Бул тууралуу Еврокомиссиянын тышкы саясий мекемесинин басма сөз катчысы Питер Стано “Азаттыкка” курган маегинде айтты.
- Еврошаркет менен Кыргызстан кол койгон келишимдин маанисине токтоло кетесизби?
- Өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү келишими Кыргызстан үчүн да, Европа Биримдиги үчүн да маанилүү. Кыргызстан менен шаркеттин өнөктөштүгү жана кызматташтыгы 30 жылдан бери уланып келет. Биз дайыма алака-катыштан эки тарап тең пайда тапсын деп келебиз. 1999-жылы кол койгон өнөктөштүк келишими ортодогу кызматташтыкка пайдубал болуп берген. Арадан 25 жыл өткөндөн кийин биз ошол келишимди жаңыладык жана кеңейттик. Бул Кыргызстан менен биримдик эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, биргелешип иш алып барган тармактарды кеңейтүү тууралуу макулдашканыбызды билдирет.
- Ушул документтин алкагында Кыргызстан адам укуктары, жарандык эркиндиктер же мыйзам үстөмдүгү чөйрөсүндө өзүнө кандайдыр бир милдеттенмелерди алабы?
- Мындай келишимдерде кеп милдеттенмелер эмес, ниет, ыклас тууралуу жүрөт. Тараптар экөөнө тең пайда алып келе турган кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайт. Демек, эки тараптагы эл тең анын үзүрүн көрөт.
Биз да, Кыргызстан да сооданы, изилдөөлөр, инновация жана инвестициялар тармагындагы байланыштарды өөрчүтүүдөн пайда табабыз. Бул гана эмес, документте жарандык коом чөйрөсүндөгү байланыштарды күчөтүү, жарандык коомдун өлкөнүн экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүсүндөгү ролу тууралуу кеп болот. Албетте келишимге тараптардын эл аралык укуктун принциптери жана нормалары, адам укуктарын жана эркиндиктерди сактоо алдында алган милдеттенмелери камтылган.
Биз Кыргызстан менен адам укуктарын, негизги эркиндиктерди коргоону мындан ары күчөтүүнү, жарандык коом менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантабыз. Себеби, бул – ачык демократиялык коомдун, биздин принциптердин маанилүү бөлүгү.
Үчүнчү өлкөлөр менен кандай гана келишим түзбөйлү, андай принциптер сөзсүз эске алынат.
Биз адам укуктарын, негизги эркиндиктерди коргоону күчөтүү жана жарандык коом чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жаатында эки тараптын тең кызыкчылыктарына төп келген маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычтабыз.
- Буга чейин Борбор Азиядан кайсы өлкө ушундай клеишимге кол койгон?
- Кыргызстан Еврошаркет менен Өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү келишимине кол койгон экинчи борбор азиялык өнөктөшүбүз болуп калды. Биринчи болуп Казакстан кол койгон.
- Президент Садыр Жапаровдун Брюсселге болгон сапарын сөз кылсак. Европа Биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларда адам укуктары, медианын эркиндиги, мыйзам үстөмдүгү маселелери козголдубу?
- Кеп болгон келишимде белгиленгендей, биз үчүн адам укуктарын жана негизги эркиндиктерди коргоо абдан маанилүү. Бул – биздин баалуулуктарыбыздын, принциптерибиздин маанилүү бөлүгү, биз муну зарыл учурда дайыма айтып келебиз. Өнөктөштөрүбүз ошол принциптер биримдик үчүн канчалык маанилүү экенин жакшы билет.
Адам укуктары жана фундаменталдуу эркиндиктер универсалдуу түшүнүктөр деп ишенебиз. Ар бир адам баласы ошол эркиндиктерге укуктуу. Бул принциптер кыргыз бийлигинин саясий милдеттенмелеринин бир бөлүгүн түзөрүнө ишенем. Себеби, өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү, уюмдун Адам укуктары бонча хартиясы бар.
Албетте тигил же бул өлкөнүн фундаменталдуу укуктарды жана эркиндиктерди жактоосу биз үчүн абдан маанилүү. Бул – Еврошаркеттин ар бир өнөктөшүнө тиешелүү принциби. Бул чөйрөдө кандайдыр бир тынчсыздануу же камтама пайда болсо, биз маселени өнөктөш менен талкуулайбыз. Эмне дегенде биздин пикирде, өнөктөштүктүн платформасында биз өз ара кызыкчылыкты түзгөн маселелерди гана эмес тигил же бул тараптын кабатырлануусун жараткан суроолорду талкуулашыбыз керек.
Жакшы өнөктөштүк түзүлгөндө тараптар бардык маселелерди ачык-айкын талкуулоого мүмкүнчүлүк алат. Кызматташтыкты улантуу үчүн көйгөйлөрдү биргелешип жөнгө салуу жолдорун издешет. Кыргызстан менен түзүлгөн келишим мен жогоруда айткандай, бизнес, инвесторлого жагымдуу шарт түзүүнү гана эмес орток принциптерге, кызыкчылыктарга жана баалулуктарга негизделген эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүнү көздөйт. Буга адам укуктарын, негизги эркиндиктерди урматтоо жана коргоо чөйрөсү да кирет.
- Эмне себептен келишим 25 жылдан кийин гана жаңыланып отурат?
- Мен муну эволюция деп атайт элем. Өнөктөштүк жкшы иштеп жатса да, убакыт өткөн сайын жаңы реалдуулуктар пайда болот.
Борбор Азияны алсак, ал жакта жаңы геосаясий реалдуулуктарга күбө болуудабыз. Мисалы, экономиканын өнүккөнүн, кара майды колдонуудагы өзгөрүүлөрдү көрүп келатабыз. Мындан 20 жыл мурун "жашыл" технологияларга, инновацияларга азыркыдай көп инвестиция салынчу эмес, бул тармак кызыктырчу эмес. Бүгүн болсо ушул маселелер көңүл чордонуна чыкты.