16-июнда аяктаган эки күндүк жыйынга Орусия чакырылган эмес, Кытай катышуудан баш тарткан. Айрым мамлекеттер Киевдин демилгеси менен өткөрүлгөн саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүн колдогон жок.
Жыйынтыктоочу документти катышуучулардын басымдуусу колдоду.
Рейтер кабар агенттигинин маалыматында, коммюникеге кол коюудан баш тарткан мамлекеттер арасында Сауд Арабиясы, Таиланд, Индия, Мексика, Түштүк Африка, Бириккен Араб Эмираттары бар.
Швейцариянын президенти Виола Амхерд жыйындан кийинки пресс-конференцияда катышуучулардын “басымдуу көпчүлүгү” жыйынтыктоочу документке макул болгону “дипломатиянын жардамы менен көп нерсеге жетишсе болорун көргөзгөнүн” билдирди.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен конференция “тынчтыкка карай жол” деп бекеринен аталбаганын, максатка бара-бара жетүү мүмкүн болорун белгиледи.
Бюргеншток курортундагы глобалдык саммитти жыйынтыктап жатып, украин президенти Владимир Зеленский Батыштын жана башка лидерлердин колдоосу эл аралык мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирсе болорун далилдегенин белгиледи:
“Мүмкүн болушунча тез арада жыйынтыкка жетебиз деп үмүттөнөм. Биз дүйнөгө Бириккен Улуттар Уюмунун Хартиясын натыйжалуу калыбына келтирсе болорун далилдейбиз”.
Жыйынтыктоочу документтин негизин өзөктүк жана азык-түлүк коопсуздугу, согуш туткундарын айырбаштоо өңдүү гуманитардык маселелер түзөт.
Украин президентинин администрация башчысынын орун басары Игорь Жовканын айтымында, эл аралык коомчулук дал ушул үч маселенин айланасында бириккендиктен, Киев ошолорго басым жасоону чечкен.
“Текст теңсалмактуу кылып түзүлгөнүн, Украинанын бардык принципиалдуу позициялары эске алынганын” жекшембиде украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирди:
“Албетте, бир күнү Орусия менен сүйлөшүүгө туура келерин түшүнөбүз. Бирок биздин позициябыз айдан ачык: Орусияга азыркыдай болуп биз менен ультиматум тилинде сүйлөшүүгө жол бербейбиз”.
"Согуш бүтүндөй дүйнөнү коркунучка кептеди"
Рейтер агенттигинин кабарчысы көргөн документте Орусиянын кол салуусу “согуш” деп сыпатталган.
Коммюникеде Орусиянын Украинага каршы согушу ири масштабдагы кыйроолорго жана азап чегүүлөргө алып келип, дүйнө региондорун көптөгөн тобокелдиктерге кептеп жатканы айтылат.
Саммиттин катышуучулары бардык мамлекеттердин, анын ичинде Украинанын эл аралык коомчулук тааныган чек аралардын алкагындагы аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин коргоо принциптерин жактай турганын билдиришти.
Муну менен катар лидерлер Запорожье АЭСинин Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) талаптарына жана агенттиктин көзөмөлүндө иш алып баруусун камсыздоо зарылдыгын белгилешти.
Документте соода жана жүргүнчү ташыган кемелерге сокку урулбашы керектиги, азык-түлүк коопсуздугун аскердик максатта колдонууга жол бербөө, согуш туткундарын бошотуу, депортацияланган же мыйзамсыз чыгарылып кеткен украиналык балдарды жана чоң кишилерди кайтаруу зарылдыгы айтылат.
15-июнда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак документ эмки саммитке чакырылган Орусиянын өкүлдөрүнө тапшырыларын айткан.
Швейцария жана Украина бул саммиттен кийин анын жыйынтыктарын бекемдөө үчүн дагы бир конференция уюштурууну көздөгөнүн билдиришкен.
Сауд Арабия ыктымал талапкерлердин алдыңкы саптарында аталууда. Падышалыктын тышкы иштер министри ханзада Файсал бин Фархан ал-Сауд анын өлкөсү тынтык процессине көмөкчү болууга даяр экенин билдирип, тынчтык орнотуу үчүн тараптарга “татаал компромисстерге” барууга туура келерин белгиледи.
Орусияны колдогон Кытай Швейцариядагы жыйынга баруудан баш тартып, андай иш-чараларга жаңжалдын эки тарабы тең катышууга тийиш экенин билдирген.
"Бир тарапта Путин деген агрессор, экинчи тарапта жапа чеккен украин эли турат"
Ишембиде, саммиттин биринчи күнүндө украин президенти Владимир Зеленский бийик деңгээлдеги жолугушууга дээрлик 100 мамлекет катышканын айтып, муну Киевге көргөзүлгөн колдоо катары баалаган.
Саммитке 50дөн көп өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары барды. Алар негизинен Еврошаркеттин мүчөлөрү, андан тышкары Латын Америкасы, Африка жана Азиянын өкүлдөрү.
Кыргызстан бул иш-чарага катышпай турганын билдирген.
Зеленский 24-майда борборазиялык журналисттерге берген брифингде саммитте чөлкөмдүн лидерлерин да көргүсү келгенин айткан. Борбор Азиянын калган мамлекеттеринин өкүлдөрү Швейцарияга барганы же барбаганы белгисиз.
