Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Мекке: Ажылыкты тооруган тобокелдик


Ал-Нур тоосунда эс алып жаткан зыяратчылар
Ал-Нур тоосунда эс алып жаткан зыяратчылар

Сауд Арабиясында ажылык учурунда 560тан ашуун киши ысыктан каза тапканы кабарланды. Маалыматтарга караганда, маркумдардын көбү египеттиктер. 2,5 миңден ашуун зыяратчы ооруканага түштү. Жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок.

Окумуштуулар аптаптан ушунча кишинин каза болушун болочокто ажылык тобокелдик менен коштолушу мүмкүн деген ишарат деп чечмелешет.

Сауд Арабиясынын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына караганда, 17-июнда Меккеде абанын температурасы дээрлик 52 градуска жетти. Кийин бир аз ылдыйлап, 47 градус болгону менен бул мезгилде түнкүсүн да 40тан чанда төмөндөйт. Анын үстүнө ыйык жайлардын айланасында көлөкөлүү жерлер аз.

Меккеде аптаптан 500дөн ашуун зыяратчы көз жумду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:45 0:00

Сауд Арабиясынын Саламаттыкты сактоо министрлиги зыяратчыларга суу ичип туруу, кол чатырларды алып жүрүү кеңешин берген.

Аптаптан каза болгондордун так саны белгисиз. "Рейтер" агенттиги дипломаттарга шилтеме кылып 562 киши өлгөнүн, алардын 300дөн ашыгы египеттиктер экенин жазды. Ал өлкөдөн келген дагы 118 кишинин дайыны жок болуп жатат.

Египеттин Тышкы иштер министрлиги мекендештерин табуу үчүн падышалыктын бийлиги менен кызматташып жатканын билдирди.

Курмандыктардын арасында Тунис, Иордания, Иран, Индонезия, Сенегалдын жарандары бар.

2 миң 700дөй зыяратчы күн өтүп, медициналык жардамга кайрылган.

Кыргызстандын муфтияты өлкө жарандары жабыркабаганын билдирди.

Күбөлөр Мина өрөөнү жанындагы жолдордо ак шейшеп жаап коюшкан сөөктөрдү көрүшкөнүн айтып беришкен.

Бирок Сауд Арабиясынын бийлиги эки миңден ашуун кишиге жардам көргөзүлгөнүн айтып, адаттан тыш ысыктан зыяратчылар өлгөнүн четке какты.

Ажылык учурунда өрттөн, башка кырсыктардан же тебелендиде калып каза тапкандар көп эле болуп келет.

2015-жылы сентябрда Меккенин жанындагы Мина өрөөнүндө «шайтанга тыш ыргытуу» жөрөлгөсү учурунда тебелендиде эки миңден көп зыяратчы набыт болгон. Көптөгөнү жараат алган.

Меккенин жанында болгон трагедияда каза тапкандардын сөөктөрү. 24-сентябрь 2015-жыл
Меккенин жанында болгон трагедияда каза тапкандардын сөөктөрү. 24-сентябрь 2015-жыл

1990-жылы 45 градус ысыкта беш миңден ашуун киши чатыр шаарчасын Мекке менен байланыштырган жер астындагы туннелге бет алганда тебелендиде калып бир жарым миңдей мусулман дүйнө менен кош айтышкан.

Мусулмандардын ыйык жайларына баргандардын көбү жашы өйдөлөп калгандар, аларга күч келет, абаны муздатып турган жабдыктар жетишсиз.

Анын үстүнө жакыр мамлекеттерден баргандар медициналык текшерүүдөн өтпөй, саламаттыгы начар зыяратчылар көп болот.

2016-жылы падышалыктын бийлиги аптаптын кесепетин азайтуу максатында күндөн коргогон тилкелерди, 500 метр сайын таза суу крандарын орноткон, медициналык тейлөөнү жакшыртуу аракетин көрүүдө. Зыяратчыларга саат 11ден 15ке чейин сыртка чыкпоо кеңеши берилет.

Климатты изилдеген окумуштуу Фахад Саиддин пикиринде, ысык аба ырайынан ушунча киши каза болгону болочокто ажылык тобокелдик менен коштолушу мүмкүн деген ишарат берет:

“Биз даярданууга, ыңгайлашууга, түрдүү варианттарды иштеп чыгууга тийишпиз. Кылымдардан бери келаткан жөрөлгөлөр менен компромисске келүү зарылдыгын түшүнүү керек. Бирок баары бир биринчи орунда адам өмүрү турат. Ошол эле маалда планетанын 1,8 градуска ысышын токтотуу үчүн климаттагы өзгөрүүлөргө каршы аракет көрүлүүгө тийиш. Же болбосо зыяратчыларды өлүм тобокелдигине такаган болобуз”.

Сауд Арабиясы Түндүк жарым шарынын калган жерлерине караганда 50% көбүрөк ысыйт. 2010-2019-жылдары абанын табы рекорддук чекке көтөрүлгөн, адаттан тыш аптап барган сайын көп катталууда. Жогору нымдуулукту эске алганда, ысыкты көтөрүү ал жерде өтө кыйын.

Environmental Research Letters жарыялаган 2021-жылкы изилдөөгө ылайык, абанын глобалдык температурасы индустриалдык доорго чейинкиден 2,7 градуска ашса, ажылык учурунда ысыктан каза тапкандардын саны беш эсе өсүшү мүмкүн.

Бирок адистер ислам дининдеги негизги беш парздын бирин аткарууга дилгир мусулмандар азайбай турганын айтышат.

Сауд Арабиядагы ыйык жайларга зыярат кылган эки миллиондой мусулман 19-июнда жөрөлгөлөрүн аяктады. Ажылык 14-июнда башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG