чегинип, авторитаризимдин өскөнүн, байлар менен жакырлардын ортосундагы ажырымды, маалымат каражаттарын, жарандык коомду чектөө, исламофобиянын отуна май тамызуу, азчылыктарды, биринчи кезекте мусулмандарды куугунтуктоо аракеттерин белгилегендер көп.

Премьер жакыр катмарларга кайрымдуулук, бекер медициналык тейлөө, калкты ажаткана, үй кожойкелерин тамак бышырган газ баллондору менен камсыздоо менен жардам берерин убада кылып келди.

Кыргызстандык тарыхчы Алмаз Кулматов Модинин шайлоо алдындагы популисттик билдирүүлөрүнө көңүл бурат:

"Өкмөт башчынын өз каналы бар экен, күнүгө чыгып сүйлөйт экен. Албетте анын убадаларын популисттик деп бааласа болот. Мисалы жакырчылыктын чети да оюла элек. Ар бир кожойкеге акча бөлүп берем деген, ал миллиондогон рупий болуп калат. Бул убадасы да сөз бойдон калчудай. Ушунча калкка улуттук экономикасынын кирешеси жетпейт да".

Бирок биринчи айлампаларда эл аз катышканы белгилүү болгондон кийин Моди Улуттук Конгрессти добуш алуу үчүн мусулман азчылыктын каалаганын кылууга даяр деп сындооого киришти.

Өлкө калкынын 80% индуисттер, 14% жакынын мусулмандар түзөт.

Айрым эксперттер премьер оппозицияга каршы келишкис жана ыплас кампания жүргүзүп келгенин айтышат. Алардын бири, саясат таануучу Рашид Кидваинин айтымында:

"Шайлоо башталганда Моди озуп чыккан бир аттын жарышындай сезилген. Эми жылыш байкалып жатат. Оппозиция күтүлгөндөн жакшы ийгиликке жетишүүдө. Сыягы, Моди эмне кыларын билбей калды. Ошон үчүн өзүнөр көргөндөй, шайлоочуларды бөлүп-жаруу үчүн ал мусулмандарга каршы риторикасын күчөттү".

Кидваи оппозиция өз кампаниясында жумушсуздук өңдүү социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл бурганын белгилейт.

Тарыхый саясий династиянын утулушу

Нарендра Моди бийликке 2014-жылы келгенде Конгресс партиясынын дээрлик 55 жылдык үстөмдүгүнө чекит койгон.

Оппозициянын лидери 53 жаштагы Рахул Ганди Неру-Ганди династиясынын өкүлү. Ал үй-бүлөдөн Индиянын алгачкы өкмөт башчысы Жавахарлал Нерудан тышкары дагы эки премьер – Индира Ганди жана Ражив Ганди чыккан. Экөө тең киши колдуу болуп өлгөн. Алардан тышкары партиянын дагы эки лидери Лал Бахадур Шастри менен Нарасимха Рао өкмөттү жетектеген. Дал ушул саясий партия Индияны көз карандысыздыкка алып келген, 1991-жылы баштаган экономикалык реформалардын аркасы менен өлкө экономикалык өсүш темпи жагынан дүйнөлүк лидерлердин катарына кошулду.

Рахул Ганди энеси Соня Ганди менен. Дели, 25-май, 2024-жыл
Рахул Ганди энеси Соня Ганди менен. Дели, 25-май, 2024-жыл

Былтыр мартта Рахул Гандиге 2019-жылкы окуяга байланыштуу айып тагылган. “Бхаратия Жаната” партиясынын депутаты аны Модиге жана аттары уйкаш башка адамдарга акаарат келтирген комментарий үчүн сотко берген. Мындан улам саясатчы парламенттеги мандатынан ажырап, эки жылга кесилген. Бирок кийин күрөөгө бошотулган.

2023-жылы Индиянын Жогорку Соту Гандинин өкүмүн ишке ашырууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алып, ага парламентке кайтууга жана шайлоого катышууга уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG