12-июнда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) уруштун алгачкы баскычында эки тарап тең согуш кылмыштарына барган деген бүтүм чыгарды. Израил мындай дооматты четке какса, Кошмо Штаттар менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу комментарий берген жок.
ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин Саламаттык сактоо министрлиги согуш жүрүп жаткан 8,5 айда анклавда 37 миңден ашуун киши каза тапканын, 85 миңден көбү жарадар болгонун маалымдады.
Улуттар Уюму ал мекеменин сандарына ишенсе болорун, курмандыктардын көбү аялдар менен балдар экенин билдирген.
Гуманитардык апаат тооруган анклавдын 2,3 миллион калкынын 85 процентине жакыны уруштан улам жер которууга мажбур болгон.
Израил 7-октябрдагы кол салуудан кийин ХАМАС тобуна каршы согуш баштаганда тилкедеги элге Газанын түндүгүнөн түштүк тарапка жылуу көрсөтмөсүн берген. Аскердик операция анклавдын борборунда уланганда да түштүккө кетүү керектиги айтылган.
Ошентип отуруп миллиондон ашуун киши Рафахтагы алакандай чөлкөмгө агылган.
ХАМАС Израилге кол салганда 1200 киши набыт болуп, 250дөн ашуун кишини жоочулар барымтага алган. Ошондон бери 100 чактысы бошотулду, бир нечеси өлдү.
Июндун башында Нусейрат качкындар лагеринде төрт киши барымтадан куткарылган. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги куткаруу операциясы маалында 274 киши, арасында балдар менен аялдар каза болгонун билдирген.
12-июнда Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңсесинин өкүлү Жереми Лоренс барымтадагыларды бошотуу операциясы ушунча кишинин өлүмү менен коштолгонун сындап, израилдик аскерлердин мындай аракеттерин согуш кылмышына теңесе болорун айткан.
Ошол эле маалда дипломат эл жыш жашаган райондо барымтага алынган кишилерди кармоону да согуш кылмышы катары баалоо мүмкүн экенин белгилеген.
Израилдин армиясы – ЦАХАЛ карапайым эл арасындагы жоготууларды мүмкүн болушунча азайтууга аракет көргөнүн, согушкерлер аларды тирүү калкан катары колдонгонун айтууда.
Эмне үчүн согуш создугуп жатат?
Британияда жашаган аскердик эксперт Хоссейн Ариен Израил ХАМАСты толугу мене жок кылмайынча операциясын улантарын белгиледи:
"Согуш түрдүү баскычатардан өттү. Ушу тапта Израилдин операциясынын чордонунда Газанын түштүгүндөгү, Египет менен чек арадагы Рафах аймагы болуп келатат. Израил аны ХАМАСка каршы согуштун акыркы этабы деп атоодо. Алар согушкерлерди толук талкалап, жок кылып, Газаны өз көзөмөлүнө алуу же тилкени башкарууга катышууну көздөп жатат. Израил өз коопсуздугун камсыздап, Газада мындан ары ХАМАСтай болгон уюмдун же куралдуу топтун пайда болушун алдын алуу максатын койгон.
Израил азыр бул максатына жете элек, "хамасчыларды" жеңе алды деп айтууга болбойт. Радикал топ ЦАХАЛга сокку уруп, алардын чабуулдарынын мизин кайтарып келатат. Кечээ жакында эле израилдик бир нече аскер окко учту.
Парламенттин мурдагы депутаты Смотрич же улуттук коопсуздук министри Бен Гвир өңдүү ашынган оңчул саясатчылар катаң позицияны ээлешет. Алар кризисти чечүү үчүн кандай жолдорду сунуш кылганын уксаңар, ашынган оңчул идеяларды жакташарын баамдаса болот. Эми ошол адамдар Израилдин өкмөтүндө үстөмдүк кылат. Премьер Нетаньяху кыйын абалга кептелди. Себеби ал жетектеген өкмөт туруктуу эмес, олку-солкуларды башынан кечирип келатат. Министрлер кабинетин ыдырап кетүүдөн сактап калуу, өзүнүн бийликте калышын камсыздоо үчүн Нетаньяху ошол ашынган оңчулдар менен кызматташууга тийиш. Маселе мына ушунда”.
Ушул эле суроону Бишкек мамлекеттик университетинин профессору Валимжан Таңырыковго узаттык.
"Израилдин премьер-министри Нетаньяху жана өкмөтү ХАМАСты түбү менен, биринчи кезете жетекчилерин жок кылыш керек деген максат койгон. Ошондон кийин гана сүйлөшүүлөр болуп, тынчтык орношу мүмкүн деп айтып келет. Ал эми ХАМАС дагы өз алдынча кубатуу уюм. Каршылык көрсөтүп, израилдик аскерлер да каза болууда. Израилди АКШ колдоп жүрөт, курал-жарак, акча бергенин билебиз. Бирок карапайым газалыктар жабыркабасын деп президент Жо Байден өзү да катуу эскерткен. Израил аны укпай эле согушту улантып, тилкени талкалап жатат. Кан төгүүнү токтотуу үчүн күчтүү, Израилге таасир эте турган мамлекеттер өз сунуштары менен чыгышы керек. Экинчи жагынан араб мамлекеттери кайдыгер карап жатышат. Биз ислам динин тутабыз, бир тууганбыз деп айтышканы менен араб мамлекеттери арасында ынтымак, биримдик жок", - деди ал.
Эки мамлекет түзүү принцибин ишке ашыруу мүмкүнбү?