Саммитте украин президенти буга чейин сунуш кылган тынчтык формуласы талкууланды. 10 пункттан турган документте орус аскерлерин 1991-жылкы чек ара сызыгына чыгарып кетүү, Украинанын аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү, аннексияланган Крымды кайтаруу, Киевге кенемте төлөө, Орусиянын кылмыштарын тергөө үчун трибунал түзүү каралган.
Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жаңжалды азыркы абалда калтыруу келечекте жаңы согуштарга алып келиши ыктымал деп билдирди.
Саясатчы Орусия баштаган агрессивдүү согуш дүйнөнүн чар тарабында сезилип жатканын, энергиянын, азык-түлүктүн баалары кескин өскөнүн белгилеп, сөз эл аралык коопсуздук, "чек аралардын бүтүндүгү жана бардык мамлекеттердин суверенитети тууралуу жүргөнүн" белгиледи.
Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида лидерлерди Украинада туруктуу, бекем тынчтык орнотуу үчүн биргелешип аракет көрүүгө чакырды. Өкмөт башчы ошондой эле согуштун жайылып кетүү коркунучун эскертти:
"Украинадагы жаңжал эртең Чыгыш Азияда кайталанышы мүмкүн деген кооптонуудан улам Жапония эки жылдан ашык убакыт мурда согуш тутанганда Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизген, андан бери Украинага колдоо көрсөтүп келатат".
Жыйын алдында Зеленский АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен сүйлөшүү өткөрдү.
Харрис Вашингтон Украинанын энергетика тармагын колдоого, катардагы элдин коопсузудугун, гуманитардык муктаждыктарын камсыздоого 1,5 млрд доллар бөлөрүн жарыялады.
"Украинаны, адилет жана туруктуу бейпилдикти колдоо үчүн Швейцарияга келдим. Бардыгыбыз чыдамсыздык менен тынчтыктын орношун күтүп, анын үстүнөн иштеп жатабыз. АКШ Украинаны калыбына келтирүүгө жардам берүүгө чечкиндүү жана бул максатта 1,5 миллиондон ашуун каражат бөлүп жатканыбызды кубануу менен жарыялайм. Акча Украинанын гуманитардык жана энергетикалык муктаждыктарына, украин элинин азап чегүүсүн жеңилдетүү үчүн берилүүдө".
Маалыматка караганда, 800 миллиондон ашуун доллар урушта талкаланган энергетикалык инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана энергетикалык жайларды коргоого жумшалмакчы.
Апта башында Зеленский орус армиясынын соккуларынан улам Украинада электр энергиясы эки эсе аз өндүрүлүп калганын айткан.
Дагы 330 миллионго жакыны качкындарга жана согуштан жабыркаган райондордогу муктаждыктарга багытталат.
Европанын өкүлдөрү Москваны "агрессор" деп мүнөздөп, орусиялык аскерлер украин аймагынан чыгарылганда гана тынчтык орнотууга жол ачыларын белгилешти.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчестин айтымында, "Бул жаңжалда бир нерсе айдан ачык. Бир тарапта Путин деген агрессор, экинчи тарапта жапа чеккен украин эли турат".
Ал эми Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили "Орусия башка мамлекеттердей эле чек арасы, кошуналары бар экенин түшүнүүгө тийиш. Эл аралык коомчулук, коопсуздуктун жаңы архитектурасы ири өлкөлөр, эң чоң өлкөлөр кошуналарын тааныганда, алардын аймактык бүтүндүгүн урматтаганда гана жашап кетет", - деп билдирди.
Финляндиянын президенти Александр Стубб журналисттердин алдында сүйлөгөндө Украинада тынчтык орнотууда Кытай чоң роль ойношу мүмкүн экенин билдирди. Финляндиялык Yle басылмасынын жазганына караганда, президент Бээжинди согушту токтоттуруу үчүн Путинге таасир этүүгө чакырды.
"Путиндин кабыл алынгыс демилгеси"
Стубб ошондой эле орус президентинин саммитке чейин сунуш кылган “тынчтык демилгесин” четке кагып, анын шарттарын Киев үчүн кабыл алынгыс деп атады.
Конференцияда сүйлөгөндө АКШнын вице-президенти Камала Харрис дагы Владимир Путиндин билдирүүсүн тынчтыкка жетишүү эмес “капитуляция сунушу” деп сыпаттады.
Путин чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Киевден аскерлерин Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан толук чыгарууну, НАТОго мүчө болуудан баш тартууну талап кылган.
Украина жана Батыш бул сунушту дароо четке кагышты.
Бир катар саясатчылар, анын ичинде Швейцариянын президенти Виола Амхред, Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусия мындан аркы сүйлөшүүлөргө камтылууга тийиш деген пикирлерин билдиришти.
Ал эми Түркиянын башкы дипломаты Хакан Фидан Путиндин шарттарын "үмүт тартуулаган маанилүү кадам" деп атап, конференцияга Орусия катышса жакшы болмок деп кошумчалады.
Москва анын катышуусуз өткөн иш-чарадан майнап чыкпасын, чакырылган күндө да аны четке кагарын билдирген.
Кремлдин басма сөз өкүлү Дмитрий Песков саммити комментарийлеп, Орусия анын катышуучуларына эч кандай кайрылуу жасабай турганын айтты.
“Эмки жолу мындан маңыздуу жана натыйжалуу иш-чарага чогулууну каалайбыз”, - деп кошумчалады Песков.
Бул конференциянын алдында “Чоң жетинин” (G7) мүчөлөрү Италиядагы саммитте Орусия Украинага кеминде 486 миллиард доллар кенемте төлөп бериши керектигин жарыялашкан.