7-октябрда Израил 50 жылдан бери биринчи жолу согуштук абал киргизген. ХАМАС радикал тобун түп-тамыры менен жок кылуу максатын израилдиктердин көбү колдогону менен, ага жетүү жолдору, Газанын согуштан кийинки тагдыры, эң негизгиси, барымтадагылардын бошотулбай жатканы өлкө ичинде көптөгөн талаш-тартыш, нааразылык жаратып келатат. Айрым аналитиктер Израил өкмөтү ири кризиске кептелгенин айтышат.
АКШ, Катар, Египеттин жана башка өлкөлөрдүн арачылыгы менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай, Улуттар Уюмунун резолюциялары, гуманитардык топтордун эскертүүлөрү көз жаздымда калууда.
Аналитиктер израил-палестин жаңжалынын таржымалы Израил мамлекети пайда болгон 1948-жылга чейинки доорго - Осмон империясына, британ оторчулугуна барып такаларын белгилешет. Мындай татаал жана терең кризисти жөнгө салуу да оңой эмес. Газадагы согуш тутангандан бери "эки элге эки мамлекет" концепциясын жандандыруу чакырыктары көбөйдү.
Тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпай жаткан кезде согушка кантип чекит коюш керек? Эки мамлекет түзүү принцибин ишке ашыруу мүмкүнбү?
Валимжан Таңырыковдун пикиринде, Израил палестин мамлекетинин пайда болушуна жол бербеши мүмкүн:
"БУУнун 1947-жылкы резолюциясына ылайык, эки мамлекет түзүлүшү керек. Бирок Израил мамлекети пайда болуп, Палестина мамлекети түзүлбөй калган. Ошондон бери жаатташкан тараптар улам согушуп, жаңжалдар уланып келет. Азыр бул маселе козголуп жатат. Бирок Израил макул болобу? Эгерде палестин мамлекети түзүлсө, расмий түрдө таанылса, палестин эли, кыргызча айтканда, өз очогуна от жагып, мамлекетин чыңдап, экономикасын, маданиятын өнүктүрүп, элинин башын бириктиргенде ошондо тынчып калат деп айтышат. Бирок ошого жетеби? Менимче, Израил палестин мамлекетинин пайда болушуна көнбөйт.
Израил ХАМАСты түп-тамыры менен жок кылабыз дегени менен көптөгөн эксперттер аларды толугу менен талкалоо мүмкүн эмес деген пикирди карманышат. Себеби топтун жетекчилери Катарда отурат, сонун жашашат, аларга баары бир. Израил тилкеден кеткенден кийин кайра эле ХАМАСтын башкаруусу улана берет».
Ал эми Хоссейн Ариен Израил Газанын мындан аркы тагдырын элестете да албайт болуш керек, эң негизгиси жаңжалды саясий жактан жөнгө салуу зарыл деген ою менен бөлүшөт:
"Израилдин ХАМАСты толугу менен жок кылууга, согушкерлерди жеңүүгө кудурети жетеби? Газанын уруштан кийинки тагдыры кандай болот? Тилкени ким көзөмөлдөйт? Ал жерди калыбына келтирүү чыгымын ким көтөрөт? Ушул жөнөкөй эмес суроолорго азырынча так жооп ала элекпиз.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн аскердик маселелерди чечүү жетиштүү эмес. Согуш талаасында ХАМАСты жеңсе болот. Бирок кийин ошондой дагы бир топ, ХАМАСтын жаңы версиясы пайда болушу ыктымал. Палестиналыктар менен Израилдин ортосундагы көйгөйлөр саясий жол менен чечилмейинче майнап чыкпайт. Андай аракеттер ондогон жылдардан бери, Израил мамлекети түзүлгөндөн бери көрүлүп келатат.
Мындан тышкары чоң оюнчу - Израилге ар тараптан жардам берип, курал-жарак менен камсыздап, саясий жана дипломатиялык жактан колдогон Кошмо Штаттар Тел-Авив бийлигине, өзгөчө премьер-министр Нетаньяхуга согушту токтоттуруу үчүн кысым көрсөтүүдө. Бирок Нетаньяху көшөрүп Израил көздөгөнүнө жетмейинче чегинбесин, алдыга койгон максатынан тайбасын, мунасага барбай турганын айтып жатат.
Көптөгөн кишилер, саясатчылар, көптөгөн өлкөлөр, өзгөчө европалыктар Жакынкы Чыгыштагылар эки мамлекет концепциясы касташууга чекит коеруна үмүт артышат. Башкача айтканда палестиналыктардын өз алдынча мамлекетине ээ болушун жакташат. Бирок Нетаньяху өкмөтү жана анын курамындагы башка ашынган оңчул саясатчылар эки мамлекет концепциясына ишенбейт, аны жаңжалды чечүү жолу катары караштырбайт.
Муну менен катар Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жөөт конуштарын да унутпоо зарыл. Учурда 700 миңдей израилдик ал жерлерге жайгаштырылган. Америкалык кээ бир саясатчылар Изралди конуштарды кеңейтүүнү токтотууга чакырып келет. Бирок ашынган оңчулдар да, Нетаньяху дагы аны четке кагууда. Объективдүү болуш үчүн бардыгы Израилден жана саясатчыларынан, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Палестина автономиясынын бийлигинен көз каранды экенин айтыш керек. Алар эффективдүүлүгүн көрсөтө алган жок, паракорчулукка баткан. Ошол бийлик аракет көрүүгө, согушкан тараптарды кепке келтирүүгө, Израилге жанаша бейпил жашаган палестин мамлекетин түзүү багытында иш алып барууга тийиш".
Ошентип, ок атууну токтотуу боюнча мунаса табылбай жатат. Тогуз айга жакындаган согуштун аягы көрүнбөй турат. Ал арада бейкүнөө балдар менен аялдар өмүр менен кош айтышып, жоочулардын барымтасындагы адамдардын жакындары алардын аман кайтып келүүсүн тилешүүдө.